Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-августу №519
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна кредит берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 737 токтомунун редакциясына ылайык)
Финансылык активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын артыкчылыктуу жана стратегиялык маанилүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна кредит берүүнүн төмөнкүдөй шарттары бекитилсин:
- кредиттин суммасы күрөө менен камсыз кылынбаган 286,3 млн. (эки жүз сексен алты миллион үч жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө болот;
- негизги сумманы тындыруу мөөнөтү 2029-жылдын 1-сентябрына чейин, ар бир жылдын 1-мартында жана 1-сентябрында жарым жылдык төгүмдөр менен тындырылат, биринчи төлөм 2014-жылдын 1-сентябрында жүргүзүлөт;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка жылына 0,75 процент өлчөмүндө болот;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун алыш-бериш эсебине акча каражаттар иш жүзүндө которулган күндөн тартып эсептелет;
- эсептелген проценттерди жарым жылдык төгүмдөр менен тындыруунун мөөнөтү 2010-жылдын 1-мартынан баштап кредит толук тындырылганга чейин болот;
- негизги карызды тындыруунун төлөмдөрү жана (же) проценттерди төлөө кечиктирилсе, карыз пайда болгон учурдан баштап ушул кечиктирилген карыз толук тындырылган күнгө чейин 6 айлык депозиттердин LIBOR өлчөмүндө АКШ долларындагы айып санкциялары жана ага кошумча жылдык 7 (жети) процент колдонулат.
2. Мамлекеттик займдык каражаттарды толугу менен кайтаруу максатында "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коому тарабынан аларды кредитке берүү өтүмдүү күрөө менен камсыз кылуу аркылуу жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна күрөө менен камсыз кылынбаган 286,3 млн (эки жүз сексен алты миллион үч жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү кредитти ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында аныкталган шарттарда тиешелүү Карыз милдеттенмесин тариздөө менен берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |