Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-майындагы № 36 токтому
Гемодиализ үчүн аппараттарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июнундагы УӨ №69, 2010-жылдын 3-сентябрындагы №187 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги:
- бөйрөгү ооруган оорулуулардын оор категорияларын дарылоо үчүн 85,1 млн. сом суммасындагы кошумча каражат тиркемеге ылайык бөлүнсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №187 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ үчүн аппараттарды жана чыгымдоо материалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алсын.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июнундагы УӨ №69 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду гемодиализ бөлүмдөрүнүн үзгүлтүксүз иштеп туруусун камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №187 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |