Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-августундагы № 514 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында шаар курулуш кадастрын жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Негизги аныктамалар
III. Шаар курулуш кадастрын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн максаттары
IV. Шаар курулуш кадастрын жүргүзүү боюнча ишти каржылоо
V. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык системасынын оператору
VI. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарынын курамы,
түзүлүшү жана жүргүзүлүшү
VII. Шаар курулуш ишинин объекттеринин мониторинги
VIII. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтарын берүү жана пайдалануу
IX. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтарын пайдалануу
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында шаар курулуш кадастрын жүргүзүү тартибин аныктайт жана аны түзүүдө, ошондой эле анда камтылган маалыматтарды берүүдө жана колдонууда пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында шаар курулуш кадастрын жүргүзүү жөнүндөгү бул Жобо (мындан ары -Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат жана мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, республиканын аймагындагы шаар курулуш ишин жүргүзгөн башка катышуучуларга, уюштуруучулук-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан кыймылсыз мүлк объекттеринин жана жер участокторунун ээси болгон жеке жана юридикалык жактарга, шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарын түзүү жана пайдалануу боюнча мамилелерге катышуучуларга таркатылат.
3. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
шаар курулуш кадастры - шаар курулуш ишинин объекттери, аймактарды өнүктүрүүнүн шаар курулуштук пландаштыруу, шаар курулуштук регламенттер, мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн жерлерди резервге алуу жана шаар курулуш ишин жүзөгө ашыруу үчүн, анын ичинде кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жана башка маалыматтар үчүн жөнүндөгү маалыматтардын системалаштырылган жыйнагы жана шаар курулуш ишин камсыздоонун жалпы республикалык маалыматтык системасы болуп саналат;
шаар курулуш ишинин объектти - шаар курулуш иши жүргүзүлүп жаткан жана жүргүзүлгөн объект;
шаар курулуш ишинин объекттеринин мониторинги - шаар курулуш кадастрынын маалыматтарына негизделген шаар курулуш ишинин объекттеринин абалына, пайдаланылышына жана өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү системасы. Шаар курулуш ишинин объекттеринин мониторингинин натыйжасында алынган маалыматтар шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарынын ажыратылгыс түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелет;
шаар курулуш кадастрында документти каттоо - иш-аракет, аны жасоонун натыйжасында документ же анын бир бөлүгү шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарына киргизилет, ал эми анда камтылган шаар курулуш регламенттер шаар курулуш ишине бардык катышуучулардын жер участокторун жана аларда жайгашкан башка кыймылсыз мүлктөрдүн укук ээлеринин сакташы үчүн милдеттүү статуска ээ болот;
кадастрдык маалымкат - шаар курулуш кадастрынын керектөөчү талап кылган, белгилүү бир аймакта колдонулган регламенттерди жана шаар курулуш ишин жүргүзүүнүн башка шарттарын мүнөздөгөн расмий маалыматтарды, жер участокторун жана аларда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууга карата талаптарды жана чектөөлөрдү камтыган документ, ошондой эле башка маалыматтык системалардын маалымкаттык маалыматтары;
шаар курулуш объектинин паспорту - шаар курулуш регламенттери жана шаар курулуш объектине карата колдонулуучу маалымкаттык маалымат жөнүндө кабарларды камтыган белгиленген формадагы документ;
шаар курулуш кадастрынын маалыматтык системасынын компоненттери шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстары жана информациялык технологиялар. Маалыматтык технологиялар өзүнө маалыматтык ресурстарды текшерүүнү, аларды каттоону, эсептөөнү, сактоону, актуалдаштырууну жана пайдалануучуларга берүүнү камсыз кылган программалык, техникалык, лингвистикалык, укуктук, уюштуруу каражаттарын камтыйт.
4. Шаар курулуш кадастры шаар курулуш ишин, анын ичинде долбоорлонуп жана курулуп жаткан объекттерди, шаар курулушун өнүктүрүү регламенттерин жана облустук маанидеги шаар аймактарын жана башка объекттерди пайдаланууну маалыматтык жактан камсыздоо максатында түзүлөт жана жүргүзүлөт.
5. Шаар курулуш ишин маалыматтык камсыздоодон тышкары, шаар курулуш кадастрында камтылган маалыматтар мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка ишти камсыз кылуу үчүн да пайдаланылышы мүмкүн.
6. Шаар курулуш кадастрын жүргүзүү төмөнкү принциптерге таянат:
- шаар курулуш ишин жүргүзүүгө жана аны ишке ашырууга байланышкан керектүү документтерди шаар курулуш кадастрында милдетүү түрдө каттоо жана эсепке алуу;
- маалыматтардын ачыктыгы;
- маалыматтык ресурстарды актуалдаштыруунун үзгүлтүксүздүгү;
- мамлекеттик жер жана башка мамлекеттик кадастрлардын маалыматтык системалары менен облустук маанидеги шаарлардын аймактарын өнүктүрүүнүн башкы планын, имараттардын жана курулмалардын даректик реестрин ишке ашыруунун мониторингинин айкалыштуулугу.
7. Шаар курулуш кадастры инвестициялык жана шаар курулуштук чечимдерди кабыл алуу үчүн керек болгон маалыматтар менен мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, инвесторлорду, долбоорлоочуларды, шаар курулуш ишинин башка катышуучуларын камсыз кылат жана жер участокторун мамлекеттик кадастрдык эсепке алууну, жерлерди пайдаланууга жана коргоого мамлекеттик контролду, шаар курулуш ишине мамлекеттик контролду, тарыхый жана маданий эстеликтерди пайдаланууга мамлекеттик контролду, облустук маанидеги шаарлардын аймактарын өнүктүрүүнүн башкы пландарын ишке ашыруу мониторингин жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык башка учурларда маалыматтык алмашуунун булагы катары кызмат кылат.
8. Шаар курулуш кадастрын жүргүзүүдө бул Жободо, маалыматтык ресурстарды пайдалануунун интеграциясын жана натыйжалуулугун камсыздаган маалыматтык ресурстар жана маалыматташтыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте башка маалыматтык системалардын операторлору менен өз ара иш-аракет жүргүзүлөт.
9. Документтердин курамы жана аларды шаар курулуш кадастрында каттоо жана эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет.
10. Шаар курулуш кадастры маалыматтары ачык мүнөздө болот жана бардык кызыкдар жактарга, алардын кат жүзүндөгү суроосуна ылайык мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардан башкалары берилет.
11. Шаар курулуш кадастрынын мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтары мамлекеттик сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте берилет.
12. Жеке жана юридикалык жактарга берилген шаар курулуш кадастрынын маалыматтары, алар тарабынан эркин маалымат түзүү, анын ичинде маалымат булагын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен коммерциялык жайылтуу максатында пайдаланылышы мүмкүн.
13. Пайдалануучуларга берилген шаар курулуш кадастрынын маалыматы маалымкат катары гана пайдаланылат.
14. Шаар курулуш кадастрынын системасын түзүүгө, өнүктүрүүгө жана пайдаланууга чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
15. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарынын ээсинин ыйгарым укуктарын архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
16. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарын түзүү үчүн зарыл документтерди берген субъекттер бул документтерге жана анда камтылган маалыматты пайдаланууга, эгерде келишимде башкача каралбаса, өзүнүн укуктарын жоготпойт.
17. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык системасына жана анын компоненттерине болгон автордук укук автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндөгү мыйзамга ылайык корголот.
18. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык системасынын оператору (мындан ары - оператор) шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарынын компоненттерин түзүү жана пайдалануу боюнча ишти жана шаар курулуш ишинин объекттеринин мониторингин бул Жобого жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
19. Оператордун функцияларын аткаруу маалыматтык ресурстар жана маалыматташтыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен бекитилген тартипте архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын архитектура жана шаар курулуш ишин башкаруунун аймактык органдарына жүктөлөт.
20. Оператордун ишин контролдоону нормативдик укуктук актылар тарабынан бекитилген компетенциянын чегинде архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тиешелүү чөйрөдө контролдук (көзөмөлдүк) жүргүзүү функциялары берилген башка аткаруу бийлиги органдары жүргүзөт.
21. Оператордун ишине илимий-методикалык жетектөөнү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
22. Оператор тарабынан белгиленген тартипте шаар курулуш кадастрынын маалыматтары берилген жактар аларды пайдаланууда нормативдик укуктук актыларга ылайык автордук укуктардын сакталышы үчүн жооптуу болот.
23. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстары өзүнүн статусу боюнча регламенттик жана маалымкаттык статустарга бөлүнөт.
24. Шаар курулуш кадастрынын регламенттик маалымат ресурстарына облустук маанидеги шаарлардын аймактарын өнүктүрүүнүн белгиленген тартипте бекитилген башкы планын да, республиканын райондорунун аймактарын өнүктүрүүнүн шаар курулуштук пландарында, шаарлардын аймактарын пландоо долбоорлорунда, айрым шаар курулуш объекттерин жайгаштыруу, кайра конструкциялоонун шаар курулуштук негиздемелеринде, шаар курулуштун жөнгө салуу багыттарын бөлүштүргөн чийме-актыларында, мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн аймактарды резервге алуу актыларында, шаар курулуш объекттеринин аймактарынын участокторун пайдалануунун уруксат актыларында, башка документтерде камтылган жалпы жана өзгөчө түрдөгү шаар курулушу регламенттери жөнүндө маалымкаттар, ошондой эле аймакты пайдаланууга карата башка шаар курулуш талаптары жөнүндөгү маалыматтар кирет.
25. Шаар курулуш кадастрынын маалымкаттык маалымат ресурстарына төмөнкүлөр кирет:
- аймактардын иш жүзүндөгү абалы жана пайдаланылышы тууралуу документтер;
- инженердик, транспорттук жана социалдык инфраструктуралар, башка шаар курулуш объекттери жөнүндө маалыматтар;
- имараттарды жана курулмаларды куруу (кайра куруу) долбоорлору жөнүндө маалыматтар;
- курулуш, шаар курулушу жана архитектура жаатындагы нормативдик укуктук актылар, ошондой эле шаар курулуш ишин жөнгө салган нормаларды камтыган башка нормативдик укуктук актылар;
- нормативдер жана эрежелер: шаар курулушу, курулуштук, санитардык, экологиялык жана өрт коопсуздугу, өнөр жай коопсуздугу жана башка шаар курулуш ишин жүргүзүүдө эсепке алуу үчүн милдеттүү болгон башка нормативдер;
- башка жалпы мамлекеттик маалыматтык системалардын маалыматтык ресурстарына белгиленген тартипте кирбеген шаар курулуш ишин жүргүзүүдө керек болгон башка документтер жана маалыматтар;
26. Шаар курулуш кадастры жалпы жана өзгөчө түрдөгү шаар курулуш регламенттери жөнүндөгү маалыматтардын, шаар курулушу ишинин объекттери жөнүндөгү башка регламенттик маалыматтардын расмий булагы болуп саналат.
27. Шаар курулушу кадастрынын маалыматтык системасынын компоненттери архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипте Маалыматтык ресурстардын жана системалардын Бирдиктүү реестринде каттоо жолу менен эсепке алынат.
28. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарын түзүү үчүн картографиялык негиз болуп белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу уюм тарабынан электрондук түрдө жана актуалдык абалда операторго берилген базалык масштабда кабыл алынган топографиялык пландар, карталар, чиймелер эсептелет.
29. Шаар курулуш кадастрын жүргүзүү максаты үчүн облустук маанидеги шаарлардын аймагын бөлүүнүн негизи болуп, аймактык бирдиктердин чектери жана шаар курулуш регламенттери же башка пайдаланылышына карата башка шаар курулуш талаптары белгиленген аймактын участокторунун чектери саналат.
30. Шаар курулуш кадастрынын регламенттик маалыматтык ресурстарынын негизинде шаар курулушу регламенттеринин жыйынтыкталган планы түзүлөт.
31. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарынын компоненттерин түзүү жана аларды актуалдуу абалда кармоо максатында каттоо жана эсепке киргизүү үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- шаар курулуштук, долбоорлоо алдындагы жана долбоорлоо документтери;
- архитектуралык-шаар курулуштук чечимдерди бекитүү жөнүндөгү күбөлүк;
- шаар курулуштук, долбоорлоо алдындагы жана долбоорлоо документтерин мамлекеттик экспертизадан өткөрүү жыйынтыгы боюнча корутунду;
- шаар курулуш объекттерин куруу, кайра куруу жөнүндөгү чечим;
- шаар курулуш объекттерин куруу жана анын аймагындагы жерлерди пайдалануу эрежелери;
- объекттерди курууга, кайра курууга уруксат берүү;
- жер участокторунун пайдаланууга уруксат берүү актылары;
- мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн аймактарды резервге алуу жөнүндөгү документтер;
- шаар курулуш объекттери пайдаланууга кабыл алуу жөнүндөгү документтер.
32. Жоопту адамдарды жана мөөнөттү аныктоону камтыган шаар курулуш кадастрында каттоо жана эсепке алуу үчүн документтерди берүү тартиби архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
33. Шаар курулуш кадастрында каттоо жана эсепке алуу үчүн берилген кошумча документтердин курамы Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан толукталышы мүмкүн.
34. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык системасынын компоненттери жаңы документтерди каттоо жана эсепке алуу жана белгиленген тартипте жараксыз деп табылган же мазмуну өзгөргөн документтерди сактоонун архивдик режимине которуу аркылуу оператор тарабынан актуалдык абалда кармалат.
35. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык системасынын компоненттерин актуалдаштыруу тартиби архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
36. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтык системасынын компоненттери сакталууга тийиш.
Шаар курулушу кадастрынын маалыматтык системасынын компоненттерин сактоо тартиби архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
37. Маалыматтык системаны түзүү жана пайдалануу, шаар курулуш кадастрынын маалыматтык системасынын компоненттерин түзүү жана пайдалануу боюнча иштердин оператору, башка катышуучулары маалыматты коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жөнүндөгү нормативдик укуктук актылардын талаптарын сактоого тийиш.
38. Мүлктүк кызыкчылыктарды коргоо максатында Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык маалыматтык ресурстарды жана шаар курулуш кадастрынын маалыматтык системасынын компоненттерин жоготуудан, зыян келтирүүдөн жана башка коркунучтардан камсыздандыруу жүргүзүлөт.
39. Шаар курулуш ишинин объекттеринин мониторингин жүргүзүүнүн негизги максаты аткаруу бийлик органдарын жана башка бийлик органдарын алардын компетенциясына ылайык төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар менен камсыздоо болуп эсептелет:
- шаар курулуш ишинин объекттеринин абалы жана түзүүнүн жана пайдалануунун бардык этаптарында алардын параметрлеринин өзгөрүлүшү;
- шаар курулуш ишинин объекттеринин иш жүзүндөгү абалына жана пайдаланылышынын шаар курулуш регламенттерине ылайык келүү даражасы.
40. Шаар курулуш ишинин объекттеринин мониторингин жүргүзүүгө төмөнкүлөр кирет:
- шаар курулуш ишинин объекттери жөнүндөгү маалыматтарды шаар курулуш кадастрынын документтеринде катталгандыгына же эсепке алынгандыгына негизделген алардын өнүгүшүнүн ар кандай этабында белгилөө;
- шаар курулуш ишинин объекттеринин өнүгүү кыймылынын бекитилген шаар курулуш талаптарына жана чектөөлөргө ылайыктуулугун талдоо;
- аткаруу бийлик органдарын жана башка кызыкдар жактарды талдоо материалдары менен камсыздоо.
41. Шаар курулуш ишинин объекттеринин мониторингинин натыйжалары колдонуудагы нормативдик укуктук актыларга ылайык аймактарды иш жүзүндө пайдаланууну шаар курулушу регламенттерине ылайык келтирүү боюнча иш-чаралар комплексин колдонуу үчүн негиз болуп эсептелет.
42. Шаар курулушу ишинин объекттеринин мониторингин жүргүзүү тартиби архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
43. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтары бул Жобого ылайык оператор тарабынан берилет.
44. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтары пайдалануучуга кадастрдык документтер түрүндө, ошондой эле байланыш каражаттары жана маалыматтык тармактардын, анын ичинде Интернеттин маалыматтык ресурстарын алууну камсыздоо жолу менен берилиши мүмкүн болот.
45. Кадастрдык документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- кадастрдык маалымкат;
- шаар курулуштук жана архитектуралык маалыматтар, ошондой эле объекттин инженердик инфраструктурасы жөнүндөгү тийиштүү маалыматтар.
46. Мамлекеттик бийлик органдары объекттерди жайгаштыруу, куруу, кайра куруу, реставрациялоо, капиталдык оңдоо жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууда пайдаланылуучу кадастрдык маалымкат милдеттүү түрдө архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тизмеге ылайык маалыматтардын зарыл жыйындысын камтууга тийиш.
47. Объекттин кадастрдык документинин формасы, ага киргизиле турган маалыматтардын тизмеси жана аны даярдоо тартиби архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
48. Мамлекеттик бийлик органдарына, мамлекеттик финансылык контролдоо органдарына, жерлерди пайдаланууга жана коргоого мамлекеттик контролду жүргүзгөн атайын ыйгарым укуктуу органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенциясы жана иш маселелери боюнча шаар курулуш кадастрынын маалыматтары архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте акысыз берилет.
49. Республиканын жарандары шаар курулушунун өнүгүүсүнүн пландары жөнүндө, ошондой эле өздөрү жашаган анын аймактык бирдиктери жөнүндөгү маалыматты акысыз алууга укуктуу. Жарандарга мындай маалыматты кагаздагы документ түрүндө берүүдө аларды даярдоого кеткен чыгымдарды компенсациялоону камсыздаган өлчөмдөгү акы алынат.
50. Шаар курулуш кадастрында суралган маалыматтар жок болгон учурда оператор тиешелүү мазмундагы маалымкатты берет.
51. Шаар курулуш кадастрынын так эмес маалыматтарын берүүдөн улам келтирилген чыгымдар оператор тарабынан төлөнөт.
52. Оператор өзүнүн төлөп берген чыгымдары үчүн так эмес маалыматтарды камтыган документтерди иштеп чыккан же аны шаар курулуш кадастрынын маалыматтык ресурстарына киргизүүгө берген адамдардын каражатынын эсебинен компенсациялоо үчүн чара көрүүгө укуктуу.
53. Чыгымдарды төлөө боюнча талаш-тартыш маселелер сот аркылуу чечилет.
54. Шаар курулуш регламенттери жөнүндө шаар курулуш кадастрынын маалыматтарын пайдалануу, төмөнкү чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шаар курулуш ишинин башка катышуучулары үчүн милдеттүү болуп эсептелет:
- шаар курулуш объекттерин жайгаштыруу, куруу, реконструкциялоо, реставрациялоо, капиталдык оңдоо жөнүндө;
- түзүлүп жаткан жер участокторун пайдалануунун уруксат берилген чектерин белгилөө жөнүндө;
- чектери мурда белгиленген жер участокторун пайдалануунун уруксат берилген чектерин белгилөө жана өзгөртүү жөнүндө;
- жер участокторун жана аларда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин иш жүзүндө пайдаланууну шаар курулуш талаптарына жана чектөөлөрүнө ылайык келтирүү жөнүндө;
- мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн облустук маанидеги шаар аймактарын резервге алуу жөнүндө.
55. Колдонуудагы шаар курулуш регламенттеринде белгиленген тартипте өзгөртүүгө кирбеген аймактарды өнүктүрүүнүн шаар курулушун пландоо жөнүндөгү шаар курулуштук документтер, шаар курулуш объекттеринин участокторун пайдалануунун уруксат актылары, шаар курулуш кадастрында катталган шаар курулушу регламенттерине ылайык келбеген, шаар курулуш объекттерин куруунун жана реставрациялоонун долбоор алдындагы жана долбоордук документтери бекитилбейт.
56. Шаар курулуш кадастрынын маалыматтары төмөнкү учурларда да пайдаланылышы мүмкүн:
- жер участокторун жана аларда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу шаар курулушу талаптарына жана чектөөлөргө ылайык келишин аныктоодо, жерлерди пайдаланууга жана коргоого мамлекеттик контролдук жүргүзүүдө;
- кыймылсыз мүлк объекттерин баалоодо;
- жер жана башка кыймылсыз мүлк объекттери үчүн төлөм өлчөмдөрүн белгилөөдө;
шаар курулушу жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контролду жүргүзүүдө;
- шаар курулушу ишинин объекттеринин мониторингин жүргүзүүдө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген башка учурларда.