Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 3-июлу № 439 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-январы № 17
Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин турмуш деңгээлин көтөрүү жана чыгармачыл иштери үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Академиялык наам үчүн ар айлык ставкалар 2013-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүдөй белгиленсин:
- анык мүчөлөргө (академиктерге) - 15000 сом өлчөмүндө;
- мүчө-корреспонденттерге - 7500 сом өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы академиялык наам үчүн ар айлык ставкаларды төлөөнү бюджетте каралуучу каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 552 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |