Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры № 662
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 529 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилген "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кайра сурап алынсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 529 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу";
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.";
- 2-пунктта "Аталган мыйзам долбоорлору" деген сөздөр "Аталган мыйзам долбоору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директору (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |