КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №600
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарын жана керектөөлөрүн камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 5-главасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-бе-ренесине жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) тиркелген уставы бекитилсин.
3. Ишкананын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөөрү белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Ишкананы юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- Ишкананын ишин ушул токтомдон келип чыккан материалдык-техникалык, финансылык жана башка камсыздоонун маселелерин чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы N 398 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды коргоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды коргоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибине ылайык мамлекеттик заказды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөөрү белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |