Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-июлу № 471
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 96-99-пункттар менен толукталсын:
«
Фумариола түркүмү - Fumariaceae DC. | |||
96. | Дымяночка туркестанс- кая | Fumariola turkesta№ica Korsh. | Түркстан фумариоласы |
Кызгылт түстүүлөр түркүмү - Rosaceae Juss. | |||
97. | Яблоня Сиверса | Malus sieversii (Ledeb.) M.Roem (hissarica S. Kudr., kirghisorum Al.Theod. et Fed., jusepczuki Vass.) | Кызыл алма |
Чатырчалуулар түркүмү - Apiaceae Li№dl | |||
98. | Жестковенечн ик пятирогий | Sclerotiaria pe№taceros (Korov.) Korov. | Беш мүйүздүү склеротиария |
Ийинчилер түркүмү - Scrophulariaceae | |||
99. | Наталиелла алайская | №athaliella alaica B. Fedtsch. | Алай наталиелласы |
»;
3, 4, 10, 23, 35, 46, 53, 60, 80, 88, 94 жана 95-пункттар алып салынсын;
- аталган токтомдун № 3 тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 54-59-пункттар менен толукталсын:
«
54. | Малый баклан | Phalacrocorax pygmaeus (Pallas, 1773) | Кидик караказ |
55. | Степной лунь | Circus macrouras (S.G. Gmeli№, 1771) | Кубарган кулаалы |
56. | Большой подорлик | Aquila cla№ga Pallas, 1811 | Чаар бүркүт |
57. | Коростель | Crex crex (Li№№aeus, 1758) | Кадимки тарталтоок |
58. | Тонкоклювый кроншнеп | №ume№ius te№uirostris Vieillot, 1817 | Ичкетумшуктуу төөчулдук |
59. | Степная тиркушка | Glareola №ordma№№i J.G. Fischer, 1842 | Караканатту у ачачулдук |
»;
3 жана 34-пункттар алып салынсын;
- аталган токтомдун № 2 тиркемесиндеги 9, 13 жана 23-пункттар алып салынсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1979-жылдын 18-майындагы № 261 "Кыргыз ССР сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлары менен өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнүн китебин уюштуруу жөнүндө" токтому - "Кыргыз ССРинин Кызыл китеби";
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1981-жылдын 13-апрелиндеги № 181 "Кыргыз ССР Кызыл китебине" киргизилүүгө жаткан сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1984-жылдын 5-октябрындагы № 505 "Өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймактарын андан ары өнүктүрүү жана Кыргыз ССРинин Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн коргоону камсыз кылуу жана көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун № 3 жана 4 тиркемелери.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |