Редакцияот 04.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 4-декабры № 737

"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна кредит берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы № 519 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Өлкөнүн финансы активдерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна кредит берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы № 519 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пунктта:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- кредитти пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка жылына 0,75 процент өлчөмүндө болот;";

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- кредитти пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун алыш-бериш эсебине акча каражаттар иш жүзүндө которулган күндөн тартып эсептелет;".

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов