Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-июлу № 487
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Реснубликасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-жыл, №4, 195-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 14-беренеде:
- 1-пункттагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда жарнакты таратуу" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда жарнакты жайгаштыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда сырткы жарнакты таратууга" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда сырткы жарнакты жайгаштыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 24-берене "аймактык органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|