Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2003-жылдын 27-январы № 32
Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 18-августундагы № 626, 2006-жылдын 30-декабрындагы № 903, 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 599, 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн болушуна жана иштешине чыгымдарды каржылонун тартиби жөнүндө" Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин 2002-жылдын 30-майындагы чечимине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 903, 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы (Москва шаарында) Кыргыз Республикасынын Атайын укуктуу өкүлү үчүн консультанттын штаттык бирдиги сакталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 903 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын Атайын укуктуу өкүлүн пенсиялык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленчү тартипте жана шартта жүргүзүлөт.
Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө эсептелген 2004-2006-жылдар үчүн 30477 сом суммасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу взносторун Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которсун;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чыгашалар сметасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу взносторун 2007-жылдан тартып карасын.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 903, 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Толук укуктуу Элчиси Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын Атайын укуктуу туруктуу өкүлүнүн (Минск ш.) жана кызматтарын айкалыштырганы үчүн кызматтык маянасына 10 процент өлчөмүндө кошумча белгиленсин.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматтарды айкаштырып иштегендиги үчүн кызматтык маянасына белгиленген тартипте 10 процент өлчөмүндө үстөк жүргүзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 903, 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 599, 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүн кармоо үчүн жыл сайын чыгашалар сметасын бекитсин.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 903, 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- аталган чыгашаларды каржылоону "Эл аралык уюмдарга взностор" статьясы боюнча Кыргыз Республикасынын Минск шаарындагы (Беларусь Республикасы) жана Москва шаарындагы (Россия Федерациясы) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өзүнчө ачылган алыш-бериш эсептери аркылуу жүргүзсүн;
- аларды кармоо үчүн каражаттарды дайыма которуп турууну камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 903, 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү жыл сайын 1-апрелге карата Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөн жыл үчүн чыгашалар сметасынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 903, 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Н.Танаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 токтомуна тиркеме |
КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын Атайын укуктуу өкүлүнүн жана консультанттын кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-январындагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)