Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-августу №520
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын иретке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- бул токтомго тиркеменин редакциясына ылайык N 19а тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- бул токтомдун 1-пункту менен аныкталган эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүүнү 2009-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом 2009-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №520 токтомуна тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна №19а тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттык сактоону жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн республикалык борборунун кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№
| Кызматтардын аталышы
| Кызмат маяналары (сом менен) |
1 | Директор | 7600 |
2 | Директордун орун басары | 6900 |
3 | Башкы бухгалтер | 6400 |
4 | Менеджер | 5800 |
5 | БЪлЯм башчылары | 5300 |
6 | Бухгалтер | 3300 |
7 | Экономист | 3600 |
8
| Инженер-программист (системалык администратор, системалык аналитик) | 4000
|
9 | Врач-адис, методист | 3100 |
10 | Категориясы жок врач-эксперт | 3100 |
11 | Чарба башчысы | 2000 |
12 | Башкы библиограф (башкы китепканачы) | 3300 |
13 | Китепканачы | 3000 |
14 | Кадрлар бЪлЯмЯнЯн инспектору | 2200 |
15 | Секретарь-референт | 2000 |
16 | Кассир | 2000 |
17 | Юрист-консультант | 3000 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри |
Н.Айтмурзаев |