КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26-августу № 538
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 451 "Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 451 "Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун а) пунктчасынын экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |