Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 29-июлу №483

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын алдындагы "KG" домендик зонасын администрациялоо борбору түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын алдындагы "KG" домендик зонасын администрациялоо борборунун кызматкерлеринин штаттык саны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын борбордук аппаратынын штаттык санын кыскартуунун эсебинен 11 адам санында белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын алдындагы "КG" домендик зонасын тескөө борборун каржылоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы №340 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункттун биринчи абзацы "интеллектуалдык менчикти коргоо жагында мамлекеттик бирдиктүү саясатты" деген сөздөрдөн кийин ", биринчи деңгээлдеги "KG" домендик аталышты администрациялоону жүзөгө ашырат" деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- "KG" домендик зонасын администрациялоо";

- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

- "KG" домендик зонасында катталган домендик аталыштарды тейлөө";

- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- "KG" улуттук домендик зонасында домендик аталыштарды каттоо жана тейлөө боюнча субподряддык келишимдерди түзүү".

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы эки айлык мөөнөттө:

- "KG" домендик зонасын администрациялоо борбору жөнүндө жобонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов