ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №662 «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралу» токтому

Редакция19.10.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 19-октябры № 662

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 529 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилген "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кайра сурап алынсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 529 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу";

- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.";

- 2-пунктта "Аталган мыйзам долбоорлору" деген сөздөр "Аталган мыйзам долбоору" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункттагы "жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директору (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов