ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-июлундагы №484 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому

Редакция29.07.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 29-июлу № 484

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринде каралган иш-чаралардын бирин-бири кайталоосун болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы №635 "Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

 

Премьер-министр

И.Чудинов