Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2009-жылдын 19-октябры №660
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.К.Жунусов демилге кылган "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 660 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.К.Жунусов демилге кылган "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүдөй сын-пикирлерди эске алуу менен аны кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.
1-берененин 1-пункту боюнча:
биринчи абзацтагы "2008-жылдын 11-августундагы № 201" деген сөздөрдү "("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 15-августу, № 61)" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз;
алтынчы абзацты алып салып, бул норманы "оюн-зоок талаасы" деген терминде аныктоону сунуштайбыз;
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:";
төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"оюн-зоок талаасы" - кумар оюнунун эрежелерине ылайык жабдылган оюн столундагы атайын орун. Ошол эле учурда оюн столунун ар бир оюн-зоок талаасы бир оюн столу катары кабыл алынат.".
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 105-беренесине ылайык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, чарбалык коомдордун катышуучулары катары чыгууга укуксуз экендигин эске алып, 1-берененин 2-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
4-пункт боюнча:
экинчи абзацты төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"- 3-бөлүктүн а) пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:";
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"а) оюн автоматтар залы, тотализаторлор жана букмекердик кеңселер:";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- "б" пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"б) казино:";".
Лицензиаттын лицензияны кайра тариздөөгө тийиштүү арыз берүүсү жана мурдагы лицензияны кайтарып берүү лицензиаттын оюн-зоок ишин андан ары жүзөгө ашыруусун токтотпой тургандыгын эске алып, Мыйзам долбоорун төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
"5. 9-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Лицензияны кайра тариздөөгө жана лицензияны колуна алганга чейин лицензиат ишин мурда берилген лицензиянын көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырат.".
5-9-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 6-10-пункттар деп эсептелсин.
6-пункт боюнча:
үчүнчү абзацтагы "жекече" деген сөз алып салынсын;
жетинчи абзацтагы "сүйлөм" деген сөз "абзацтар" деген сөзгө алмаштырылсын.
8-пункт боюнча:
экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Оюн-зоок жайларынын кардарлары 21 жашка чыккан (аракетке толук жөндөмдүү) адамдар болушу мүмкүн.";".
Адамды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу маселелери Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодекси менен жөнгө салынуучу предмет болуп эсептелээрин эске алып, төртүнчү-алтынчы абзацтарды алып салууну сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык ишкердик ишти жөнгө салуучу нормативдик актылар расмий жарыяланган күндөн тартып кеминде бир айдан кийин күчүнө кирет, буга байланыштуу 2-берененин 1-бөлүгү "күчүнө" деген сөздөн мурда "бир ай өткөндөн кийин" деген сөздөр менен толукталсын.
Ошондой эле, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон, анан да ишкердик ишти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору норма жаратуучу органдын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга алына тургандыгын эскерте кетебиз.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 "Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө" токтому менен бекитилген методикага ылайык мыйзам долбоорун, анын жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде карап чыгууну зарыл деп эсептейбиз.
Жалпысынан мыйзам долбоорунун текстин норма жаратуу техникасынын эрежелерине ылайык келтирүү зарыл.
|
|