Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №599
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 9-июнундагы № 265 "Л.А.Иманалиева жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы №32 "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункттун экинчи абзацындагы "Л.А.Иманалиева бул кызматка дайындалган күндөн тартып жүргүзүлсүн" деген сөздөр "белгиленген тартипте жүргүзүлсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |