КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-сентябры № 573
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгек мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Социалдык-эмгектик жана аны менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун негизги маселелери боюнча макулдашылган чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгек мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2-пункт "тапшырылсын" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөр бирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |