Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-августу № 545
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө« Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2009-жылдын 3-февралы, №8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы органдарынын ишинин укуктук негиздерин аныктайт, мамлекеттик салык кызматы органдарынын кызматкерлеринин укуктук статусун жөнгө салат.».
2. 1-беренеде:
- 2-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Мамлекеттик салык кызматынын бирдиктүү системасын Ыйгарым укуктуу салык органы жана ведомстволук салык органдары түзөт.».
экинчи - алтынчы абзацтар алып салынсын;
- 4, 5 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
3. 3-берене «ченемдик» деген сөздөрдөн кийин «укуктук» деген сөздөр менен толукталсын.
4. 5-беренеде:
- 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Мамлекеттик салык кызматы органдарына финансылык, экономикалык же юридикалык жогорку билимге, техникалык билимге (маалыматтык технологиялар жаатында), ошондой эле орто кесиптик экономикалык, финансылык билимге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстук негизде кабыл алынат. Салык кызматында кесиптик иш-тажрыйбасы болбогон адамдар стажировкадан өтүшөт.»;
- 1-пункттун экинчи абзацы «тарабынан» деген сөздөрдөн кийин «бекитилүүчү жобо менен» деген сөздөр менен толукталсын.
5. 6-берене төмөнкүдей редакцияда берилсин:
«6-берене. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгаруунун жалпы шарттары
Мамлекеттик салык кызматы органдарынын кызматкерлерине алардын ээлеген кызматтарына жана иштеген стажына жараша атайын наамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарылат.».
6. 11-берененин 2-пунктундагы «берет» деген сөз «берүүгө укуктуу» деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 12-берененин 3-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларындагы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 5-берененин 2-пунктундагы, 3-главанын аталышындагы, 7-берененин аталышындагы жана 1, 2-пункттарындагы, 8-берененин аталышындагы жана 1,2-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү «кызматкер» деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү «кызматчы» деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|