Редакцияот 10.08.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 11-августу №514

Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында шаар куруу кадастрын жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында шаар куруу кадастрын жүргүзүү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик шаар куруу кадастрын жүргүзүү боюнча нускаманы жана методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов