Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-сентябры № 564
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги (тейлөөчү персоналдан башкасы) 762 адам санында белгиленсин, анын ичинде борбордук аппарат - 53 адам; шаарлардын жана райондордун маданият жана маалымат башкармалары, бөлүмдөрү 191; Кинематография боюнча департамент - 11; Мамлекеттик архив агенттиги - 507 (анын ичинде Мамлекеттик архив агенттигинин борбордук аппараты - 23; архивдик мекемелер - 100; архивдик мекемелердин аймактык структуралары - 384).";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ички контроль системасынын натыйжалуулугуна жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт, баалоонун жыйынтыктарына ылайык Министрликтин компетенциясынын чегинде рекомендацияларды иштеп чыгат;
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ички контроль системасынын натыйжалуулугун жана анын Министрликтин максаттарына ылайыктуулугун баалайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин аймактык структуралары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |