Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-июлу №451
Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-августундагы №538, 2013-жылдын 6-мартындагы № 118 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акыркы жылдары чет өлкөлөргө кызматтык сапарларды андан ары тартипке салуу жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жагдай тиешелүү түрдө жакшырбаганын белгилейт. Натыйжада көп жумуш убактысын конкреттүү уюштуруу ишинен өзүн актабаган алагды кылуулар орун алган, көпчүлүк сапарлар республика үчүн реалдуу пайда алып келбейт.
Чет өлкөлөргө кызматтык сапарларды пландоодо республиканын экономикасынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди иш жүзүндө чечүүгө жана тармактын конкреттүү проблемаларын чечүүгө тиешелүү көңүл бурулбайт.
Көбүнчө сапарлар кокустук мүнөздө болот, алдын ала пландаштырылбайт, сапарга баруучу кызматкерлердин алдына дайыма эле конкреттүү милдеттер коюлбайт, алардан баруунун жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү сунуштар, ал эми кээде ал түгүл отчеттор талап кылынбайт, чет элдик сапарлардын натыйжалуулугуна принциптүү баа берилбейт.
Бир катар министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ведомстволордо, аткаруу бийлигинин башка органдарында, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетекчи же бир эле адамдар гана иш сапарга чыга беришет.
Эмгек тартибин андан ары чыңдоо, мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу, кызматтык сапарларды жана башка сыртка чыгууларды тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет өлкөлөргө кызматтык сапарларга чыгууларда төмөнкүлөр белгиленсин:
а) жазуу жүзүндө макулдашаары:
- министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жетекчилери, облустук мамлекеттик администрация башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, ал жок учурда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчиси менен;
- министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарлары, статс-катчылары, облустук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин бири же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр менен;
- ведомстволук мекемелердин жетекчилери тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен;
- мамлекеттик ишканалардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жана мамлекеттик ишкананын ишин тескөөчү орган менен;
- райондордун мамлекеттик администрация башчылары жана алардын орун басарлары - облустук мамлекеттик администрация башчылары- губернаторлор менен;
- Бишкек шаарынын райондорунун администрация башчылары жана вице-мэрлер - Бишкек шаарынын мэри менен;
- муниципалдык ишканалардын жетекчилери муниципалдык ишкананы уюштурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен;
- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери (коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер жана тышкы иштер маселелерин тейлеген органдарды кошпогондо) - жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары менен;
б) жазуу жүзүндө билдирээри:
- мамлекет акциялардын 51 пайызынан кем эмесине ээлик кылган акционердик коомдордун жетекчилерине - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине;
- коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер жана тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери - чет өлкөлүк сапарларга чыгуулары жана мөөнөттөрү жөнүндө тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысына;
- шаар башкармалыгынын, айыл өкмөтүнүн башчылары жана алардын орун басарлары - тиешелүү райондук мамлекеттик администрация башчысына;
в) чет өлкөлүк кызматтык сапарларга барууларды макулдашууда жана билдирүүдө баруунун максаты, барган өлкөсү (калктуу конуштун аталышы), сапардын пландалган мезгили, каржылоо булактары жана башкалар жөнүндө кыскача маалымат берилет.
г) эгерде мамлекеттик кызматчылардын иши мамлекеттик сырлар менен байланышса, алар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан учурда тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын режимдик-сырлар бөлүмчөлөрүнө күн мурунтан кабарлайт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-августундагы №538, 2013-жылдын 6-мартындагы № 118 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- чет өлкөлөрдөн кызматтык сапарлардан келгенден кийин ушул токтомдун 1-пунктунун а) пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтарында саналган кызмат адамдары жети жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кыскача отчетту, ошондой эле ушул токтомдун тиркемесине ылайык форма боюнча барып-келүү жөнүндө маалыматты, ал эми чет өлкөлүк кызматтык сапарга баргандан жүз күн өткөндөн кийин жетишилген натыйжалар жөнүндө толук маалыматты берүүгө милдеттүү;
- министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жети жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө сапарлардын жыйынтыктары жөнүндө кыскача отчетту өздөрүнүн тиешелүү жетекчилерине беришет.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берилген маалыматтардын негизинде республиканын байланыштарынын келечегин талдоо үчүн маалыматтар базасын түзүү максатында ушул токтомдун 1-пунктунун а) пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтарында саналган кызмат адамдарынын чет өлкөлөргө кызматтык сапарларынын эсебин жүргүзсүн.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тиешелүү аймактардан сырткары чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы № 394 "Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын талаптарын бекем жетекчиликке алышсын жана төмөнкүлөр менен макулдашышсын:
- облустардын мамлекеттик администрация башчылары - губернаторлор, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчиси менен;
- райондордун мамлекеттик администрация башчылары жана алардын орун басарлары - облустардын мамлекеттик администрация башчылары - губернаторлор менен;
- Бишкек шаарынын райондорунун администрация башчылары жана алардын орун басарлары - Бишкек шаарынын мэри менен;
- шаардык башкармалыктардын, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана алардын орун басарлары - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине маалымдоо менен тиешелүү аймактын райондук мамлекеттик администрация башчылары менен;
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын алкагында эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулуучу семинарларга катышуу үчүн администрациялык жана муниципалдык кызматтарда иштешкен мамлекеттик кызматчыларды тандоону тикеден-тике жетекчилери жүргүзүшөөрү;
- жетекчилер өзүнүн кызматкерлерине төмөнкүлөргө жол берилгистиги жөнүндө билдирүүгө милдеттүү экендиги:
эгерде документтерге кол коюу пландаштырылбаса же болбосо алар сапарга баруучу билбеген же чала билген башка тилдерде баяндалса, материалдарды макулдашууга, кол коюуга, парафирлөөгө;
белгилүү милдеттенмелерге алып келиши мүмкүн болгон кандайдыр бир материалдарды айтууга же болбосо оозеки жактырууга.
6. Бул токтомдун 5-пункту коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер жана тышкы иштер -маселелерин тейлеген органдарды кошпогондо министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылаары белгиленсин.
7. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчиликтери, облустук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери республиканын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу жана тармактын конкреттүү проблемасын чечүү менен байланышкан маселелерди иш жүзүндө чечүүгө тийиштүү көңүл бөлүү менен, чет өлкөлүк кызматтык сапарларды кыскартуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чара көрүшсүн.
8. Бул токтомдун жоболорунун аткарылышына жеке жоопкерчилик министрлерге, мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлсүн, мыйзам бузулган учурда күнөөлүүлөргө карата тартиптик жаза колдонуу жөнүндө маселе коюлсун.
9, Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Чет өлкөлөргө кызматтык командировкаларды тартипке келтирүү жана уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин натыйжасыз аткарылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-апрелиндеги №169 токтому;
- "Чет өлкөлөргө кызматтык командировкаларды тартипке келтирүү жана уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин натыйжасыз аткарылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-апрелиндеги №169 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-июлундагы №433 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-сентябрындагы №657 токтому.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №451 токтомуна тиркеме |
Чет өлкөлүк кызматтык сапарларга барып-келүү жөнүндө маалыматтарды берүү формасынын ҮЛГҮСҮ
| Ээлеген кызматы | Барган мамлекеттин, калктуу конуштун аталышы | Барып-келүү максаты | Болуу мөөнөтү | Каржылоо булактары | башкалар |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |