Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №522 «Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 522
Кабыл алынган
2009-жылдын 12-августу
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 74
Реестрде
2009-жылдын 17-августу

Реестрде

Минюст коду
90191

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция12.08.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 14-августу № 522

Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө

"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы №387 "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тиркелген тизмеси бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 14-августундагы

№522 токтому менен бекитилген

 

Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн ТИЗМЕСИ

Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу боюнча операция (аборт) жубайлардын экөөсүнүн тең же болбосо никеде турбаган аялдын макулдугу, эрезеге жете элек адамдар үчүн - эрезеге жете элек ата-эненин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен кош бойлуулуктун 22 жумасына чейин төмөнкүдөй социалдык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн:

1. Күйөөсү I-II топтогу майып болсо.

2. Аялы кош бойлуу болуп турган учурда күйөөсү каза болсо.

3. Күйөөсү же аялы эркинен ажыратуу жерлеринде болсо.

4. Ата-энелик укуктардан ажыратуу же чектөө жөнүндө сот чечими бар болсо.

5. Аялдын же анын күйөөсүнүн жумушсуздук боюнча расмий статусу болсо.

6. Аялда качкындын же аргасыз көчкөн адамдын болгон расмий статусу болсо.

7. Кош бойлуу болуп турган учурда ажырашса.

8. Зордуктоонун натыйжасында боюна бүтсө.

9. Күйөөсү жок көп балалуу (балдардын саны 3 жана андан ашык) болсо.

10. Үй-бүлөдө майып бала бар болсо.

11. Материалдык жактан камсыз болбосо (киреше үй-бүлөнүн 1 мүчөсүнө расмий белгиленген жашоо минимумунан аз табылса).

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.