Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 196 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы №476 токтому менен бекитилген |
Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябры № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Чакан гидроэлектростанцияларды куруу - гидроэнергетикалык
ресурстарды пайдалануунун эсеби, чакан гидроэлектростанцияларды
куруу үчүн материалдарды даярдоо
3. Чакан гидроэлектростанцияларды жана технологиялык кошуу үчүн
электр тармактарын долбоорлоо жана куруу
4. Чакан гидроэлектростанцияны электр тармактарына технологиялык
кошуу
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук энергия системасында чакан
гидроэлектростанциянын иштеши
6. Контролдоо жана сыноо
7. Керектөөчүлөргө чакан гидроэлектростанциялар берген электр
энергиясы үчүн эсептешүү
8. Мамлекеттик көзөмөл
9. Бул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1. Бул Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-октябрындагы N 365 "Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобо чакан гидроэлектостанцияларды куруу, электр тармактарына технологиялык кошуу укуктарына документтерди тариздөөнүн тартибин жана жол-жоболорун, ошондой эле курулушу бүткөн чакан гидроэлектростанцияларын пайдаланууга кабыл алуу тартибин жөнгө салат.
3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат жана электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу жаатында, анын ичинде иштеп чыгарылган электр энергиясын жеке максаттарга пайдалануу үчүн иш жүргүзүшкөн юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле чакан гидроэлектростанцияларды долбоорлоо же курууну жүргүзүшкөн долбоорлоо жана куруу уюмдары үчүн аткарылышы милдеттүү.
4. Бул Жобо менен жөнгө салынуучу чакан гидроэлектростанциялардын объекттерине башка Эрежелер, Куруу нормалары жана эреже (НжТЖ - нормативдик документтердин курулуштун бардык катышуучулары үчүн милдеттүү жыйнагы, 1981-жылдагы курулуш боюнча колдонуудагы нормативдик документтердин тизмеси) жана нормативдик техникалык документтер таркатылбайт.
2. Чакан гидроэлектростанцияларды куруу - гидроэнергетикалык ресурстарды пайдалануунун эсеби, чакан гидроэлектростанцияларды куруу үчүн материалдарды даярдоо
5. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги (мындан ары - энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган):
- чакан гидроэлектростанциялардын келечектүү курула турган жерлерин каттайт жана макулдашылган документтерде каралган шарттардын аткарылышын контролдойт;
- жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келээрки беш жылга курула турган тизмеге киргизилген чакан гидроэлектростанцияларды курууга тендер өткөрөт;
- объекттерди курууга жер участкаларын бөлүү, суу пайдалануу, чакан гидроэлектростанцияларды электр тармактарына сарамжалдуу кепилденген технологиялык кошуу жөнүндө маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт;
- жыл сайын келээрки беш жылга куруу пландаштырылган чакан гидроэлектростанциялардын тизмеси жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
3. Чакан гидроэлектростанцияларды жана технологиялык кошуу үчүн электр тармактарын долбоорлоо жана куруу
6. Чакан гидроэлектростанцияларды куруу укугунда тендер утуп алган жеке же юридикалык жак (мындан ары - документтин ээси) чакан гидроэлектростанциялардын кубаттуулугун берүү маселесин чечүү үчүн электр тармагынын ээсине жана энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр үчүн кайрылууга тийиш:
- электр тармактарында жүргүзүлүүчү иш-чараларын каржылоо жана чакан гидроэлектранциялардын кубаттуулугун берүү үчүн зарыл болгон технологиялык кошуу суммасына белгиленген тариф боюнча төлөө келишимин тариздөө;
- бөлүштүрүүчү түзүлүштүн, гидрогенераторлордун жана гидроагрегаттардын автоматика жана релелик коргоо түзүлүштөр менен жабдылышынын техникалык жана технологиялык талаптарын аныктоочу техникалык тапшырмаларды алуу.
7. Электр тармагынын ээси технологиялык кошулууга белгиленген тариф боюнча төлөм үчүн келишим түзүлгөндөн кийин он күндүк мөөнөттө Техникалык тапшырманы документтин ээсине берет.
Документтин ээсине электр тармагынын ээси тарабынан берилүүчү техникалык тапшырма чакан гидроэлектостанцияларын долбоорлоодо аткарылууга милдеттүү талаптардан турууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн, релелик коргоосунун жана автоматтын кошулуусун жабдуу боюнча талаптарды;
- гидроагрегаттар менен гидрогенераторлорду жыштыкты жана чыңалууну (агрегаттар үчүн гана бирдиктүү кубаттуулугу 500 кВт жана андан жогору) жөнгө салгыч орнотмолор менен жабдууну;
- Электр түзүлүштөрүн орнотуу эрежесинде жана башка нормативдик-техникалык документтерде каралган талаптардын көлөмүндө электр энергиясын эсептөөчү каражаттарга карата талаптарды;
- технологиялык байланыш каражаттарына карата талаптарды;
- токтун чукул туюкталуу деңгээлин жана чукул туюкталууну оңдоо убактысын;
- чакан гидроэлектростанцияларды электр тамактарына технологиялык кошуу үчүн электр тармагынын ээси аткарган электротехникалык жабдууну орнотуу үчүн бөлүштүрүүчү түзүлүштө орунду резервдөөнү аныктаган талаптарды;
- ээлик кылуучунун электр тармагына кошулуу жериндеги схеманы.
8. Чакан гидррэлектростанцияларды технологиялык кошууну аткаруу үчүн зарыл болгон электр тармактарын күчөтүү боюнча иш-чаралар технологиялык кошулуулар үчүн төлөмдөрдүн каражатынын эсебинен электр тармагынын ээси тарабынан аткарылат жана төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
- сунушталган кошулууну аткаруучу электр тармагын күчөтүү;
- кошулуунун тикелей аткарылышын болжолдогон электр тармагын колдонуу жеринде схемалык чечимдерди аткаруу;
- чакан гидроэлектростанциялардын бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүн жана электр берүү линияларын кошуу үчүн зарыл болгон бөлүштүрүүчү түзүлүштүн электротехникалык жабдууларын, релелик коргоочу жана автоматика түзүлүштөрүн, диспетчердик технологиялык башкаруу каражаттарын жана электр берүү линияларын сатып алуу;
- ушул кошулуу үчүн долбоорду аткаруу;
- курулуш-монтаждык жана жүргүзүү-жөнгө салуу иштерин аткаруу.
9. Документтин ээси жана электр тармагынын ээси чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана татаалдыгы жана жооптуулугу боюнча мындай долбоордук иштерди аткарууга лицензиясы бар уюмдар менен электр тармагынын комплексин куруу үчүн долбоорду аткарууга келишим түзүүгө милдеттүү.
10. Чакан гидроэлектростанцияларды электр тармактарына технологиялык кошуу үчүн чакан гидроэлектростанцияларды курууга жана электр тармактарынын комплексин курууга долбоорду аткаруу үчүн документтин ээси жана электр тармагынын ээси тарабынан тартылуучу долбоордук уюм энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр жөнүндө расмий билдирет:
- келишимге кол коюлган күндөн тартып беш күндүн ичинде - долбоорлоого келишим түзүү күнү жана долбоорлоо мөөнөтү жөнүндө;
- долбоордук иштер бүткөн күндөн тартып эки күндүн ичинде - долбоордук иштерди аткарууну бүткөн күн жана заказчыга долбоордук материалды берүү жөнүндө;
- чакан гидроэлектростанцияларды куруу мөөнөттөрү жөнүндө.
11. Документтин ээси жана электр тармагынын ээси чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана электр тармактарына энергетика жабдууларынын технологиялык кошуу үчүн электр тармактарынын комплексин куруу үчүн чакан гидроэлектростанцияларды же электр тармактарын курууга долбоордо каралган тиешелүү татаалдыктагы курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүү укугуна уюм менен, ал эми курулуш-монтаждык иштерди аткарууда көзөмөл жүргүзүүгө долбоордун автору менен келишим түзүүгө милдеттүү.
12. Чакан гидроэлектростанцияларды жана чакан гидроэлектрстанцияларды электр тармактарына технологиялык кошуу үчүн электр тармактарынын комплексин куруу боюнча иштерди аткаруу үчүн документтин ээси жана электр тармагынын ээси тарабынан тартылуучу курулуш уюму энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органга жана экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр жөнүндө кабарлайт:
- келишимге кол коюлган күндөн тартып беш күндүн ичинде - курууга документтин ээси менен келишим түзүү күнү жана чакан гидроэлектростанцияны жана электр тармактарынын комплексин куруу мөөнөттөрү жөнүндө;
- чакан гидроэлектростанцияны жана электр тармактарынын комплексин куруу бүткөн күндөн тартып эки күндүн ичинде курулуш бүткөн күн жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябры № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Бүткөрүлгөн курулуш жана пайдаланууга даяр чакан гидроэлектростанция, анын аттестацияланган ишке киргизүүчү персоналдар менен комплекттелгендигин же технологиялык кошуу үчүн электр тармагынын комплексин кошкондо, курулуш аяктаган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен документтин же электр тармагынын ээси тарабынан түзүлгөн комиссия өткөрүп алууга тийиш.
Бүткөн курулушту өткөрүп алуу боюнча комиссиянын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киришет:
- энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү;
- долбоордун автору же автордук көзөмөл жүргүзүүчү адам;
- чакан гидрооэлектростанция же электр тармагын куруу боюнча иштерди аткарган уюмдун жетекчиси;
- электр энергияны берүүнү жүргүзүүчү уюмдун өкүлү;
- чакан гидроэлектростанция кошулуучу электр тармагынын ээсинин өкүлү;
- жергиликтүү бийлик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү (курулушу бүткөн чакан гидроэлектростанцияны кабыл алууда гана).
14. Курулушу бүткөн чакан гидроэлектростанцияны жана технологиялык кошулуу үчүн электр тармагынын комплексин кабыл алуу документтин ээсине жана электр тармагынын ээсине - курулуштун заказчысына, төмөнкү материалдарды берүүгө, ал эми комиссияга текшерүүгө милдеттендирет:
- долбоорлоого техникалык тапшырманы;
- аткарылган иштерге ылайык долбоордук-техникалык жана аткаруу документтеринин болушун жана комплекттүүлүгүн;
- аткарылган иштердин долбоордук документтин талаптарына ылайык келишин;
- жабдууларды сыноо жана комплекстүү сыноодон өткөрүү протоколун;
- объект даярдалган, үйрөтүлгөн жана аттестацияланган персонал менен комплекттелишин;
- персоналдарды нормативдик укуктук актылар менен аныкталган көлөмдө атайын кийим жана бут кийим, коргоочу каражаттар менен камсыз болушун;
- жабдууларга шайкеш келүү сертификаттарын;
- жашыруун иштердин актыларын;
- темир-бетон конструкцияларына, темир конструкцияларынын ширетилген бириктирүүлөрүнө лабораториялык корутундуларын;
- автордук көзөмөл материалдарын.
Комиссия иштин жыйынтыгы боюнча Бүткөн курулушту өткөрүп алуу актысын тариздейт жана кол коет же олуттуу эскертүүлөр болгондо Акты жазат, анда жоюуга тийиш болгон эскертүүлөрдү көрсөтөт.
Эскертүүлөр жоюлгандан кийин заказчы комиссияны эскертүүлөрдү жоюуну текшерүү жана Бүткөн курулушту өткөрүп алуу актысын тариздөө үчүн кайрадан чакырат.
Бул Жобонун 11 жана 12-пункттарына ылайык түзүлгөн, комиссиянын мүчөлөрү кол койгон, эскертүүсүз технологиялык кошуу үчүн чакан гидроэлектростанциялардын же электр тармагынын комплексинин бүткөн курулушун кабыл алуу актысы энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан чакан гидроэлектростанциянын ээсине электр энергиясын өндүрүүгө жана сатууга лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат.
Комиссия төмөнкүдөй учурларда курулуштун жыйынтыгын карабайт, эгерде ишти аткаруу үчүн аткарылуучу ишке лицензиясы жок уюм же тиешелүү сертификаты жок персонал тартылса, ошондой эле курууда сертификациялоого тийиштүү материалдар жана жабдуулар колдонулса.
15. Лицензиясы бар, долбоорлонуучу чакан гидроэлектростанциянын татаалдыгы жана жооптуулугу боюнча шайкеш келген, уюмдар тарабынан аткарылган суунун агымын жылдык жөнгө салуу менен суу сактагычтарды куруу каралбаган долбоорлор экспертизага берилбейт.
16. Бүткөн курулушту кабыл алуу боюнча комиссиянын курамына документтин ээси жана электр тармагынын ээси тарабынан киргизилген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат.
4. Чакан гидроэлектростанцияны электр тармактарына технологиялык кошуу
17. Документтин ээси чакан гидроэлектростанцияны электр тармагына электр энергиясын берүү максатында кошууну аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- чакан гидроэлектростанцияны технологиялык кошуу боюнча иштерде каралган иштерди аткаруу чегинде электр тармагынын ээси тургузган Электр тармагын кабыл алуу актысын тариздөөгө;
- расмий суроо-талап жөнөтүүгө жана электр тармактарынын ээсинен релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрү үчүн "параметрлерди" алууга, аларды коюуга жана текшерүүгө. Жыйынтыгын ушул ишти жана текшерүүнү аткарган чакан гидроэлектростанциянын техникалык кызматынын же ушул ишке лицензиясы бар адистештирилген уюмдун персоналынын протоколу менен тариздөөгө;
- электр энергиясын берүүнү жүргүзүүчү уюм менен бирдикте Чакан гидроэлектростанциянын оперативдүү персоналынын жана электр тармагынын ээсинин оперативдүү персоналынын тиешелүү контрактын тиркемесинде белгиленген талаптардын көлөмүндө өз ара аракеттери жөнүндө типтүү жобону түзүүгө жана акыркы менен макулдашууга;
- электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун белгиленген каражаттарын тестирлөө үчүн адистердин келишине электр тармагынын ээсине расмий суроо-талап жиберүүгө.
Каттоого тийиш болгон коммерциялык эсепке алуунун каражаттары Электр түзүлүштөрүн орнотуу эрежесинин талаптарына жооп берүүчү мамлекеттик текшерүүнүн мөөнөттөрү менен пломбалары, ошондой эле жеке номери бар пломбасы болушу керек.
Каттоодон кийин клеммниктердин капкактары аларды кошуу үчүн электр тармактарынын ээсине тийиштүү болгон жеке номери бар пломба менен жана документтин ээсине таандык пломба менен пломбаланышы керек.
Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарын каттоонун жыйынтыктары эки нускадагы Протокол менен таризделет, ал электр тармагынын ээсинде жана документтин ээсинде сакталат.
Чакан гидроэлектростанциянын генераторлорунун электр тармагына кошулгандыгына электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарын кошумча текшерүүнүн зарылчылыгы электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарын текшерүүнү жүргүзгөн электр тармагынын ээсинин өкүлү тарабынан аныкталат жана төмөнкүлөр жөнүндө Протоколдо жазылат:
акыркы керектөөчү үчүн (электр тармактарынын ээлери, бөлүштүрүүчү электр компаниялары жана (же) улуттук электр тармагы менен) электр тармактары боюнча электр энергиясын жеткирүүгө жана берүүгө аныкталган типтүү формаларда келишим түзүү;
чакан гидроэлектростанцияларды электр тармактарына тикелей кошуу үчүн Электр энергиясын жеткирүүгө жана берүүгө келишимдин жана Комиссиянын Курулушу бүткөн чакан гидроэлектростанцияны кабыл алуу актысынын, электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарын текшерүү жыйынтыктары боюнча Протоколдун көчүрмөлөрүн тиркөө менен электр тармагынын ээсине расмий кайрылуу.
18. Документтин ээси ушул Жобонун 3-главасынын 14-пункту менен аныкталган шарттарды аткарганда, ошондой эле электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча эскертүүлөр болбогон учурда электр тармагынын ээси суроо-талап келген күндөн тартып үч күндүн ичинде чакан гидроэлектростанцияны электр тармактарына кошууга милдеттүү.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук энергия системасында чакан гидроэлектростанциянын иштеши
19. Кыргыз Республикасынын Улуттук энергия системасында чакан гидроэлектростанциянын иштеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин Аткаруучу кеңешинин 2002-жылдын 29-мартындагы N 49-П токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук электр тармагын Пайдалануу эрежесинде белгиленген талаптарга жана башка нормативдик-техникалык документтерге ылайык жүргүзүлөт.
6. Контролдоо жана сыноо
20. Электр тармагынын ээси Кыргыз Республикасынын Улуттук энергия системасына кирген, чакан гидроэлектростанция жабдууларынын ишинде же электр тармактарынын ишинде тартип бузуулар болгон учурларды иликтөө максатында жабдууну же персоналдын аракетин текшерүү үчүн объектке барууга укуктуу.
7. Керектөөчүлөргө чакан гидроэлектростанциялар берген электр энергиясы үчүн эсептешүү
21. Энергетика компанияларына же тикелей керектөөчүлөргө чакан гидроэлектростанциялар берген электр энергиясы үчүн эсептешүү Кыргыз Республикасынын Энергетика боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тарифтер боюнча электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражатынын көрсөтүүсүнүн негизинде жүргүзүлөт.
8. Мамлекеттик көзөмөл
22. Чакан гидроэлектростанциялар жаатында Мамлекеттик көзөмөлдү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жана техникалык регламенттин талаптарын сактоо менен гана жүргүзүлөт.
9. Бул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
23. Бул Жободо белгиленген нормаларды бузган жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.