КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №602
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы 175 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын юридикалык жактын статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Гидрометерология боюнча агенттик (Кыргызгидромет)" деген позиция "Гидрометерология боюнча мамлекеттик агенттик (Кыргызгидромет)" деген позицияга алмаштырылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |