Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-июлундагы №482
«Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жободо:
1.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы;»;
3.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы «у» пунктчасы менен толукталсын:
«у) Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы:
- шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү контролдоого алынуучу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты чогултууну, иштеп чыгууну, талдоону жана сактоону жүзөгө ашырат;
- террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу анык маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмесин түзөт жана жарыялайт;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларды түзүү жана (же) жүргүзүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылган маалыматтар базасынан (реестринен) пайдалануу укугуна ээ.»;
- аталган токтом менен бекитилген Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибинде:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
«
| Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы | Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунда камтылган маалыматтар Башка статистикалык маалыматтар (макулдашуу боюнча). | Дайыма Электрондук байланыш (аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгү же электрондук почта жана электрондук каражаттар) |
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |