Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №827 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Реабилитация борборунун максаты жана милдеттери
III. Реабилитация борборунун функциялары
IV. Реабилитация борборунун укуктары
V. Реабилитация борборунун ишинин уюштурулушу
VI. Реабилитация борборунун каржыланышы
VII. Реабилитация борборун өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары - Реабилитация борбору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) ведомствого караштуу подразделениеси болуп эсептелет.
2. Реабилитация борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого таянат.
3. Реабилитация борбору ага бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болот.
Реабилитация борборунун уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик ишкана.
Реабилитация борборунун өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналыкта алыш-бериш эсеби болот.
Реабилитация борборунун расмий толук аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору";
- расмий тилде - "Центр реабилитации лиц с ограниченными возможностями здоровья при Государственном агентстве социального обеспечения при Правительстве Кыргызской Республики".
Реабилитаця борборунун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ДМЧАРБ";
- расмий тилде: "ЦРЛОВЗ".
4. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Кривоносов көчөсү, 208.
5. Реабилитация борборунун максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды комплекстүү реабилитациялоо үчүн шарттарды түзүү жана алардын коомго жана үй-бүлөгө интеграциясына өбөлгө түзүү болот.
6. Реабилитация борборунун милдеттери төмөнкүлөр:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун комплекстүү системасын түзүү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу.
7. Реабилитация борбору төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоо чараларынын комплекстүү ыкмасын камсыздайт;
- комплекстүү реабилитациялоо жана кесилген мултукту булчуңдун алсыздыгын, муундардагы кыймылдын маталышын жана тырышуусун жоюу багытында протездөөгө даярдоо, кесилген мултуктардын тери катмарынын таянычка жарактуулугун жана бышыктыгын жаратуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кабыл алат жана ооруканага жаткырат;
- бүткүл организмди даярдоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын организминин конпенсаторлук-ыңгайлашуу мүмкүндүктөрүн мобилизациялоого багытталган реабилитациялоо иш-чараларын, анын ичинде психокоррекциялык иш-чараларды да жүргүзөт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды медикаменттик, физиотерапиялык, фикультуралык-ден соолугун чыңдоочу реабилитациялоону, ошондой эле тиштерин дарылооону жана протездөөнү ишке ашырат;
- Реабилитация борборунун директору бекиткен жекече реабилитация программаларын ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын Реабилитация борборунда болушунун убактысын, мезгилдүүлүгүн аныктайт;
- реабилитациялоо иш-чараларын үй шартында жүргүзүү үчүн балдар жана өспүрүмдөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, ошондой эле алардын ата-энелери үчүн окуулук-реабилитациялык иш-чараларды камсыздайт (үзгүлтүксүздүк принцибин сактоо менен);
- кадрларды тандайт, даярдайт жана жайгаштырат, адистерди квалификациясын жогорулатуу курстарында окутат жана өркүндөтөт;
- Реабилитация борборунун материалдык-техникалык базасын керектүү аппараттар, жабдуулар жана реабилитациялык шаймандар менен чыңдайт, ошондой эле Реабилитация борборунун кадрлык потенциалын жогорулатууну камсыздайт;
- өз компетенциясынын чегинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн гуманитардык жана гранттык жардамдарды тартуу боюнча иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Реабилитация борборунун имаратына утурумдук, капиталдык ремонт жүргүзөт, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана санитардык-гигиеналык иш-чараларды аткаруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Реабилитация борборундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн үч жолку тамак берүүнү камсыздоо максатында азык-түлүк продуктуларды сатып алуу жана камдоо, тамак жасоо боюнча иштерди камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды аткарат.
8. Реабилитация борбору төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо чараларын жакшыртуу маселеси боюнча Мамлекеттик агенттикке сунуштарды киргизүүгө;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги адистештирилген мекемелерде диагностикалык изилдөө үчүн медициналык-социалдык жардам көрсөтүү боюнча дарылоо мекемелери менен белгиленген тартипте өз ара байланышта иштешүүгө;
- республиканын реабилитациялоо мекемелери менен тажрыйба алмашуу жана реабилитациялоо программаларын ишке ашыруу боюнча өз ара байланышта иштешүүгө жана кызматташууга;
- Реабилитация борборунун компетенциясынын чегинде семинарларды, конференцияларды, конкурстарды өткөрүүгө жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн реабилитациялоо борборлору менен кызматташууга.
9. Мамлекеттик агенттиктин компетенциясындагылар:
- Реабилитация борборунун директорунун орун басарын, башкы бухгалтерин кызматка дайындоо жана бошотуу;
- Реабилитация борборунун структурасын, штаттык санын жана сарптоолор сметасын бюджеттик ассигнованиенин чегинде бекитүү;
- Реабилитация борборунун ишинин негизги багыттарын аныктоо, ошондой эле иш пландарын жана программаларын бекитүү.
10. Реабилитация борборун кызматка Мамлекеттик агенттиктин директору статс-катчынын сунушу жана Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарынын макулдугу боюнча кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.
11. Реабилитация борборунда директордун орун басарынын кызмат орду ачылган. Директордун орун басары кызматка статс-катчынын сунушу жана Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарынын макулдугу боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору тарабынан дайындалат жана бошотулат.
12. Директор:
- Реабилитация борборуна тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- Реабилитация борборунун атынан ишеним катсыз аракеттенет, бардык мекемелерде жана уюмдарда анын атынан чыгат;
- эмгек мыйзамдарына ылайык Реабилитация борборунун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза берүү чараларын колдонот;
- Реабилитация борборунун номенклатурасына ылайык функциялык милдеттерди бекитет;
- Реабилитация борборунун кызматкерлерин иштеги жетишкендиктери жана демилгелери үчүн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт;
- Мамлекеттик агенттиктин директоруна Реабилитация борборунун структурасын жана штаттык санын, сарптоолорунун сметасын (тамактанууга, медикаменттерге жана сарптоолордун башка статьяларына) бекитүүгө киргизет;
- белгиленген тартипте Реабилитация борборунун каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- Реабилитация борборунун компетенциясына берилген маселелер боюнча приказдарды чыгарат жана чечимдерди кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Реабилитация борборунун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
13. Реабилитация борбору сапаттуу реабилитациялоо жүргүзүү үчүн жынысы, жаш курагы, ден соолугунун абалы боюнча бириктирилген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын 7 адамдан ашпаган реабилитациялык топторун түзө алат.
14. Реабилитация борбору:
- республиканын алыскы региондорунда жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жол акысын төлөйт;
- 1-2-топтордогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ооруканага жаткырганда аларды коштоп жүргөн адамдарды койка-орун жана тамак менен камсыздайт.
14. Реабилитация борборун республикалык бюджеттен жана бюджеттен тышкаркы түшкөн каражаттардан (демөөрчүлүк жардам, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кошумчалары, ошондой эле мыйзамга каршы келбеген башка кирешелер) каржылоо каралган.
15. Реабилитация борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсептерди жана статистикалык отчетторду жүргүзөт.
16. Реабилитация борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
17. Реабилитация борборунун иши ал мыйзамга ылайык өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
18. Борбор Юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине тийиштүү жазуу жазылган учурдан баштап өзгөртүп түзүлдү же жоюлду деп эсептелет.
19. Өзгөртүп түзүүдө жана жоюуда Борбордун бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери укук улантуучусуна өтөт.
20. Жоюлган учурда бардык мүлктүк укуктар жана милдеттер Мамлекеттик агенттикке өткөрүп берилет.
21. Жоюлган учурда документтери Кыргыз Республикасынын архивдик фонд жөнүндө мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.