Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-сентябры № 562
«Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын экспорттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын экспорттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 562 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан демилге көтөрүлгөн «Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын экспорттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
Каралып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын экспорттоо боюнча мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин жана багыттарын аныктайт. Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты башка мамлекеттер пайдаланганда Борбордук Азия өлкөлөрүн суу менен камсыздоонун негизги булактарынын бири болгон суу ресурстардын көлөмүн рыноктук экономикалык мамилелерди эске алуу менен сактоону, суу ресурстарды экспорттоонун принциптерин туура негизде жөнгө салууну жана башкарууну, мамлекеттик бюджетке киреше түшүшүн камсыздоону жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетика балансын сактоону көздөйт.
Бирок, «Кыргыз Республикасынын суу объекттерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын 2-абзацы менен, эгер Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамындагыдан башкача эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежеси колдонулаары аныкталган.
Ошондой эле, Эл аралык келишимдердин укугу тууралуу Вена Конвенциясынын (Кыргызстан анын катышуучусу) 26 жана 27-статьяларына ылайык: «Ар бир аракеттеги келишим анын катышуучулары үчүн милдеттүү жана алар тарабынан туура аткарылууга тийиш. Катышуучу келишимди аткарбаганы үчүн актанып өзүнүн ички мыйзамынын жоболоруна шилтеме жасай албайт» деп айтылган, б.а. Кыргыз Республикасы көз каранды эместикти алган учурдан баштап мурда түзүлгөн эл аралык келишимдерди тыкыр карманууга милдеттүү.
Мында Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын жана суу чарбалык курулуштарын пайдалануу маселеси коңшу мамлекеттерден энергия булактарын алууга тыгыз байланыштуу экенин жана бүгүнкү күндө суу пайдалануучу чектеш мамлекеттер менен мамлекет аралык келишимдерде айтылганын белгилей кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу бул мыйзам долбоору мурда түзүлгөн эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга каршы келет.
Мындан тышкары, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу региондо мамлекеттер аралык мамилелерди орчундуу татаалдатышы мүмкүн. Тактап айтканда, Кыргызстандын түштүктөгү облустарынын суу пайдалануучулары сууну Өзбекстандын жана Тажикстандын суу чарба системаларынан аларын эске тутуу зарыл. Бул Мыйзам кабыл алынса ал мамлекеттер Кыргыз Республикасына утурлаш доомат коюуга укуктуу экени көрүнөө.
Анын үстүнө, Аралды сактоонун эл аралык фондун уюштурган мамлекеттердин башчыларынын 2009-жылдын 28-апрелинде Алматы шаарында кабыл алынган биргелешкен билдирүүсүндө Тараптар региондогу бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен Борбордук Азияда суу ресурстарды комплекстүү пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара алгылыктуу механизмди иштеп чыгууга кызыкдар экенин кайрадан ырасташаары айтылган.
Азыркы учурда өзгөчө гидрологиялык шарттарга, өлкөнүн экономикасынын коңшу мамлекеттерден энергия булактарын импорттоого көз карандылыгы барган сайын өсүп жатканына жана суу-энергетикалык инфраструктуранын негизги фонддору жалпы эскиргенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугуна коркунуч ыктымалдыгын эске алганда суу ресурстардын экспортун ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейт.