Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры №827
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Медициналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо борборунун укук улантуучусу болоору белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |