Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-сентябры № 187
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 36 «Гемодиализ үчүн аппараттарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Бөйрөгү жакшы иштебеген өнөкөт оорулууларды дарылоо, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо үчүн бөлүнүүчү финансылык каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 36 «Гемодиализ үчүн аппараттарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- бөйрөгү ооруган оорулуулардын оор категорияларын дарылоо үчүн 85,1 млн. сом суммасындагы кошумча каражат тиркемеге ылайык бөлүнсүн;»;
- 4-пункттагы «Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты» деген сөздөр «Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- токтом ушул токтомго тиркемеге ылайык тиркеме менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 187 токтомуна тиркеме |
| «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 36 токтомуна тиркеме |
Финансылык каражаттарды беренелер боюнча бөлүштүрүү
№ | Аталышы | Суммасы (млн. сом) | Чыгымдар беренесинин коду | Чыгымдар беренесинин аталышы |
1 | Гемодиализ үчүн аппараттар, чыгымдоочу материалдар, суу тазалоо системасы, гемодиализ аппаратына кошумча чыгымдоочу материал, кошумча медикаменттер | 72,4 | 2217 | Медикаменттерге чыгымдар |
2 | Функционалдык кроваттар, генераторлор | 6,2 | 3112 | Машиналар жана жабдуулар |
3 | Капиталдык ремонт | 6,5 | 3111 | Имараттар жана курулмалар |
Бардыгы: | 85,1 |
|
| |
».