Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2015-жылдын 10-августундагы N 564 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августундагы №491
«Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:
- 1.2-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитеттин (мындан ары - Кирешелер боюнча комитет)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Нускаманын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кирешелер боюнча комитет» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.3-пункттагы «(мындан ары - Бажы кодекси)» деген сөздөр алып салынсын;
- 1.4-пункттагы «6» деген цифра «3» деген цифрага алмаштырылсын;
- 2.1-пункттун бешинчи абзацындагы «же» деген сөз «жана/же» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттагы «жана бажы тарифине» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө мыйзамдарына»;
- 11.2-пункттун биринчи абзацындагы «жеңилдетилген тартипте жеке жактар бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата бирдиктүү бажы алымдарынын ставкалары (Бажы кодексинин 192-беренеси).» деген сөздөр «жеке жактар бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата жыйынды бажы төлөмү жана/же бирдиктүү бажы алымдарынын ставкалары, салыктары (Бажы кодексинин 28-главасы).» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13.3-пункт «бажы органы» деген сөздөрдөн кийин «эгерде товарлар эркин жүгүртүүгө чыгарылса,» деген сөздөр менен толукталсын;
- 15.1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- бажы органдарынын жайгашкан ордунан тышкары жана/же иштеген убактысынан тышкары бажы жол-жоболорун аткарууда;»;
- 15.2-пункт «операциялар» деген сөздөн кийин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте» деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункттагы «бир саатта» деген сөздөр «иш жүзүндөгү ар бир толук жана толук эмес саат үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17.5-пунктта:
отузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Жасап чыгаруудагы критерийлер жана «түздөн-түз сатып алуу жана тикелей берүү» эрежеси сакталбаган учурда ташып келинген ушундай товарларга карата эң ыңгайлуу режимдин ставкалары же максималдуу ставкалар боюнча бажы алымдары колдонулат. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө-мамлекеттерден анын ичинде, ага жаңы кирген өлкөлөр, кирген учурунан тартып жана эң ыңгайлуу режим колдонуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн өлкөлөрдөн жасап чыгарылган товарларга эң ыңгайлуу режим колдонулат. Башка учурларда Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө мыйзамдарына ылайык бажы алымынын максималдуу ставкасы боюнча колдонулат.»;
он бешинчи абзацтагы «мурдагы СССР» жана «мурдагы СССР» деген сөздөр тиешелүү түрдө «мурдагы СССРдин курамына кирүүчү жана азыркы учурда Кыргыз Республикасы менен эркин соода аймагын түзүүчү республикалар» жана «мурдагы СССР» деген сөздөр тиешелүү түрдө «мурдагы СССРдин курамына кирүүчү жана азыркы учурда Кыргыз Республикасы менен эркин соода аймагын түзүүчү республика» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17.7-пунктта:
он тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«товардын жасап чыгарылган өлкөсү - белгисиз (жасап чыгарган өлкөсү белгиленбеген (белгисиз) товарларга карата), ошондой эле эң ыңгайлуу режим колдонулбаган товарларга Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө мыйзамдарына ылайык бажы алымынын максималдуу ставкасы колдонулат).»;
жыйырма биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Тп = 350000 х 35/100 = 122500 сом.»;
- 17.10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«17.10. Айкалыштырылган ставка боюнча ташып келүүчү бажы алымы менен алынуучу товарларга карата ташып келүүгө бажы алымы үч этапта жүргүзүлөт.
Биринчи кезде бир даана товардын ставкасы боюнча ташып келүүгө бажы алымы эсептелет, андан кийин бажы наркына карата проценттер менен ставка боюнча ташып келүүгө бажы алымынын өлчөмү эсептелет. Төлөөгө тийиш болгон бажы алымын аныктоо үчүн эң көп чоңдук колдонулат.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинүүчү товарды аракты декларациялоодо:
товардын коду - 2208 60 110 0;
товардын бажылык наркы - 25000 АКШ доллары;
ташып келүүгө бажы алымынын ставкасы - 10%, бирок 1 литри үчүн 0,55 АКШ долларынан кем эмес (спирт камтуусун эске албаганда);
товардын саны - 2000 литр;
АКШ долларынын курсу - 42,2345 сом 1 АКШ доллары үчүн;
товарды жасап чыгарган өлкө - Франция (Франциядан чыгарылган товарларга эң ыңгайлуу режим колдонулат).
Ташып келүүгө бажы алымын эсептөө:
1) Бир даана товар үчүн АКШ долларындагы ставка боюнча ташып келүүгө бажы алымын эсептөө:
Тп 1 = 2000 л х 0,55 х 42,2345 = 46457,95 сом.
2) Товардын бажылык наркына процент менен ставка боюнча ташып келүүгө бажы алымын эсептөө
Тп 2 = 25000 АКШ доллары х 10/100 х 42,2345 = 105586,25 сом.
3) Алынган чоңдуктар салыштырылып, чоңураагы тандап алынат:
Тп 1 < Тп 2,
демек, ташып келүүгө бажы алымын эсептөөнүн негизи катары айкалыштырылган ставканын адвалордук түзүүчүсүн алуу керек.
Ушинтип, 105586,25 сом өлчөмүндө ташып келүүгө бажы алымы төлөнүүгө тийиш.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 17.12-пункт менен толукталсын:
«17.12. Ташып чыгаруу бажы алымын эсептөө ташып келүү бажы алымын эсептөө тартиби сыяктуу жүргүзүлөт.»;
- 18.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18.2. Акциздик салыктын базалык ставкасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталат. Акциздин ставкасы базалык ставкадан ашпаган көлөмдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.»;
- 18.4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18.4. Акциз боюнча салыктын базасы акциздик товардын физикалык көлөмү жана/же бажылык наркы эсептелет.»;
- 18.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18.5. Бир даана товарга сом менен ставка боюнча акциз менен алынуучу товарга карата акцизди эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
Ак = Кт * Сак,
мында: Ак - акциздик салыктын өлчөмү;
Кт - товардын физикалык көлөмү;
Сак - бир товар үчүн сом менен акциздик салыктын ставкасы.
Мисалы: Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинүүчү товарды - бензинди декларациялоодо:
ТЭИТН боюнча товардын коду - 2710111100,
товардын көлөмү - 60 тонна,
акциздик салыктын ставкасы - 1 тонна үчүн 3000 сом. Акциздик салыкты эсептөө:
Ак = 60 х 180000 сом.»;
- 18.7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18.7. Товардын бажылык наркына процент менен ставка боюнча акциз менен алынуучу товарларга карата акцизди эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
Ак = Тс х Сак,
мында: Ак - акциздик салыктын өлчөмү;
Кт - товардын бажылык наркы;
Сак - акциздик салыктын ставкасы товардын бажылык наркына карата процент менен белгиленет.
Мисалы: Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинүүчү товарды - N декларациялоодо:
Мында: товардын бажылык наркы N - 350000 сом, акциздик салыктын ставкасы бажылык наркынан - 5%. Акциздик салыкты эсептөө:
Ак = 350000 х 5/100 = 17500 сом.»;
- 18.8-пункттагы «акциздик маркалардын суммасы» деген сөздөр «акциздик маркалардын наркы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18.9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18.9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ликер-арак, күчтүү ичимдиктер жана бальзамдар боюнча акциздик салыктын ставкасы этил спиртин камтуусун эске алуу менен кайра эсептелет. Мында базалык ставка - бул спирттин көлөмү 40 процент күчтүүлүктөгү ичимдиктерге ставка болуп эсептелет.
1-мисал:
Спирттин көлөмү 35 процент күчтүүлүктөгү б.а. күчтүүлүгү базалык ставкадан төмөн болгон 200 литр бальзам ташып келинген.
Ставка 0,525 (21 сом/40%) сом спирттин көлөмү 35 процент болгон ташып келинүүчү бальзамдын күчтүүлүгүнө көбөйтүлөт.
0,525 сом х 35 = 18,375 сом бальзамдын 1 литри үчүн.
Бальзамга болгон акциздин ставкасы 18,375 сом/1 литр ташып келинген бальзамга көбөйтүлөт - 200 литр.
18,375 x 200 = 3675 сом.
Спирттин көлөмү 35 процент күчтүүлүктөгү бальзамды ташып келүүдө төлөөгө тийиш болгон акциздин суммасы 3675 сомго барабар.
2-мисал:
Спирттин көлөмү 50 процент күчтүүлүктөгү б.а. базалык ставкадан жогору күчтүүлүктөгү 300 литр виски ташып келинген.
Ставка 0,525 (21 сом/40%) сом спирттин көлөмү 50 процент болгон ташып келинген вискинин күчтүүлүгүнө көбөйтүлөт.
0,525 сом х 50 = 26,25 сом вискинин 1 литри үчүн.
Вискиге акциздин ставкасы 26,25 сом/1 литр ташып келинген 300 литр вискиге көбөйтүлөт.
26,25 х 300 = 7875 сом.
Спирттин көлөмү 50 процент күчтүүлүктөгү вискини ташып келүүдө төлөөгө тийиш болгон акциздин суммасы 7875 сомго барабар.
Акциздик салыктын жогоруда көрсөтүлгөн эсептөөсү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинүүчү шарапты бажылык тариздөөдө колдонулбайт.»;
- 18.10-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18.10. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ташып келүүдө (импорттоодо) акциздерди төлөөдөн төмөнкү товарлар бошотулат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нормалар боюнча жеке жактар импорттоочу товарлар;
- жолдо жана аралыктык токтоо пункттарында жүрүп жаткан убакта жүктүн, багаждын жана жүргүнчүлөрдүн эл аралык ташууларын аткарган транспорт каражаттарын эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон товарлар;
- Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өтүүчү, «Товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу» режимин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен белгиленген бажы режиминин алкагында бошотулган товарлар;
- конфискацияланган, ээсиз калган баалуулуктар, ошондой эле мурас укугу боюнча мамлекетке өткөн баалуулуктар.»;
- 19.1-19.8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«19.1. Кыргыз Республикасынын бажы жана салык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинген товарлар бажы алымы кошулуучу товарлардын бажылык наркынан 20, 12 жана 10 проценттик ставка боюнча кошумча наркка салык салынууга тийиш, ал эми акциздик товарлар боюнча - акциздин суммасы дагы.
19.2. Кошумча наркка салыктын ставкасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу товарларды ташып өткөн жактарга, бүтүмдөрдүн түрүнө, ташып келинүүчү товарлардын жасап чыгарылган өлкөсүнө жана башка факторлорго карабастан өзгөртүлбөөгө тийиш.
19.3. Товарларды ташып келүүдө КНС төлөөдөн бошотуу бажы мыйзамдарынын жоболорунда белгиленген шарттар аткарылган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык берилет.
КНС төлөөдөн төмөнкү товарлар бошотулат:
1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын белгиленген үлгүдөгү паспорт жана күбөлүгүнүн бланктары;
2) Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасына (мындан ары - ТЭИТН) ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык майыптар үчүн адистештирилген товарлар;
3) ТЭИТНге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык окуу пособиелери жана мектеп каражаттары, илимий басылмалар(*);
4) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген бажы режиминин алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар;
5) жер титирөө боюнча абалды баалоо жана контролдоого карата геологиялык (геофизикалык, геодезиялык) экспедициялардын илимий жабдуулары;
6) нумизматикалык максаттарга пайдаланылгандарды кошпогондо, акциздик жыйымдын маркалары, контролдук (латенттик) маркалар жана валюта;
7) табигый кырсыктардын, аскердик жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте гранттардын гуманитардык жардамы катары;
9) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдарынын расмий пайдалануусу үчүн, ошондой эле эл аралык келишимдерге ылайык дипломатиялык агенттеринин, анын ичинде алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн жеке пайдалануусу үчүн;
10) ТЭИТНге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык балдар үчүн тамак аш;
11) жаратылыш газы;
12) «Дары-дармек каражаттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган дары дармек каражаттар;
13) асыл тукум айыл чарба жаныбарлары жана үрөнчүлүк материалдар, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары, ошондой эле ТЭИТНге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизмеге ылайык жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары-дармек каражаттар;
14) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъекттер тарабынан жеке өндүрүштүк максаттар үчүн импорттолуучу негизги каражаттар.
Ушул пунктчада каралган бошотуу 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022(***) ТЭИТН товардык позицияларында классификацияланган негизги каражаттарга жайылтылат.
Микроавтобустар айдоочуну кошуп алганда 14төн ашык орундугу бар жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган транспорт каражаттарына таандык.
19.4. Айыл чарба өндүрүүчү жана айыл чарба товардык-сервистик кооператив тарабынан түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн жана товардык-сервистик кооперативдин мүчөлөрү жана/же чарбакер субъекттер үчүн финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча импорттолуучу 19.3-пункттун 14)-пунктчасында каралган негизги каражаттар ушул чарбакер субъекттин КНС төлөөчү катары катталган фактысына карата КНС төлөөдөн бошотулат.
Амортизациялоого жатпаган каражаттарга товарды чыгарууга жана/же сатууга, иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө салык төлөөчү тарабынан пайдаланылбаган товардык-материалдык запастар, негизги каражаттар, наркы учурдагы салык жылында даяр продукциянын, аткарылган иштердин жана көрсөтүлгөн кызматтардын наркына толук которулуучу мүлк таандык кылынат.
19.5. Негизги каражаттарды түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн импорттогон төлөөчү бажылык тариздөө үчүн бажы органына мындай ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдун фирмалык балансында басылган, ташылып келинген товар бухгалтердик эсепке алынып, баланстык эсепке киргизиле тургандыгы жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан бекитилген жана кол коюлган милдеттенмени, (№ 8 тиркеме), салык төлөөчү катталган жер боюнча салык органы берген, берилген күндөн тартып 30 күн күчүндө боло турган КНС боюча катталгандыгы жөнүндө маалым каттын түп нускасын (№ 9 тиркеме) берүүсү зарыл.
Негизги каражаттарды түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн жана товардык-сервис кооперативдин мүчөлөрү үчүн импорттогон айыл чарба өндүрүшчүсү жана айыл чарба товардык-сервис кооперативи бажыны тариздөө үчүн бажы органына фирмалык балансында басылган ташылып келинген товар бухгалтердик эсепке алынып, баланстык эсепке киргизиле тургандыгы жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан бекитилген жана кол коюлган милдеттенмени, (№ 8 тиркеме), ошондой эле салык төлөөчү катталган жер боюнча салык органы берген, берилген күндөн тартып 30 күн күчүндө боло турган бул субъект айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба товардыксервис кооперативи экендиги жөнүндө маалым каттын түп нускасын (№ 10 тиркеме) берүүсү зарыл.
Бухгалтердик эсепке кабыл алгандыгы тууралуу жана баланстык эсепке киргизилгендиги жөнүндө ырастаган маалым кат инвентардык номер ж.б. баланстык эсепке киргизилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирилбестен бажыга берилүүгө тийиш.
19.6. КНС төлөөдөн бошотуу менен жеке өндүрүштүк максаттар үчүн түздөнө-түз ташып келинген негизги каражаттар ээликтен ажыратылган учурда, шарттуу чыгарылган күндөн тартып 12 ай өткөнгө чейин мындай ээликтен ажыратуу салык салынуучу импорт болуп саналат жана шарттуу түрдө эсептелген КНС суммасы жана туум айып бажы органына төлөнөт. Туум айып бажы органы тарабынан шарттуу чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген ставка боюнча КНС төлөө боюнча милдеттенмелер аткарылган күнгө чейин эсептелинет.
КНС төлөөдөн бошотуу менен өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн гана ташып келинген негизги каражаттар ээликтен ажыратылган учурда, шарттуу чыгарылган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин мындай ээликтен ажыратуу берүү болуп эсептелет жана салык органына КНС төлөө жүзөгө ашырылат.
19.7. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына КНС төлөөдөн бошотуу менен ташып келинген товарлар ушул Нускаманын 19.3-пунктунун 4, 5, 7, 8, 9 жана 14-пунктчаларына ылайык Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын бажылык контролдугунун алдында турат.
19.8. Бажы алымдарын же акциздерди төлөөдөн бошотууда кошумча наркка салыкты эсептөөнүн негизинде бажы алымдарынын жана акциздердин шарттуу эсептелген суммасы кошулбайт.
Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотууда эсептөө максатында эсептөөнүн негизине бажы алымдарынын жана акциздердин шарттуу эсептелген суммасы кошулат.
Кошумча нарк салыгы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинүүчү жана ташып келүүгө бажы алымы жана акциз салынуучу товарларга карата кошумча нарк салыгы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Сндс = (Ст + Пим + Ас) х Н,
мында Сндс - кошумча нарк салыгынын өлчөмү;
Ст - ташып келинүүчү товардын бажылык наркы;
Пим - ташып келүүгө бажы алымы өлчөмү;
Ас - акциздин өлчөмү;
Н - кошумча нарк салыгынын проценттик ставкасы.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинүүчү жана ташып келүүгө бажы алымы алынуучу жана акциз салынбоочу товарларга карата кошумча нарк салыгы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Сндс = (Ст + Пим) х Н,
мында Сндс - кошумча нарк салыгынын өлчөмү;
Ст - ташып келинүүчү товардын бажылык наркы;
Пим - ташып келүүгө бажы алымы өлчөмү;
Н - кошумча нарк салыгынын проценттик ставкасы.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинүүчү жана ташып келүүгө бажы алымы жана акциз алынбоочу товарларга карата кошумча нарк салыгы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Сндс = Ст х Н,
мында Сндс - кошумча нарк салыгынын өлчөмү;
Ст - ташып келинүүчү товардын бажылык наркы;
Н - кошумча нарк салыгынын проценттик ставкасы.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинүүчү жана ташып келүүгө бажы алымы алынбоочу, бирок акциз салынуучу товарларга карата кошумча нарк салыгы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Сндс = (Ст + Ас) х Н,
мында: Сндс - кошумча нарк салыгынын өлчөмү;
Ст - ташып келинүүчү товардын бажылык наркы;
Ас - акциздин өлчөмү;
Н - кошумча нарк салыгынын проценттик ставкасы.»;
- 26.1-пункттун алтынчы абзацындагы «145-берененин 4-пунктунда каралган учурларды» деген сөздөр «145-берененин 4-пунктунда жана 147-берененин 3-пунктунда каралган учурларды» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 31.2-пункттагы «Салык кодексинин 57» деген сөздөр «Бажы кодексинин 391» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- ушул токтомдун 1, 2 жана 3 тиркемелерине ылайык редакцияда № 8, 9 жана 10 тиркемелер менен толукталсын;
б) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамада:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
«Бажы чек арасынан өтүү жүк ташуучуга товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүү пунктуна же бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүү жерине талап кылынган учурда, бажы органдары аныктаган маршрут боюнча мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жеткирүү милдетин жүктөйт.»;
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажы эрежелерин бузуу менен ташылып келген товарларга бажы декларациясы жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып же болбосо жоопкерчиликтен бошотуу же бажы эрежелерин бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралу соттун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып отуз календарлык күндүн ичинде берилет.»;
- 79-пункттун биринчи абзацы «Товарларды, транспорттук каражаттарды» деген сөздөрдөн кийин «, идентификациялоо каражаттарын» деген сөздөр менен толукталсын;
- 109-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«109. Бажы кодексинде аныкталган жерлерде бажылык контролдоо жана бажылык тариздөө боюнча жол-жоболорду ишке ашыруу максатында бажы контролунун зоналары түзүлөт, алар туруктуу же убактылуу болот.»;
- 110-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«110. Туруктуу бажы контролунун зоналары бажы чек арасын бойлото, бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында, бажы органдарына тиешелүү жайларда жана аймактарда, бажы айланасында иш жүргүзүү жерлерде түзүлөт.»;
- 112-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«112. Убактылуу бажы контролунун зоналары ушул Нускаманын 110-пунктунда каралбаган башка жерлерде түзүлөт.»;
в) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускамада:
- Нускаманын бардык тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «бажы кампасынын ээси» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «бажы кампасынын менчик ээси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 88-пункт «эркин жүгүртүү» деген сөздөрдөн кийин «же болбосо аларды башка бажы режимине жайгаштыруу» деген сөздөр менен толукталсын;
- 114, 134, 139, 141 жана 142-пункттардан тышкары, IV бөлүмдүн бардык тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «жарым-жартылай» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «шарттуу түрдө» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй редакциядагы 144-1-пункт менен толукталсын:
«144-1. Убактылуу ташып келүү мөөнөтүн эки жылдан жогору мөөнөткө узартуунун шарттары:
- Кыргыз Республикасынын бажы аймагына дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана мамлекеттердин башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу товарларды убактылуу ташып келген учурда;
- эгерде товарлар эл аралык макулдашууларга ылайык ташылып келсе;
- эгерде товарларды түздөн-түз импорттоочу субъект менен алып келүүчүнүн ортосундагы келишимдик милдеттерде каралса (жеңил автомобилдер, факс аппараттары, көчүрүү-көбөйтүү техникасы, телефондор, видео-аудиотехникалар, турмуш-тиричилик аппараттары кирбейт).
Убактылуу ташып келүүнүн чектүү мөөнөттөрүн узартуунун шарттарын сактоону контролдоо корутунду чыгаруу аркылуу бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.»;
- 192-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«192. Эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктардын суммасын аныктоодо бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарымжартылай бошотууда төлөнгөн сумма кошулат.
Эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн бошотулган учурда жарым-жартылай шарттуу түрдө бошотууда төлөнгөн суммалар кайтарылып берилбейт жана башка товарларды ташып келүүлөргө кошулбайт.»;
- 206-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пунктчалар менен толукталсын:
«9) баалуу кагаздар (мыйзам менен же аны менен белгиленген тартипте баалуу кагаздардын катарына киргизилген облигация, вексель, чек, банктык сертификат, көрсөтүүчүгө банктык аманат китепчеси, коносамент, акция жана башка документтер).
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү жана алынып кетилүүчү Кыргыз Республикасынын валюталары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү жабдуулар жана товарлар: акча жабдуулары (банкнот жана монета санагычтар жана алардын тетиктери, банкнотторду жана монеталарды иргегичтер жана алардын тетиктери, банкнотторду вакуумдук жана бандеролдук таңгактагычтар жана алардын алмаштырылуучу тетиктери, банкнотторду жок кылуучу системалар жана алардын алмаштырылуучу тетиктери, валюта детекторлору, касса арабачалары жана башкалар); компьютердик жабдуулар жана алардын чыгымдалуучу материалдары; дизельгенераторлор, үзгүлтүксүз ток берүү булактары жана алардын алмаштырылуучу тетиктери; төлөө системасынын иштөөсү үчүн жабдуулар (банкоматтар, терминалдар, инфокүркөлөр жана башкалар); атайын транспорт.»;
- 301-пункттагы «бажы жол-жоболору бул үчүн белгиленген жерден башка жерде же бажы органдарынын иш убактысынан башка убакта жасалган учурда төлөнүүгө тийиш валютаны бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымынан ташкары,» деген сөздөр алып салынсын;
- VI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 15-глава менен толукталсын:
«15-глава. Баалуу кагаздарга карата атайын бажы режимин колдонуу
304. Бул глава Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинүүчү баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алынып кетилүүчү баалуу кагаздарды атайын бажы режимине жайгаштыруу менен өткөрүү тартибин жөнгө салат.
305. Баалуу кагаздарды алып келүү жана алып кетүү деп аларды Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүү (байланыштын каалаган каражаттары аркылуу жөнөтүүнү жана транспортировканы кошкондо) түшүнүлөт.
306. Баалуу кагаздар деп төмөнкүлөр түшүнүлөт - мыйзам менен же аны менен белгиленген тартипте баалуу кагаздардын катарына киргизилген облигация, вексель, чек, банктык сертификат, көрсөтүүчүгө банктык аманат китепчеси, коносамент, акция жана башка документтер.
307. Баалуу кагаздарды бажылык тариздөө иш аймагында алуучу же жөнөтүүчү жайгашкан бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
308. Адамдар тарабынан өткөрүлүүчү баалуу кагаздарды бажылык тариздөө иш аймагында бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жайгашкан бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.
309. Баалуу кагаздарды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте толтурулган жүктүн бажы декларациясын колдонуу менен ишке ашырылат.
Мында бажылык тариздөөнүн максаттары үчүн баалуу кагаздын номиналдык баасы колдонулат.
310. Адамдар жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келүүчү жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алынып кетүүчү баалуу кагаздарды бажылык тариздөө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен жүргүзүлөт.»;
г) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып келинген товарлардын бажы наркын аныктоо методикасы жөнүндө нускамада:
- 7.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Бир партияга кирген бир нече товар декларацияланган учурда ташып келинүүчү товарларды берүү 3 чыгымдар товарлардын наркына жараша ар бири 3 бөлүштүрүлөт (ушул партиядагы бардык же айрым товарларга карата келишим таандык болгон учурда).».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 491 токтомуна № 1 тиркеме
«Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага № 8 тиркеме
Бажы кызматынын начальнигине _________________________ (Бажы кызматынын аталышы)
|
МИЛДЕТТЕНМЕ
___________________________________________________________________________________________
(товардын аталышы, ТЭИ ТН коду, наркы, саны)
импорттолуучу ______________________________________________ жана
(импортер тууралуу маалымат)
декларациялануучу ГТД № __________________________________ негизги
каражаттар катары импорттолот.
Баланстык эсепке кириштелген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде баланстык эсепке кириштелгендиги жөнүндө документтик тастыктоону, инвентардык номерди ж.б. берүүгө милдеттенем.
Идентификациялык салык номери___________________________________
Ишкананын жетекчиси ____________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Башкы бухгалтер ________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
М.О. ___________________
(Дата)
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 491 токтомуна № 2 тиркеме
«Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага № 9 тиркеме |
СЖМКБнын аталышы _______________________________________________
КНС боюнча каттоо жөнүндө
МААЛЫМКАТ
1. Чарбакер субъекттин аты-жөнү же аталышы _______________________________________________
2. Салык төлөөчүнүн ИННи _________________________________________________________________
3. КНС төлөөчү катары __________________ мөөнөттө бери катталган
СЖМКБнын жетекчиси _______________________________________________________________________
аты-жөнү
М.О. 200_-жылдын «_____» ______________
Бул маалымкат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесине ылайык бажы органдарында көрсөтүү үчүн берилди, жана ал берилген күндөн тартып 30 календардык күнгө чейин анык болот.»
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 491 токтомуна № 3 тиркеме
«Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага № 10 тиркеме |
СЖМКБнын аталышы _______________________________________________
МААЛЫМКАТ
1. Чарбакер субъекттин аты-жөнү же аталышы _______________________________________________
2. Салык төлөөчүнүн ИННи _________________________________________________________________
3. Экономикалык ишмердиктин түрү - айыл чарба өндүрүүчү/айыл
чарбалык товардык-сервистик кооператив.
4. КНС төлөөчү катары ____________________________ мөөнөттө бери
катталган _____________________________________________________________________________________
(КНС боюнча каттоосу жок болгон учурда - толтурулбайт)
СЖМКБнын жетекчиси _____________________________________________
аты-жөнү
М.О. 200_-жылдын «_____» ____________
Бул маалымкат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесине ылайык бажы органдарында көрсөтүү үчүн берилди, жана ал берилген күндөн тартып 30 календардык күнгө чейин анык болот.»
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |