Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-сентябры № 567
Камбарата ГЭС-2де курулмаларды даярдоо жана ири масштабдагы жардыруу жүргүзүү жөнүндө
Камбарата ГЭС-2де тосмо куруу үчүн ири масштабдагы жардырууну даярдоого жана жүргүзүүгө байланышкан маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү боюнча штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү боюнча штаб (мындан ары - Штаб) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги "Электр станциялары" жана "Нарынгидроэнергкурулуш" ачык акционердик коомдору менен бирдикте:
- Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдасын жана жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматчыларын дислокацияланган жеринен объектиге жайгаштыруу жана ташып баруу маселелерин чечсин;
- "Гидродолбоор" долбоордук-изилдөө институтунун, "Союзгидроспецстрой" корпорациясы жабык акционердик коомунун жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну жүргүзүүгө курулуш объекттеринин даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссиясын түзсүн.
4. Штаб курулмаларды даярдоо жана ири масштабдагы жардырууну жүргүзүү максатында:
- бир айлык мөөнөттө Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну жүргүзүүгө даярдануу боюнча уюштуруу иш-чараларынын программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- ири масштабдагы жардырууну уюштуруу жана даярдоо маселелерин оперативдүү чечсин;
- "Электр станциялары", "Нарынгидроэнергкурулуш" ачык акционердик коомдоруна, "Союзгидроспецстрой" корпорациясы жабык акционердик коомуна, "Гидродолбоор" долбоордук-изилдөө институтуна жана ири масштабдагы жардырууну жүргүзүүнү уюштурууда жана даярдоодо ишке тартылган башка уюмдарга жардыруунун бекитилген долбооруна ылайык көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Камбарата ГЭС-2нин курулуш аянтчасында ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү убагында өрткө каршы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өрткө каршы автомашиналардын 3 расчетун ишке тартсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү убагында Камбарата ГЭС-2нин курулуш аянтчасын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгаштырууну камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылдын 15-октябрына чейинки мөөнөттө Камбарата ГЭС-2ге жардыруунун күч-аракети радиусунда 2,5 км чейин жакын жайгашкан бардык турак үйлөрдү жана жайларды иликтөөнү жүргүзсүн жана штабга тийиштүү корутундусун берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду Камбарата ГЭС-2ни куруу боюнча иштердин комплексин каржылоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун ортосундагы жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун ортосундагы кредиттик келишимде бекитилген каржылоо графигине ылайык камсыз кылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 567 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин директорунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары;
"Гидродолбоор" долбоордук-изилдөө институтунун директору;
"Союзгидроспецстрой" корпорациясы жабык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын жаратылыш чөйрөсүн булгоого байкоо жүргүзүү башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын метеопрогноз бөлүмүнүн начальниги;
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Нарынгидроэнергокурулуш" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун келечектүү өнүктүрүү жана капиталдык курулуш бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун "Камбарата ГЭС" филиалынын директору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси- министр |
Н.Айтмурзаев |