Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-июну №422
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 752 "Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө" жана 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Курулуш (реконструкциялоо, кайрадан профилдөө, кайрадан пландоо) объекттерин телефондук байланышка кошуу жөнүндө арызга техникалык шарттарды тиркөө талап кылынбайт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүн кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |