Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 1-сентябры № 552
Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин турмуш деңгээлин көтөрүү жана чыгармачыл иштери үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Академиялык наам үчүн ай сайын ставкалар 2009-жылдын 1-августунан тартып төмөнкүдөй белгиленсин:
- анык мүчөлөргө (академиктерге) - 10000 сом өлчөмүндө;
- мүчө-корреспонденттерге - 5000 сом өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы академиялык наам үчүн ай сайын ставкалар төлөөнү бюджеттеги каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 22-октябрындагы № 511 "Академиялык наам үчүн ставкалар жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 22-октябрындагы № 511 "Академиялык наам үчүн ставкалар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
Премьер-министр | И.Чудинов |