Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 14-декабры № 593
«2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 544 токтому
Айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат дыйканчылыгын өнүктүрүү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы ирригациялык объекттерди курууну кайра жаңыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 593 «2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү программасы төмөнкүдөй мазмундагы 15-глава менен толукталсын:
«15. Ош облусунун Чоң-Алай районунун «Шибе-Жекенди» каналынын курулушу.
Каналдын жалпы узундугу - 7,4 км түзөт;
- жеткирүүчү жер каналынын узундугу - 1,0 км;
- басымы күчтүү түтүктүн (дюкердин) узундугу - 2,0 км;
- суу буруучу жер каналынын узундугу - 4,4 км.
Каналды куруунун жалпы наркы - 123,2 млн.сом, долбоорлоо процессинде такталат.
Мындай чарбалык ички каналды куруу 426 га сугат жерлеринин (СЖ), 500 га жаңы жерлердин жана 102 га короо-жай участокторунун суу менен камсыз болушун жогорулатууга мүмкүндүк берет.»;
2008-2010-жылдарда Кыргыз Республикасынын суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасына киргизилген, аталган токтом менен бекитилген объекттердин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
15 | Ош облусунун Чоң-Алай районунун «Шибе-Жекенди» каналынын курулушу | Жаңы курулуш | 462га СЖ, 500га жаңы сугат жер, 102га короо-жай участоктору | 123,2 | 123,2 |
| 31,2 | 92,0 |
«Жыйынтыгы» бөлүмчөсүндө:
- «Бүткөрүү үчүн талап кылынган сумма (млн.сом)» деген графачадагы «3174» деген сандар «3420,4» деген сандарга алмаштырылсын; - «Бардыгы 2008-2010» графачадагы «1309» деген сандар «1432,2» деген сандарга алмаштырылсын;
- «2009» графачадагы «459» деген сандар «490,2» деген сандарга алмаштырылсын;
- «2010» графачадагы «520» деген сандар «612» деген сандарга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги менен бирдикте жогоруда аталган программага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |