Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-сентябры № 572
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.У.Мамасейитова демилге көтөргөн "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-сентябрындагы № 572 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.У.Мамасейитова демилге көтөргөн "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй негиздер боюнча аны кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейт.
Бул мыйзам долбоорунда адамдардын эки категориясына: 1941-жылдын 22-майынан 1945-жылдын 9-майына чейин оорукта иштегендерге; жана Улуу ата Мекендик согуш жылдарында мамлекеттик коопсуздук органдарында жана ички иштер органдарында кызмат өтөгөндөргө кошумча жеңилдиктерди жана гарантияларды берүү каралган. Бул эки категория боюнча жалпы сан 40,5 миң адамды түзөт жана 2010-жылга карата республикалык бюджеттен 277,0 млн. сом суммада кошумча каражатты талап кылат, андай акча 2009-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда жана 2010-2011-жылдарга карата божомолдо каралган эмес.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун финансылык ресурс менен камсыздалбагандыктан кабыл алуу эрте деп эсептейт. Азыркы убакта республикалык бюджеттен кошумча каржылоо булагын аныктоого мүмкүнчүлүк жок.