Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-августу №506
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы N 369 "Обьекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Колдонуудагы нормативдик укуктук актыларды "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы №369 "Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун N 2 тиркемесиндеги "ЖКТО-14" жана "ОКТО-2" деген позиция алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди кабыл алуу-өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |