Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 196 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-июлу № 476
Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-октябрындагы №365 "Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Чакан гидроэлектростанциялдарды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу компетенциясына кирген тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар ушул Жобону бекем жетекчиликке алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |