ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июлундагы №471 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170»Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө«токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция25.07.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 25-июлу № 471

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы 96-99-пункттар менен толукталсын:

«

Фумариола түркүмү - Fumariaceae DC.

96.

Дымяночка туркестанс- кая

Fumariola turkesta№ica Korsh.

Түркстан фумариоласы

Кызгылт түстүүлөр түркүмү - Rosaceae Juss.

97.

Яблоня Сиверса

Malus sieversii (Ledeb.) M.Roem (hissarica S. Kudr., kirghisorum Al.Theod. et Fed., jusepczuki Vass.)

Кызыл алма

Чатырчалуулар түркүмү - Apiaceae Li№dl

98.

Жестковенечн ик пятирогий

Sclerotiaria pe№taceros (Korov.) Korov.

Беш мүйүздүү склеротиария

Ийинчилер түркүмү - Scrophulariaceae

99.

Наталиелла алайская

№athaliella alaica B. Fedtsch.

Алай наталиелласы

»;

3, 4, 10, 23, 35, 46, 53, 60, 80, 88, 94 жана 95-пункттар алып салынсын;

- аталган токтомдун № 3 тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы 54-59-пункттар менен толукталсын:

«

54.

Малый баклан

Phalacrocorax pygmaeus (Pallas, 1773)

Кидик караказ

55.

Степной лунь

Circus macrouras (S.G. Gmeli№, 1771)

Кубарган кулаалы

56.

Большой подорлик

Aquila cla№ga Pallas, 1811

Чаар бүркүт

57.

Коростель

Crex crex (Li№№aeus, 1758)

Кадимки тарталтоок

58.

Тонкоклювый кроншнеп

№ume№ius te№uirostris Vieillot, 1817

Ичкетумшуктуу төөчулдук

59.

Степная тиркушка

Glareola №ordma№№i J.G. Fischer, 1842

Караканатту у ачачулдук

»;

3 жана 34-пункттар алып салынсын;

- аталган токтомдун № 2 тиркемесиндеги 9, 13 жана 23-пункттар алып салынсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1979-жылдын 18-майындагы № 261 "Кыргыз ССР сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлары менен өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнүн китебин уюштуруу жөнүндө" токтому - "Кыргыз ССРинин Кызыл китеби";

- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1981-жылдын 13-апрелиндеги № 181 "Кыргыз ССР Кызыл китебине" киргизилүүгө жаткан сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1984-жылдын 5-октябрындагы № 505 "Өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймактарын андан ары өнүктүрүү жана Кыргыз ССРинин Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн коргоону камсыз кылуу жана көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун № 3 жана 4 тиркемелери.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов