Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры № 663
«Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И. Чудинов |
Долбоор
1-берене. Бул Жалпы техникалык регламентти колдонуу чөйрөсү
1. Бул «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» жалпы техникалык регламенти (мындан ары - Техникалык регламент) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо, өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдөө процессинде адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, колдонуу жана утилдөө процессинде (колдонуу циклинин стадияларында) болуучу коопсуздук жагында керектөөчүлөрдү адаштыруучу иштерди болтурбоо максатында колдонулат.
2. Бул Техникалык регламент төмөндөгүлөрдү белгилейт:
1) техникалык жөнгө салуунун объектилерин жана алардын идентификациясын;
2) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын колдонулуш циклинин бардык этаптарында алардын мүнөздөмөлөрүнө (касиеттерине) коюлган коопсуздуктун минималдык зарыл талаптарын;
3) керектөөчүлөрдү жаңылууга алып баруучу иштердин алдын алуу үчүн маалыматтарга болгон талаптарды;
4) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын бул Техникалык регламентте аныкталган талаптарга ылайыктыгын баалоонун формаларын.
3. Бул Техникалык регламентте техникалык жөнгө салуунун объектилери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары, алардын коопсуздугун аныктоочу мүнөздөмөлөрү;
2) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо, өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү процесстери.
4. Бул Техникалык регламенттин колдонулуу чөйрөсүнө кирүүчү курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын идентификациясы Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасындагы (ТЭИ ТН) коддорду жана продукциянын классификатору (ОКП) боюнча аларга ылайык келүүчү коддорду колдонуу менен белгиленет.
5. Бул Техникалык регламент курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын мүнөздөмөлөрүнө (касиеттерине) карата коопсуздук талаптарын аныктоочу башка техникалык регламенттер менен бирдикте же аларды колдонуу мөөнөттөрүнүн бардык стадияларында колдонулат.
6. Башка техникалык регламенттердин талаптары бул Техникалык регламентте аныкталган талаптарды жокко чыгарып же төмөндөтө албайт.
7. Бул Техникалык регламент мурда колдонулган жана курулуш ишинде кайрадан колдонула турган курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына карата колдонулбайт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Техникалык регламенттин максаты үчүн «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген негизги түшүнүктөр пайдаланылат. Алар менен кошо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын колдонуунун бардык стадияларындагы коопсуздугу - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлкүнө, айлана-чөйрөгө, ошондой эле жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыян келтирүүгө байланышкан жол берилгис опурталдын жоктугу;
техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтер - бул Техникалык регламенттеги талаптарды ишке ашыруучу нормативдик документтер;
курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын колдонулуш цикли - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо, жасоо (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү процесстери;
арыз берүүчү - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык анын аймагында катталган юридикалык жак же жеке ишкер катары каттоодон өткөн курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүчү (даярдоочу), сатуучу же чет өлкөлүк өндүрүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде берилчү продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгын камсыздоо боюнча чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн функцияларын аткаруучу жак.
имарат - адамдар жашашы жана (же) иштеши, өндүрүштөр жайгаштырылышы, продукция сактоо же жаныбарларды багуу үчүн бөлмө-жайлары бар жер үстүндөгү же жер астындагы курулган курулма;
продукциянын идентификациясы - конкреттүү продукциянын үлгүгө жана (же) анын сүрөттөлүшүнө ылайыктыгын аныктоо;
өндүрүүчү (даярдоочу) - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын техникалык жана технологиялык документтерге ылайык жасап, аларга (тара, таңгак) айырмалоочу белгилерди салып, муну менен продукциянын коопсуздугу үчүн укукту жана жоопкерчиликти моюнга алуучу юридикалык жак же жеке ишкер;
импортер - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын башка өлкөлөрдөн алып келчү, ошону менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын коопсуздугу үчүн чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн ордуна функцияларды жана жоопкерчиликти мойнуна алган юридикалык жак же жеке ишкер;
утилдештирүү - коркунучтуу жана пайдаланылбачу курулуштук калдыктарды жок кылуу жана көмүү боюнча уюштуруучу-технологиялык жумуштардын комплексин аткарууга байланышкан иш же калдыктарды экинчи сырье жана пайдалуу продукция алуу максатында зыянсыздоо;
минималдуу зарыл талаптар - адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды же өсүмдүктөрдү коргоо үчүн жетиштүү болгон, зыян келтирүү опурталын баалоого, курулуштук материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын коопсуздугу тууралуу керектөөчүлөрдү жаңылтуучу аракеттерди болтурбоого негизделген коопсуздук талаптары;
жаңы продукция - биринчи жолу жасалып жаткан жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу алынып келген жана белгиленген тартипте бекитилген техникалык жана милдеттүү талаптар коюла элек продукция;
коопсуздукту камсыз кылуу - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлкүнө жана (же) айлана-чөйрөгө, анын ичинде өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирүү мүмкүндүгүнө байланышкан опурталдарды болтурбоо боюнча комплекстүү инженердик-техникалык жана уюштуруучулук чараларды көрүү;
курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын рынокто жүгүртүү - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо жана өндүрүүдөн (даярдоочудан) башка колдонулуш циклинин бардык этаптары;
опурталдын объектиси - курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары жана алар менен өз ара байланыштагы, адамдарга, айланачөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө терс таасир этиши мүмкүн болгон өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдөө процесстери;
сатуучу - курулуш материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды жасап чыгаруучу, ыйгарым укуктуу өкүл же импортер болбостон аларды саткан жана алардын коопсуздугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти мойнуна алган юридикалык жак же жеке ишкер;
курулма - белгиленген керек-жарак кызматтарын ишке ашыруу үчүн багытталган курулуш иштеринин айрым жыйынтыгы;
курулуш конструкциясы - имараттын жана курулманын тирөөч, тосмо жана (же) эстетикалык кызмат аткаруучу бөлүгү;
курулуш буюму - имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкцияларынын элементтери катары пайдаланууга арналган буюмдар;
курулуш материалдары - курулуш буюмдарын жана имараттар менен курулмалардын конструкцияларын даярдоо үчүн арналган материал;
опурталдын субъектиси - опурталдын объектиси таасир этүүчү адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр, айлана-чөйрө, мүлк;
ыйгарым укуктуу өкүл - өндүрүүчү менен курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуу укугуна келишим түзгөн жана өндүрүүчүнүн атынан алардын коопсуздугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти мойнуна алган юридикалык жак же жеке ишкер.
3-берене. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу жагындагы техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери
Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу жагындагы техникалык жөнгө салуунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын архитектура, шаар куруу жана курулуш жагындагы мыйзамдары, ушул Техникалык регламент жана болгон Кыргыз Республикасынын бул техникалык регламент колдонулчу чөйрөгө тиешелүү нормативдик укуктук актылары саналат.
Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
4-берене. Бул Техникалык регламент менен белгиленчү коопсуздук талаптары
1. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары жана (же) алар менен өз ара байланыштагы өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, колдонуу жана утилдөө процесстери коопсуздуктун: механикалык, өндүрүштүк, биологиялык, химиялык, радиациялык, термикалык, электрдик, экологиялык түрлөрүнө, өрт жана жарылуу коопсуздугуна жана нурдануу коопсуздугуна ылайык келүүлөрү керек.
Коопсуздуктун бул талаптары курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын колдонулуш циклинин стадияларында, керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка алып келүүчү иштерди болтурбоо боюнча талаптар менен бирге белгиленет.
2. Адамдарга, алардын мүлкүнө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө, айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунуч объектиси боло турган курулуштук материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын айрым мүнөздөмөлөрүнө (касиеттерине) карата коопсуздук талаптары тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленет.
5-берене. Механикалык жана өнөр жайлык коопсуздуктун камсыздалышына талаптар
Механикалык жана өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо максатында курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуу жана курулушка пайдалануу процессиндеги таасирлер (анын ичинде тышкы географиялык жана климаттык шарттар) бүт имарат же курулма же анын бөлүгү урап калышына дуушарлантпагыдай кылып долбоорлонот, өндүрүлөт (даярдалат), ташылат жана сакталат.
6-берене. Өрт жана жарылуу коопсуздугун камсыз кылуу талаптары
Өрт коопсуздугун жана жарылуу коопсуздугун камсыздоо максатында курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары Техникалык регламентте жана Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин тиешелүү бөлүмдөрүндө аларга өрт коопсуздугу боюнча коюлчу талаптарга жооп бериши керек.
7-берене. Химиялык коопсуздукту камсыздоо талаптары
1. Курулушта пайдаланылчу курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан пайдалануу үчүн уруксат берилген болуш керек.
2. Курулуш материалдарында жана буюмдарында адамдардын жана жаныбарлардын организмине түз жана кыйыр таасир бере турган өлчөмдө зыяндуу заттарды болбошу жана айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыкпашы керек.
3. Лак жана сырдоочу, полимердик жана полимер камтыган курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын курамындагы адамдар жана жаныбарлар үчүн зыяндуу химиялык заттар ушул Техникалык регламентке өз ара байланыштуу тиешелүү нормативдик документтердин талаптарына ылайык болууга тийиш.
4. Зыяндуу химиялык заттардын концентрациясынын жол берилчү эң жогорку чеги ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы тиешелүү нормативдик документтерде белгиленген маанилерден ашпашы керек.
8-берене. Радиациялык коопсуздукту камсыздоо талаптары
1. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын радиациялык коопсуздугу «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды аткаруу жолу менен камсыздалат.
2. Курулуш материалдарындагы жана буюмдарындагы табигый радионуклиддердин салыштырмалуу натыйжалуу активдүүлүгү ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы тиешелүү нормативдик документтерде белгиленген маанилерден ашпашы керек.
3. Адамдарга жана айлана-чөйрөгө радиациялык таасир берүү мүмкүндүгү бар курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары санитардыкэпидемиологиялык оң корутундусуз жүгүртүүгө чыгарылбайт.
9-берене. Экологиялык жана биологиялык коопсуздуктун талаптары
1. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын экологиялык коопсуздугунун жалпы талаптары экологиялык коопсуздук боюнча тиешелүү техникалык регламент менен белгиленет.
2. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын биологиялык коопсуздугу адамдар жана айлана-чөйрө үчүн микробиологиялык коопсуздук боюнча талаптарды белгиленген тартипте аткаруу менен камсыздалат.
10-берене. Термикалык коопсуздуктун аткарылышын камсыздоо талаптары
Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын термикалык коопсуздугу курулуш материалдарын өндүрүү (даярдоо), ташуу жана сактоо учурунда болушу ыктымалдуу жогорку же өтө төмөн температурадагы нерселерге адамдардын жана жаныбарлардын тийишип кетишин болтурбоочу техникалык жана технологиялык чараларды көрүү жолу менен камсыз кылынат.
11-берене. Электр коопсуздугун жана нурдануу коопсуздугун камсыздоо талаптары
Электрдик коопсуздукту, ошондой эле нурдануу коопсуздугун камсыздоо максатында курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары электр тогуна урунуудан жана коркунучтуу нурлардын эмиссиясынан жабыркоо кокустуктарын болтурбагыдай долбоорлонот, жасалат (өндүрүлөт), ташылат, сакталат жана пайдаланылат.
12-берене. Техникалык регламентке ылайык келүү презумпциясы
1. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу аларды колдонуу циклинин бардык стадияларында нормативдик документтердин системасын сөзсүз колдонуу менен жөнгө салынат.
2. Бул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтер курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо, өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдөө процесстеринин коопсуздугун камсыздоого арналат, алардын системасы ушул Техникалык регламенттин 1-тиркемесинде берилди.
3. Бул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Бул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин талаптарын бузууга жол берилбейт.
13-берене. Курулуш буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо учурундагы коопсуздуктун талаптары
Курулуш буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо учурунда бул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин талаптарын аткаруу зарыл.
14-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү (жасоо) учурундагы коопсуздуктун талаптары
1. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү (даярдоо) учурунда ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин талаптары жана алардын негизинде иштелип чыккан технологиялык регламенттин талаптары, ошондой эле тиешелүү техникалык регламенттердин талаптары аткарылышы камсыздалат.
2. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралардын бүткүл комплекси аткарылат.
3. Ишканаларда курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү (даярдоо) процессинде коопсуздукту камсыздоочу бардык технологиялык операцияларды контролдоо системасы колдонулушу керек.
4. Эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн натуралык сыноолорду өткөрүү талап кылынса, анда алар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин талаптарына ылайык толук көлөмдө жүргүзүлүшү керек.
5. Курама курулуш конструкцияларды жасаганда долбоордон ар кандай четтөөлөр анын авторлору менен макулдашылат. Авторлорунун макулдугусуз долбоордон четтетилип даярдалган курама курулуш конструкцияларды сатууга жол берилбейт.
6. Өндүрүүчү (даярдоочу) ишканалар курулуш объектилерине түшчү курулуш материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды керектүү коштомо документтер (сапат паспортунун түп нускасы же көчүрмөсү, шайкештик сертификаты, шайкештик жөнүндө декларация) менен, ал эми соода тармагына түшчүлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган колдонуунун коопсуздугу боюнча нускама менен камсыздашат.
7. Өндүрүүчүдө жасалган бардык курулуштук материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды өндүрүүчү ишкананын (даярдоочунун) техникалык контролу кабыл алат, маркаланат (буюмдун өзүнө, тарасына, коштомо документтерге) жана идентификациясы (классы, маркасы, сорту, партиясы, даярдалган датасы) даана болушу керек.
8. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын жасачу (даярдоочу) ишканалар Кыргыз Республикасынын аймагындагы рынокко сатууга түшкөн продукциянын коопсуздугун анын техникалык документтеринде белгиленген гарантиялык мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү өткөнчө камсыздашат.
9. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө (даярдоодо) коопсуздук талаптары аткарылышы үчүн өндүрүүчү (даярдоочу) ишканалар жооптуу.
15-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ташуудагы жана сактоодогу коопсуздук талаптары
1. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сактоо жана ташуу ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин бардык талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
2. Сактоонун шарттары, мөөнөтү, шарттары, ташуунун тартиби, таңгагы (бекемдөө), сактоого коюу жана зарыл маркалоо курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына нормативдик жана техникалык документтерди иштелип чыгууда аныкталышы керек жана коштомо нускамада пайдалануу боюнча нускама менен кошо көрсөтүлөт.
3. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ишкананын кампаларында жана сатуучу жерлерде сактаганда абадагы зыяндуу заттар калктын саламаттыгынын санитардык-эпидемиялык бейпилдиги жагындагы ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтерде белгиленген жол берилчү эң жогорку чектеги концентрациядан ашуусун болтурбачу чаралар, ошондой эле булганышын, өрт чыгышын жана жарылууну болтурбоочу чаралар көрүлүшү керек.
4. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары тийиштүү түрдө таңгакталып (зарыл болсо), сактоонун жана ташуунун коопсуздугу боюнча сунуштар менен жабдылганда анан сактоого жана ташууга жол берилет.
5. Эгер продукцияны өндүрүүчү (даярдоочу) же керектөөчү тарабынан башкача караштырылбаса, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ташуу транспорттун ошол түрүнө тиешелүү жүк ташуунун эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
6. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ташууда жана сактоодо:
1) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын таңгагында алардын керектөөдөгү сапатын же коопсуздук көрсөткүчтөрүн өзгөртүүчү санкциясыз ачууну болтурбачу жылчыксыздыгы, бүтүндүгү жана бекемдиги (зарыл болсо) камсыздалат;
2) сырттоо үчүн коопсуз материалдар жана заттарды колдонулат;
3) персоналды коопсуз иштөө чаралары менен тааныштыруу каралат;
4) коргонуунун жеке жана коллективдүү каражаттары жана атайын кийимдер берилет.
7. Опурталдуу курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялар үчүн коопсуздуктун зарыл чаралары өндүрүүчү (даярдоочу) ишканалар тарабынан коштомо нускамада көрсөтүлөт.
8. Бири-бирине тийишкенде от алуучу, жарылуучу же күйүүчү газдарды чыгаруучу курулуш материалдарын сактоого жана ташууга тыюу салынат.
9. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын жүктөө же түшүрүү ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин талаптарын аткаруу менен ишке ашырылат.
10. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ташуу процессиндеги коопсуздук талаптары аткарылышы үчүн жоопкерчиликти ташуучу уюмдар тартышат.
16-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын рынокко чыгаруу шарттары
1. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары ушул Техникалык регламенттин 26-беренесине ылайык колдонулчу рынокто жүгүртүү белгиси менен маркаланууга тийиш.
Бул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары шайкештик белгиси менен маркаланбайт жана рынокто жүгүртүүгө чыгарылбайт.
2. Өндүрүүчү, ыйгарым укуктуу өкүл, импортер төмөнкүлөргө милдетүү:
1) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын бергенде (сатууда) мүмкүн болгон зыян келтирүү опурталын баалоо жана аларга тиешелүү коопсуздук чараларын көрүү үчүн керектөөчүнү коштомо документтер менен камсыздоого (пайдалануу боюнча нускамалар; сапат паспорту; шайкештик сертификатынын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөсү);
2) курулуш материалдарында, буюмдарында жана конструкцияларында аныкталган потенциалдуу опурталдар тууралуу мамлекеттик көзөмөлдүн жана аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарына алар керектөөчүлөргө эскертүүчү чараларды көрүшү үчүн маалымдоого.
3. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) колдонуу жана сактоо мөөнөтү өтө элек, тарасы жана таңгагы бузулбаган курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатууга, эгер зарыл болсо алардын эксплуатациялык документтеринин толук комплекти менен сатууга;
2) коштомо документтерди алып жүрүүгө жана аларды талап кылган учурда көрсөтүүгө;
3) белгиленген коопсуздук талаптарына жооп бербеген курулуштук материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды сатыкка чыгарбоого;
4) керектөөчүлөргө курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын коопсуз колдонуунун эрежелери боюнча пайдалануу нускамасынын көлөмүндө консультация берүүгө.
4. Адамдарга жана айлана-чөйрөгө зыяндуу химиялык, радиациялык жана биологиялык таасир тийгизиши, өрт чыгуу (жарылуу) ыктымалдыгы бар жана эксплуатациялык сапаттардын талаптарына ылайык келбеген курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын жүгүртүүгө тыюу салынат.
Андай курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын рынокто жүгүрткөндөр (ишканалар, өндүрүүчүлөр (даярдоочулар), ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуучулар, импортерлор) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
5. Шайкештик сертификатын алган өндүрүүчү (даярдоочу), сатуучу ушул Техникалык регламенттин 26-беренесине ылайык шайкештик белгисин колдонууга укуктуу.
17-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын курулушта пайдалангандагы коопсуздуктун талаптары
1. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын төмөнкүдөй учурларда курулушта пайдаланууга уруксат берилет:
1) ушул Техникалык регламенттин жана курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына тиешеси бар башка техникалык регламенттердин талаптарына жооп беришсе;
2) тиешелүү деңгээлде таңгакталса (эгер зарыл болсо);
3) шайкештик белгиси менен маркаланса (эгер шайкештикти тастыктоо схемасында каралса);
4) керектүү коштомо документтери бар болсо.
2. Опурталдуу курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары кооптуулук белгиси жана коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар менен жабдылат, аларда төмөнкүдөй маалыматтар болот:
1) курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары менен иштегендеги жеке коргонуунун каражаттары жөнүндө;
2) зыяндуу факторлордун адамдарга, айлана-чөйрөгө жана мүлккө таасир этишин болтурбоочу эмгектин ыкмалары жана методдору жөнүндө.
3. Курулуш объектилерин тургузуу үчүн курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын пайдаланууда коопсуздук төмөнкүдөй камсыздалат:
1) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын пайдаланууга байланыштуу опурталды минимум азайтуучу технологияны жана жабдууну (ишти механикалаштыруу каражаттары), иштин ыгын жана методдорун тандоо менен;
2) эскертүүчү маркалоону жана кабарлоо каражаттарын колдонуу менен;
3) жеке коргонуу каражаттарын жана атайын кийимдерди колдонуу менен;
4) персоналды мезгилдүү окутуу жана билимин текшерүү, авариялык кырдаалдардын алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуу жана аларды жоюунун зарыл каражаттары менен жабдуу;
5) курулушта коопсуздук ыкмаларынын жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеги персоналдын эмгегин коргоону аткаруу менен.
4. Курулуш объектилеринде, имараттарды жана курулмаларды тургузууда курулуштук материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды пайдалануу - зарыл квалификациясы бар, иштин коопсуз методдоруна жана ыкмаларына окутулган, сактануунун жана этияттыктын зарыл каражаттары менен камсыздалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке киргизилген персоналдар тарабынан жүргүзүлүшү керек.
5. Курулуш иштеринде өрт жана жарылуу жагынан опурталдуу курулуштук материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды пайдаланганда алардын өрт чыгуу жана жарылуу ыктымалдыгын азайтуучу, ошондой эле өрт чыккан жана жарылуу болгон учурда адамдарга терс таасирди болушунча азайтуучу чаралар каралат.
6. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоонун бардык мезгилинде ушул Техникалык регламенттин жана башка техникалык регламенттердин бардык талаптары аткарылышын камсыздашы керек.
7. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын пайдаланганда коопсуздук талаптары аткарылышы үчүн төмөндөгүлөр жооптуу болушат:
1) курулушта - аларды пайдаланчу курулуш жана монтаж уюмдары;
2) эксплуатация процессинде - имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялачу уюмдар;
3) жарандардын тиричилик керектөөлөрүндө - өндүрүүчү (даярдоочу) ишканалар, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, импортерлор жана сатуучулар (пайдалануу коопсуздугу боюнча көрсөтмөлөрдү камтыган зарыл маалыматтарды жана коштомо документтерди берүү жагынан).
18-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын утилдештирүүдөгү коопсуздук талаптары
1. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары аларды сактоо же пайдалануу мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген коопсуздук чараларын сактоо менен утилдештирилет.
2. Курулуш материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды жаңы курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын жаратуу үчүн алардан экинчи жолку сырье алуу максатында өнөр жайлык кайра иштетүү жолу менен утилдештирүү ыкмалары приоритеттүү болот.
3. Өндүрүштүк кайра иштетүүгө болбочу курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык термикалык зыянсыздандыруу же көмүү жолу менен жок кылынууга тийиш.
4. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын же алардан калдыктарын утилдештирүүдө жана жок кылууда иш аймагынын абасындагы, атмосфералык абадагы, ачык суулардагы жана жер кыртышындагы зыяндуу заттардын концентрациясы концентрациянын жол берилчү эң жогорку чегинен ашпашы керек.
5. Эгер курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын утилдештирүү стадиясындагы коопсуздук чаралары каралган болсо, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын утилдештирүү (жок кылуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Техникалык регламентте жана башка техникалык регламенттерде белгиленген коопсуздук чараларын сактоо менен ишке ашырылат.
6. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктарын утилдештирүүдө коопсуздук талаптары аткарылышы үчүн жооптуулар:
1) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары өндүрүү (даярдоо) стадиясында пайда болсо - анда өндүрүүчүлөр (даярдоочулар);
2) ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуучулар (эгер продукция сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жарабай калса);
3) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары курулуш процессинде пайда болсо - курулуш-монтаждоо уюмдары;
4) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары ташууда жана сактоодо пайда болсо - ташууну жана сактоону ишке ашырган тиешелүү уюмдар;
5) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо пайда болсо - имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялачу уюмдар;
6) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары имараттарды жана курулмаларды ажыратууда жана бузууда пайда болсо - имараттарды жана курулмаларды демонтаждачу уюмдар.
19-берене. Керектөөчүлөрдү адаштыруучу аракеттерди болтурбоо үчүн маалыматтарга талаптар
1. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары сатуу рыногунда жүгүртүлгөндө керектөөчүлөр үчүн тийиштүү маалымат менен коштолот, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) буюмдагы, тарадагы, таңгагындагы же коштомо документиндеги идентификациялачу марка;
2) материалдын же буюмдун негизги, анын ичинде анын коопсуздук чөйрөсүнө тиешелүү мүнөздөмөлөрүн көрсөткөн сапат паспорту;
3) коопсуз пайдалануу боюнча нускама (соода тармагында сатуу үчүн);
4) өрт өчүрүүнүн ыкмалары жана каражаттары (зарыл болсо);
5) шайкештигин тастыктаган документтер.
2. Коштомо документке киргизилген маалыматтын курамына, мазмунуна минимум талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3. Эскертүүчү жана идентификациялоочу маркалоо текст, символ, пиктограмма түрүндө белгиленет (жазылат).
4. Керектөөчү үчүн маалымат так жана оңой окулгудай болуш керек. Мында коопсуздук талаптары бөлөк шрифт, түс менен же башкача жол менен белгиленет.
5. Курулуш материалдарын жана буюмдарын керектөөчүлөрдү адаштырчу аракеттерди болтурбоо үчүн маалыматтар боюнча жооптуулар:
1) курулуш объектилерине жана жарандардын тиричиликтеги керектөөлөрү үчүн ишканадан түз берилчү курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары боюнча - даярдоочу ишканалар;
2) ортомчулар жана соода тармактары аркылуу берилчүлөр үчүн - ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуучулар;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилчүлөр үчүн - импортерлор.
20-берене. Шайкештикти баалоо формалары
Кыргыз Республикасынын аймагында рынокто жүгүртүлчү курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин баалоо милдеттүү мүнөздө болот жана төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылат:
1) шайкештикти тастыктоо;
2) ушул Техникалык регламенттин талаптары аткарылышына мамлекеттик көзөмөл.
21-берене. Шайкештикти ырастоо
1. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары Кыргыз Республикасынын аймагындагы рынокко чыгарылганга (жүгүртүлгөнгө) чейин шайкештигин ырастоо жол-жобосунан өтүш керек.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин тастыктоо милдеттүү жана ыктыярдуу мүнөзгө ээ.
3. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгын милдеттүү тастыктоо төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылат:
1) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу (мындан ары - шайкештикти декларациялоо);
2) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын милдеттүү түрдө сертификаттоо.
4. Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталчу продукциянын тизмеси ушул Техникалык регламенттин 2-тиркемесинде берилди.
5. Өндүрүүчү (даярдоочу) же чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн (даярдоочунун) расмий өкүлү продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун формасын: милдеттүү сертификаттоо жүргүзүүнү же шайкештик жөнүндө декларация кабыл алууну тандоого укуктуу.
6. Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциянын тизмесине кирбеген продукция үчүн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин тастыктоо арыз ээсинин демилгеси менен жүргүзүлөт.
7. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо боюнча иштердин мазмуну жана аларды жүргүзүүнүн ырааты ушул Техникалык регламенттин 22 жана 23-беренелеринде көрсөтүлгөн курулуштук материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын шайкештигине милдеттүү тастыктоо жүргүзүүнүн тартипке ылайык болууга тийиш.
8. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоонун натыйжасы оң болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формадагы шайкештик сертификаты берилет.
22-берене. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин декларациялоо
1. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин декларациялоо төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат, алар:
1) Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте каттоого турган өндүрүүчүнүн, чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн өкүлүнүн (мындан ары - дилер) жеке далилдери;
2) билдирүүчүнүн жеке далилдери жана үчүнчү тараптын (продукцияны сертификаттоо боюнча органдар, сапаттык менеджмент системасын сертификаттоо боюнча органдар, аккредиттелген көз карандысыз сыноочу лабораториялар) катышуусу менен алынган далилдер.
2. Шайкештикти декларациялоо шайкештиги милдеттүү тастыкталчу продукциянын тизмесине кирген продукцияга карата гана жасалат.
3. Шайкештик жөнүндө декларацияны ата мекендик өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) жана дилерлер кабыл алууга укуктуу.
4. Өндүрүүчү (даярдоочу) же дилер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин тастыктаган документтердин негизинде шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алат.
5. Өндүрүүчү (даярдоочу) же дилер декларациялоо схемасын төмөнкү схемалардан тандайт:
1) Д 1 схемасы - продукциянын шайкештик декларациясын ата мекендик же чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн же дилердин жеке далилдеринин негизинде кабыл алууда колдонулат. Мында декларацияны кабыл алып жаткан өндүрүүчү (жасап чыгаруучу) же дилер продукциянын коопсуздуктун милдеттүү талаптарына ылайыктыгын тастыктоо максатында өз алдынча далилдөө базасын түзөт.
Далилдер катары: техникалык документация; өздөрү өткөргөн сыноолордун жана өлчөөлөрдүн жыйынтыктары; сырьенун, материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын шайкештик сертификаттары же сыноолордун протоколдору; бул продукция үчүн нормативдик укуктук актыларда каралган жана ага ыйгарым укуктуу органдар жана уюмдар тарабынан берилген документтер (гигиеналык корутундулар, өрт коопсуздугунун сертификаттары (сыноолордун протоколдору); декларацияланып жаткан продукциянын милдеттүү талаптарга ылайыктыгын жарыялоо үчүн негиз болгон башка документтер.
Шайкештик тууралуу декларация бул продукцияны чыгаруунун же партияны сатуунун пландалган мөөнөтүнө жараша, ал продукция үчүн продукцияны өндүрүүчү же дилер белгилеген мөөнөткө, бирок 3 жылдан ашык эмес убакытка кабыл алынат;
2) Д 2 схемасы - өндүрүүчү же дилер курулуштук материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын талапка ылайыктыгы жөнүндө декларацияны жеке далилдеринин жана үчүнчү тараптын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде кабыл алып жатышканда колдонулат. Мында жеке далилдерге кошумча катары техникалык документациянын комплектисине декларацияланчу продукцияга үчүнчү тарап (аккредитацияланган көз карандысыз сыноочу лабораториялар) жүргүзгөн сыноолордун протоколдору киргизилет;
3) Д 3 схемасы - Д 2 схемасы сыяктуу эле шарттарда колдонулат, бирок өндүрүүчү же дилер жеке далилдерине кошумча катары өзү өндүргөн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын, же алардын курамдык бөлүктөрүнүн (келишим боюнча алынган) сапатына менеджмент системасынын сертификатын көрсөтөт. Сапатка менеджмент системасынын сертификаты декларациялоого жаткан ар кандай продукцияга карата декларацияны кабыл алууда далилдөөлөрдүн курамында боло алат. Д 2 жана Д 3 схемалары боюнча талапка шайкештик декларациялары да 3 жылга чейинки мөөнөткө кабыл алынса болот.
6. Шайкештик тууралуу декларациянын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
23-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын милдеттүү сертификаттоо
1. Кыргыз Республикасында курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын милдеттүү сертификаттоону продукциянын ушундай түрлөрүн сертификаттоо укугуна белгиленген тартипте аккредиттелген сертификаттоо боюнча органдар арыз ээси менен милдеттүү сертификаттоо жүргүзүү жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырышат.
2. Милдеттүү сертификаттоо объектиси төмөнкүдөй продукциялар болот:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы рынокко чыккандар, шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукциянын тизмесинде көрсөтүлгөн милдеттүү талаптар жагынан гана (ушул Техникалык регламенттин 2-тиркемеси);
2) тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коду (ТЭИ ТН) шайкештиги милдеттүү сертификатталууга тийиш болгон продукциянын тизмесинде берилген продукциянын кодуна 10 белгинин деңгээлинде дал келгендер.
3. Сертификаттоо органдары керектөөчү үчүн маалыматтын милдеттүү реквизиттери жок продукцияны сертификаттоого укугу жок, алар:
1) товардын аталышы;
2) чыгарган өлкөнүн (өндүрүүчүнүн) аталышы;
3) жасаган (өндүргөн) фирманын аталышы;
4) өндүрүүчүнүн (даярдоочунун) жана (же) сатуучунун юридикалык дареги;
5) товардын негизги (же функциялык) арналышы же аны колдонуу чөйрөсү;
6) коопсуз сактоонун, ташуунун, коопсуз пайдалануунун, утилдөөнүн (зарыл болсо көмүүнүн жана жок кылуунун) эрежелери жана шарттары;
7) жарактуулук (пайдалануу) мөөнөтү;
8) жасалган күнү.
4. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын милдеттүү сертификаттоо ушул Техникалык регламенттин 3-тиркемесинде берилген схемалардын бири боюнча ишке ашырылат.
5. 1-5 сертификаттоо схемалары өндүрүүчү (даярдоочу) сериялуу чыгарчу курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификаттоодо, төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) 1-схема импорттук жана ата мекендик сериялуу чыгарылчу продукция үчүн - кыска мөөнөттүү (12 айдан ашпаган) келишимде конкреттүү алуучу жана берилчү продукциянын конкреттүү көлөмү көрсөтүлгөндө. Сертификат продукциянын үлгүсүнө сыноо жүргүзүлгөндөн кийин продукция бериле баштаганга чейин 1 жыл мөөнөткө берилет. Бул схема продукцияны алуучу (пайдалануучу) же келген продукцияны контролдоого, же продукциянын берилген үлгүгө ылайыктыгын текшерүүгө мүмкүндүгү болгон учурларда колдонулат, ал жөнүндө жабдуу-берүү келишиминде көрсөтүлөт;
2) 2-схема - үч жыл мөөнөткө чейин шайкештик сертификатын берүү жана сатуучудан алынган үлгүгө инспекциялык контроль жүргүзүү менен узак мөөнөттүү (бир жылдан ашык) келишимдерде же сериялуу продукцияны өзүнчө келишимдер менен туруктуу берүүгө контракттарда импорттук продукция үчүн. Продукция түздөн-түз өндүрүүчү же анын расмий өкүлү тарабынан берилет.
3) 3-схема - сериялуу өндүрүүнүн стабилдүүлүгү шек туудурбаган продукция үчүн. Өндүрүүчү (даярдоочу) продукциянын процесстери туруктуу контролдонооруна, продукциянын ар бир партиясын кабыл алууда-тапшырууда сыноолор жүргүзүлгөнүнө жана продукциянын ар бир партиясынын коопсуздугун тастыктаган документтер (сапат паспорттору же сертификаттары) берилгенине далилдерди берет. Шайкештик сертификаттары даяр продукцияны контролдоо системасынын натыйжалуулугун, мурдагы сертификаттык сыноолордун жана инспекциялык контролдун натыйжаларын, керектөөчүлөрдөн рекламациялар жоктугун эске алуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө берилет;
4) 4-схема - 3-схемадагы шарттарда, бирок чөйрөсү анык эмес керектөөчүлөр үчүн чыгарылчу продукцияга ар тараптуу жана катуу инспекциялык контроль зарыл болсо жана эгер продукциянын коопсуздугу ташуунун жана сактоонун шарттарына көз каранды жана өндүрүүчүдө өзүнүн сыноочу лабораториясы жок учурларда берилет. Шайкештик сертификаты эки жылга чейинки мөөнөткө берилет.
5) 5-схема - сапат системасы бар ишкананын продукциясын сертификаттоодо, продукцияга шайкештик сертификатын үч жыл мөөнөткө берүү менен.
6. Бул берененин 5-бөлүмүндө көрсөтүлбөгөн сертификаттоо схемалары төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) 6 жана 7-схемалар - продукцияны өндүрүү, берүү же сатуу бир жолку мүнөздө болгон учурларда (партия, бир жолку продукция). 6-схема боюнча партиядан алынган үлгү (үлгүлөр) сыналат, ал эми 7-схема боюнча - ар бир үлгүгө сыноо жүргүзүлөт. 6 жана 7-схемалар боюнча шайкештик сертификаты ал продукциянын жарактуулук мөөнөтүн, сактоонун, пайдалануунун шарттарын жана сатуу мүмкүндүгүн эске алуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө берилет;
2) 2а жана 3а схемалар - талапка жооп берген 2 жана 3 схемаларынын ордуна, эгер арыз ээси сертификаттоо боюнча органга продукцияны өндүрүүнүн коопсуздук параметрлерин туруктуулугун камсыздоонун деңгээли жана абалы жөнүндө маалыматты бере албаса жана анын натыйжасында сертификаттоо үчүн өндүрүштүн абалын талдоо зарыл болгон учурларда колдонулат.
3) 6а схема - шайкештик сертификаты берилгенден кийин партиядан алынган үлгүлөрдү сыноо жолу менен сертификатталган продукцияны инспекциялык контролдоону караштырат.
7. 3-тиркемеде берилген милдеттүү сертификаттоо схемаларын сертификаттоо боюнча органдар продукциянын, аны өндүрүүнүн, жүгүртүүнүн жана пайдалануунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен сертификат берүү процедураларында колдонушат.
8. Ошол продукцияга сертификаттын жарактуу мезгилинде жасалган жана жабдуучу-берүүчүдө (сатуучуда) турган сериялуу чыгарылган продукция үчүн мөөнөтү бүткөн (өндүрүүчүгө сериялуу чыгаруу үчүн берилген) шайкештик сертификаттары продукциянын жарактуулук мөөнөтү же сактоонун гарантиялык мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу деп эсептелет.
24-берене. Шайкештикти милдеттүү тастыктоо жагындагы арыз берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
1. Арыз берүүчү төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) шайкештикти милдеттүү тастыктоону ишке ашыруу үчүн шайкештикти тастыктоочу, аккредитациясынын тармагы курулушка арналган продукцияга ылайыкталган каалаган органга кайрылууга;
2) шайкештикти тастыктоонун формасын жана схемасын ушул Техникалык регламентте каралган тартипте тандоого;
3) шайкештикти тастыктоо органдарынын жана аккредиттелген сыноочу лабораториялардын мыйзамсыз аракеттеринин үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте даттануу менен кайрылууга.
2. Арыз берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптарына, ошондой эле башка техникалык регламенттерде белгиленген коопсуздук талаптарына ылайыктыгын камсыздоого;
2) шайкештиги милдеттүү тастыкталууга тийиш болгон курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын аларга шайкештик сертификатын же шайкештик жөнүндө декларациясын алгандан кийин гана жүгүртүүгө чыгарууга;
3) мамлекеттик көзөмөлдөө органына, ошондой эле кызыкдар тараптарга курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары аларга карата колдонулчу техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин тастыктоочу документтерди көрсөтүүгө;
4) эгер шайкештикти тастыктоонун тандалган схемасында каралган болсо, шайкештикти тастыктоодон өткөн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын инспекциялык текшерүүдөн өтүшү үчүн шарттарды камсыздоого;
5) эгер шайкештик тууралуу декларациянын же шайкештик сертификатынын жарактуулук мөөнөтү бүтсө, же колдонулушу убактылуу токтотулса же токтотулса курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатууну убактылуу токтотуп турууга же токтотууга;
6) сертификатталган продукцияны өндүрүүнүн техникалык документтерине же технологиялык процесстерине киргизилчү өзгөртүүлөр жөнүндө шайкештикти тастыктоо боюнча органга билдирүүгө;
7) шайкештикти тастыктоонун жыйынтыгы боюнча бул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга жооп бербеген курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүнү (даярдоону) токтотуп турууга.
25-берене. Шайкештикти тастыктоо боюнча органдарга жана сыноочу лабораторияларга талаптар
Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин тастыктоо боюнча органдар жана шайкештикти милдеттүү тастыктоо иштерине катышчу сыноочу лабораториялар аккредиттелген болууга жана ишти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүүгө тийиш.
26-берене. Шайкештик белгиси менен маркалоо
1. Шайкештик жөнүндө декларациянын реестринде же шайкештик сертификатынын реестринде катталган жана шайкештикти тастыктоодон өткөн курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары техникалык регламенттерге шайкештик белгиси менен маркаланышат. Техникалык регламенттерге шайкештик белгиси менен маркалоо арыз ээси тарабынан өз алдынча же өзүнө ыңгайлуу башка ыкмаларда ишке ашырылат.
2. Шайкештик белгиси маалыматтык максатта таңгакка же тарага (суюк жана чубурма курулуш материалы үчүн), буюмдун бетине жана (же) коштоочу документке салынат.
Техникалык регламентке шайкештик белгисинин графикалык сүрөтүнүн эскизинин баяндамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Бул Техникалык регламенттин же башка техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги ырасталбаган курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги жөнүндө белги менен маркаланбайт жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылбайт.
27-берене. Техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл
Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугуна карата милдеттүү талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
28-берене. Бул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Бул техникалык регламенттин талаптарын так жана өз убагында аткарбаганы же аткаруудан качканы үчүн күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
29-берене. Бул Техникалык регламенттин күчүнө кириши
1. Бул Техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) нормативдик укуктук актарды ушул Техникалык регламентке ылайык келтирүү боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
2) бул Техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуучу, ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин (далилдик базанын) тизмесин аныктасын;
3. Бул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ар бир түрүнө тиешелүү техникалык регламенттер кабыл алынганга чейин колдонулат.
4. Сериялуу чыгарылчу курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына жана курулуш материалдарынын, буюмдарынын, конструкцияларынын өзүнчө партияларына алынган шайкештик сертификаттары кийинки мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болот.
| «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме |
Нормативдик документтердин комплекси | Стандартташтыруунун жана нормалоонун негизги багыттары
|
1 | 2 |
Курулуш конструкциялары жана буюмдары үчүн нормативдик документтер | |
Имараттар менен курулмалардын негиздери жана фундаменттери | Кыртыштын классификациясы жана өлчөөнүн мүнөздөмөсү. Негиздерди жана түркүк фундаменттерди эсептөө жана долбоорлоо методдору. Иштин өндүрүшү, эксплуатация режиминин,абалын диагностикалоо боюнча негизги жоболор. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Таш жана армоташ конструкциялар | Имараттардын жана курулмалардын таш жана армоташ конструкцияларына жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору жана конструкцияларды куруу, эксплуатация режими жана абалын диагностикалоо боюнча негизги жоболор. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методу |
Темир бетон жана бетон конструкциялар | Монолиттик, чогултма жана чогултма-монолиттик бетон жана темир бетон конструкцияларына жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору жана конструкцияларды даярдоо жана куруу, коррозиядан сактоо, эксплуатация режими жана абалын диагностикалоо боюнча негизги жоболор. Заводдо жасалган темир бетон жана бетон конструкциялары. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Металл конструкциялар | Болот менен алюминий эритмесинен жасалган, аны менен катар натыйжалуу жылуулатылган көтөргүч жана тосмо конструкцияларына жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору жана конструкцияларды даярдоо жана куруу, коррозиядан сактоо, эксплуатация режими жана абалын диагностикалоо боюнча негизги жоболор. Заводдо жасалган металл конструкциялары. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Жыгач конструкциялар | Имарат менен курулмалардын жыгач конструкцияларына жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору жана конструкцияларды даярдоо жана куруу, чирүүдөн сактоо, эксплуатация режими жана абалын диагностикалоо боюнча негизги жоболор. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Башка материалдардан конструкциялар | Асбестцемент конструкцияларына жана башка материалдардан конструкцияларга жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору жана конструкцияларды даярдоо жана куруу, эксплуатация режими жана абалын диагностикалоо боюнча негизги жоболор. Заводдо жасалган конструкциялар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору
|
Курулуш конструкциялары жана буюмдары үчүн нормативдик документтер | |
Дубал тургузуучу материалдар | Кирпич жана ар түркүн материалдан жасалган дубал таштарына жалпы талаптар. Конкреттүү ар түрдүүлүккө, типтерге, маркаларга коюлуучу техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Минералдык бекемдөөчү заттар | Цементке жана башка бекемдөөчү заттарга коюлуучу жалпы талаптар. Конкреттүү ар түрдүүлүккө, типтерге, маркаларга коюлуучу техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методу |
Бетондор жана эритмелер | Ар түрдүү бетон, бетондук эритме, курулуш эритмелерине коюлуучу жалпы талаптар. Конкреттүү ар түрдүүлүккө техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Курулуш иштери үчүн органикалык жана органикалык эмес толтургучтар | Шагыл, майда таш, кумга, жасалма жана табигый көңдөйлүү толтургучтарга коюлуучу жалпы талаптар. Конкреттүү ар түрдүүлүккө коюлуучу техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Жылуулукту сактоочу, үндү изоляциялоочу жа- на үн өткөрбөөчү материалдар | Минерал-кебездүү буюмдарга, көзчөлөрү бар бетон буюмдарына, негизи пенопласт болгон плиталарга жана башка жылуулукту сактоочу материалдарга коюлуучу жалпы талаптар. Конкреттүү ар түрдүүлүккө коюлуучу техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Чатыр жабуучу, суу өткөрбөөчү жана жылчыксыз материалдар жана буюмдар | Чатыр жабуучу түрмөктөлгөн материалдарга, чатыр жабуучу мастикаларга, өткөрбөөчү жана жылчыксыз материалдарга коюлуучу жалпы талаптар. Конкреттүү ар түрдүүлүккө коюлуучу техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Жасалгалоочу жана каптоочу материалдар | Полимер, керамика, жыгач жана башка жасалгалоочу жана каптоочу материалдарга жана буюмдарга коюлуучу талаптар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Асбестцементтик буюмдар | Асбестцементтик жалпак жана толкундуу такталарга, түтүктөргө, экструзиондук буюмдарга коюлуучу талаптар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Жол материалдары | Асфальтбетон, асфальтбетондук эритмелерге жана башка жол материалдарына коюлуучу талаптар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору |
Башка курулуш материалдар | Айнек тактасына, курулуш үчүн айнек буюмдарына жана башка курулуш материалдарына коюлуучу талаптар. Кабыл алуу эрежелери, көзөмөл жана сыноолор методдору
|
| «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме |
Продукциянын аталышы | ТЭИТН коддору |
1 | 2 |
Дубал жана тосмо материалдары | |
Керамика, курулуш кирпичи, керамикадан көтөргүч же каптоочу жана ушуларга окшош буюмдар | 6904 00 000 0 6904 10 000 0 6904 90 000 0 |
Гипстен же анын негизиндеги аралашмадан жасалган буюмдар | 6809 00 000 0 |
Кагаз же картон менен капталган же армирленген гипс буюмдары | 6809 11 000 0 |
Гипстен же анын негизиндеги аралашмадан жасалган башка буюмдар | 6809 19 000 0 6809 90 000 0 |
Армирленбеген же армирленген цемент, бетон жана жасалма таш буюмдары: - жеңилдетилген бетондон (негизи майдаланган көбүк таштан, майдаланган шлактан турат) - башкалар
| 6810 00 000 0 6810 11 100 0 6810 11 900 0 |
Өсүмдүк буласынан, саман же сүрүндүлөрдөн, таарындылар же башка жыгач калдыктарынан, цемент, гипс же башка минералдык бекемдөөчү заттар менен агломерленген панелдер , блоктор жана ушуларга окшош буюмдар | 6808 00 000 0 |
Минералдык бекемдөөчү заттар | |
Кошулмасыз жана кошулмасы бар портландцемент | 2523 10 000 0 |
Ак, жасалма болгон же болбогон цемент | 2523 21 000 0 |
Чополуу цемент | 2523 30 000 0 |
Пуццоландык цемент | 2523 90 300 0 |
Цементтин башка түрлөрү | 2523 29 000 0 2523 90 900 0 |
Гипстик бекемдөөчү
| 2520 10 000 0 2520 20 100 0 |
Акиташ бекемдөөчү | 2522 10 000 0 |
Асфальтбетон жол аралашмалары | 2715 00 000 0 |
Битум: - жол үчүн - курулуш үчүн | 2715 00 000 0 2714 90 000 0 |
Бетондор жана эритмелер | |
Отко чыдамдуу курулуш эритмелери жана бетондору | 3824 50 000 0 |
Курулуш эритмелери, бетондор жана ушуларга окшош курамдар | 3816 00 000 0 |
Цемент, бетон же жасалма таш армирленбеген буюмдар | 6810 00 000 0 |
Курулуш иштери үчүн органикалык эмес жана органикалык толтургучтар | |
Кремнийлүү жана кварцтуу кум | 2505 10 000 0 |
Бетонду толтуруу үчүн пайдаланылган шагыл, майда таш | 2517 10 100 0 |
Жылуулукту сактоочу, үндү тосуучу жана үн өткөрбөөчү материалдар | |
Көпшөк пластмассадан жасалган такталар плиталар жана барактар: - стирол полимеринен; - винилхлорид полимеринен; - полиуретандан; - регенирленген целлюлозадан |
3921 11 000 0 3921 12 000 0 3921 13 000 0 3921 14 000 0 |
Жылуулукту сактоочу, үндү тосуучу жана үн өткөрбөөчү материалдардан буюмдар (шлак кебезинен, минералдык жана силикаттык кебезден) | 6806 00 000 0
|
жылуулукту сактоочу, үндү тосуучу жана үн өткөрбөөчү органикалык эмес материалдардан жасалган башка буюмдар | 6806 10 000 9 6806 20 900 0 |
Көбүргөн чополор | 6806 20 100 0 |
Айнек-була (айнек-кебез менен бирге) жана андан жасалган буюмдар | 7019 00 000 0 |
Жасалгалоочу жана каптоочу материалдар жана буюмдар | |
Курулуш үчүн иштетилген жана иштетилбеген табигый таштар жана андан жасалган буюмдар | 2515 12 900 0 2516 12 900 0 |
Мрамор, травертин жана алебастр | 6802 21 000 0 |
Башка акиташтар | 6802 22 000 0 |
Гранит | 6802 23 000 0 |
Табигый таштан башка материалдар жана каптоочу буюмдар | 6802 99 900 0 |
Асбестцемент буюмдары | |
Асбестцемент, целлюлоза булалары менен цементтен же ушуларга окшош материалдардан жасалган буюмдар | 6811 00 000 0 |
Бүктөмөлүү тактачалар | 6811 10 000 0 |
Асбестцементтен жасалган башка материалдар | 6811 90 000 0 |
Асбест | 2524 00 000 0 |
Жол материалдары | |
Шоссе же темир жолдору үчүн балласт катары пайдаланылган шагыл, майда таш | 2517 00 000 0 |
Лак-сыр материалдары | |
Синтетикалык полимер же химиялык модификацияланган табигый полимер негиздеги сырлар жана лактар (эмаль жана политур менен бирге) | 3208 00 000 0
|
Татаал полиэфир негиздеги сырлар жана лактар | 3208 10 000 0 |
Акрил жана винил полимер негиздеги сырлар жана лактар | 3208 20 000 0 |
Даяр сиккативдер | 3211 00 000 0 |
Сырларды өндүрүүдө пайдаланган пигменттер (күлмайда, суюк же паста сымал), боегучтар жана башка сырдоочу заттар | 3212 00 000 0
|
Шыбак иштери, фасаддардын сырттарын, имараттардын ички дубалдарын, полдорду, шыптарды даярдоо үчүн майшыбактар жана башка бүтөөчтөр, мастикалар жана тыгыздоочу курамдар | 3214 10 900 0 3214 90 000 0 |
Айнек буюмдары | |
Куйма жана прокаттык, такта жана профилденген айнек | 7003 00 000 0 |
Айнектен көп катмарлуу сактоочу буюмдар | 7008 00 000 0 |
Жыгач буюмдары | |
Жыгач таарындылуу плиталар жана чайыр же башка органикалык бекемдөөчү заттар сиңирилген жана сиңирилбеген жыгачтан ушуларга окшош плиталар | 4410 00 000 0 |
Чайыр же башка органикалык заттардын кошулмасы бар же кошулбаган жыгачтан жасалган жыгач булалуу такталар | 4411 00 000 0 |
Чапталган фанера, фанерленген панелдер жана катмарлуу жыгачтан ушуга окшош материалдар | 4412 00 000 0 |
Блок, плита же профилденген форма түрүндөгү ныкталган жыгачтар | 4413 00 000 0 |
Жыгач, курулушта чатыр жабуучу буюмдар | 4418 00 000 0 |
Жыгачтан чогултулган курулуш конструкциялары | 9406 00 000 0 |
Полимер жана текстиль материалдары | |
Линолеум | 5904 10 000 0 |
Текстилдик негиздеги башка полго салуучулар | 5904 90 000 0 |
Поливинилхлорид сиңирилген же капталган негизден турган полимер материалдан полго салуучулар | 3918 10 100 0 3918 10 900 0 |
Башкалар | |
Пластмассадан жасалган курулуш буюмдары жана конструкциялары | |
Пластмассадан фасондук профилдер | 3916 00 000 0 |
Поливинилхлоридден фасондук профилдер | 3916 20 100 0 |
Башка фасондук профилдер | 3916 20 900 0 |
Пластмассадан башка пол, дубал жана шыптар үчүн каптоочтор | 3918 90 000 0 |
Пластмассадан жасалган түтүктөр | 3917 00 000 0 |
Сырты иштетилген жана иштетилбеген этилен полимеринен түтүктөр | 3917 21 100 0 |
Сырты иштетилген жана иштетилбеген винилхлорид полимеринен түтүктөр | 3917 23 000 0 |
Пластмасса шлангалар жана алардын фитингилери | 3917 40 000 0 |
Пластмассадан жасалган курулуш конструкциялары (алар үчүн эшиктер жана босоголор, терезелер жана алардын алкагы) | 3925 20 000 0 |
Кара металлдардын прокаты, даяр | |
Швеллерлер, двутаралар | 7216 10 000 0 |
Жалпак ысык басылган прокат | 7208 00 000 0 |
Темир-бетон конструкциялары | |
Бетон жана темир-бетон конструкциялары | 6810 19 100 0 6810 19 900 0 6810 19 310 0 6810 91 100 0 6810 91 900 0 6810 99 100 0 |
Арматура болоту | |
Бетонду армирлөөгө пайдаланылган темир же чыңалган болоттон жасалып, бухталарда бош оролгон ысык басылган зымдар | 7213 91 100 0 |
Прокат процессинде алынган же прокаттан кийин оролгон оюгу, урчугу же башка деформациясы бар темир же чыңалбаган болот зымдар | 7214 20 000 0 |
ТББ үчүн ширетилген, армирленген, термомеханикалык болот | 7214 99 100 0 |
| «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 3-тиркеме |
Схема № | Шайкештикти ырастоонун шарттары | Сертификаттоонун башка стадиялары | Сертификатталган продукцияны инспекциялык контролдоо |
1 | Типти сыноо(*) |
|
|
2 | Типти сыноо |
| Сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо |
2а | Типти сыноо | Өндүрүш абалын талдоо | Сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо. Өндүрүш абалын талдоо |
3 | Типти сыноо |
| Өндүрүүчүдөн алынган үлгүлөрдү сыноо |
3а | Типти сыноо | Өндүрүш абалын талдоо | Сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо. Өндүрүш абалын талдоо |
4 | Типти сыноо |
| Сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо. Өндүрүүчүдөн алынган үлгүлөрдү сыноо |
5 | Типти сыноо | Сапат системасын сертификаттоо, сертификатталган сапат системасынын бар болушу | Өндүрүүчүдөн жана (же) сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо |
6 | Типти сыноо |
|
|
6а | Типти сыноо |
| Партиядан алынган үлгүлөрдү сыноо |
7 | Ар бир үлгүнү сыноо |
|
|
Эскертүү. (*)Типтүү үлгүсүн баалоонун негизинде продукцияны сыноо. Үлгүлөрдүн саны сыноо методдорунда көрсөтүлгөн сандарга туура келиш керек.
|
|