Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-августу № 511
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тармагында мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын камсыздоочу мамлекеттик башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы №827 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Аталган токтомдун №1 тиркемесинде:
"Объекттердин аталышы" деген графада "Кант шаар башкармасынын администрациялык имараты" деген позициядагы "Администрациялык имарат" деген сөздөр "Администрациялык имараттын чыгыш бөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Саны, өлчөө бирдиги" деген графада "1" деген сан "1/2" деген санга алмаштырылсын;
"Калдык наркы (миң сом)" деген графада "459,290" деген сан "296,430" деген санга алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы графа менен толукталсын:
"Аянты (кв.м.) - 767,04 кв.м.".
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча жыйнак реестрге керектүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын шаар башкармасы менен бирдикте: Кант шаары, Москва көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан администрациялык имараттын жалпы аянты 420,92 кв.м., калдык наркы 162,860 миң сом болгон батыш жактагы бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Ата райондук башкармасына өткөрүп берүүнү камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |