Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 625
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-берене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 49-берененин төртүнчү бөлүгүнүн 5-пункту "өнөкөт кылмыштар учурунда" деген сөздөрдөн кийин "өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 50-берененин биринчи бөлүгүндөгү "адамдын өмүрүнө, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы өзгөчө оор кылмыштарды жасоо же болбосо улуттук, этностук жана диний топторду" деген сөздөр алып салынсын.
3. 53-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "185-187-беренелер" деген сөздөр "185-берене" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 70-берененин биринчи бөлүгүнүн акыркы сүйлөмү алып салынсын.
5. 112-берененин экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
6. 124-берененин экинчи бөлүгүндө:
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
7. 127-берененин үчүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн беш миң өлчөмүнө чейин айып салынат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 164-берененин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Мүлк деп ошондой эле мал жана башка үй жаныбарлары түшүнүлөт.".
9. 172-2-берененин экинчи бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
10. 184-беренеде:
- биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн бир миң өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо" деген сөздөр алып салынсын.
11. 204-2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"204-2-берене. Администрациялык таасирдин чаралары колдонулгандан кийин Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу
Администрациялык таасирдин чаралары колдонулгандан кийин Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу, -
беш жүздөн эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
12. 219-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
13. 222-берененин экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле жосундар көз көрүнөө жашы жетпегендерге же аракетке жөндөмсүз адамга карата жасалганда, -".
14. 234-беренеде:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат," деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү бөлүктүн 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
15. 248-берененин экинчи бөлүгүнүн 1-пунктундагы "бир нече жолу же" деген сөздөр алып салынсын.
16. 279-1-берененин экинчи бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
17. 285-берененин биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "же болбосо үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат," деген сөздөр алып салынсын.
18. 291-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
19. 369-беренеде:
- биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бир жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "алты айга чейинки мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жылга чейинки мөөнөткө тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого" деген сөздөр "бир жылга чейинки мөөнөткө тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 23-берененин биринчи бөлүгүндөгү "орус" деген сөз "расмий" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 26-берененин экинчи бөлүгүндөгү "112-статьянын экинчи бөлүгүндө," деген сөздөр алып салынсын.
3. 110-берененин тогузунчу бөлүгүндөгү "3 жана 4-пункттарына" деген сөздөр "3-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 236-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"236-берене. Жазык ишин прокурорго жөнөтүү
(1) Тергөөчү тергөөнүн бүтүшү жөнүндө токтомго кол койгондон кийин ушул иш боюнча көзөмөл жүргүзгөн прокурорго жөнөтүлөт.
(2) Жазык ишине айыпталуучунун ким экенин ырастоочу документтер тиркелиши зарыл.
Айыпталуучуда - Кыргыз Республикасынын жаранында ким экенин билдирүүчү документи жок болсо, ал иш боюнча териштирүү бүткөнгө чейин жазык процессти жүргүзүүчү органдын кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан документ берилиши керек.
Айыпталуучуда - чет өлкөнүн жаранында ким экенин билдирүүчү документи жок болсо, жазык ишине өзгөчө учурларда башка документ тиркелиши мүмкүн.
Эскертүү. Ушул беренеде ким экенин ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жарандын паспорту;
2) ким экенин ырастоочу күбөлүк;
3) чет өлкөлүк жарандын туруктуу же убактылуу жашап туруу укугу;
4) жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
5) айдоочунун күбөлүгү;
6) аскердик билет;
7) туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (он алты жашка чыга элек адам үчүн);
8) жарандын туулгандыгы жөнүндө актылык жазуу;
9) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген башка документ.".
5. 281-беренедеги "анча оор эмес кылмыштар жөнүндөгү" деген сөздөр "чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 325-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"325-берене. Соттолуучуну кайтарыкта кармоодон бошотуу
Соттолуучу акталганда, ошондой эле жаза белгиленбестен айыптоо токтомун чыгаруу менен же жазаны өтөөдөн бошотуу менен, же шарттуу соттоо менен, же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттоо, же жазык ишин токтотуу өндүрүш менен камакта кармалып турган соттолуучу өкүм мыйзамдуу күчүнө кирери менен токтоосуз бошотулууга тийиш.".
7. 358-берененин бешинчи бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
8. 362-берененин биринчи бөлүгүндөгү:
- биринчи абзацтагы "камакка алууга" деген сөздөр "түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө," деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "сегиз жашка" деген сөздөр "он төрт жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 363-берененин биринчи бөлүгү "сунушу" деген сөздөн кийин "жазаны аткарууну көзөмөлдөгөн органдын же" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 364-берененин төртүнчү бөлүгү "жазадан" деген сөздөн кийин ", жазаларды коомдук жумуштарга, түзөтүү жумуштарына тартуу, жазаны өтөөдөн атайлап качууда жазалардын башка түрлөрү менен эркиндигин чектөө түрүндө алмаштыруу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 365-беренеде:
- үчүнчү бөлүгүндөгү "бир жыл" деген сөздөр "үч ай" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи бөлүгүндөгү "ички иштер органдары" деген сөздөр "ички иштер органдарынын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу инспекциясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 367-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"367-берене. Жазанын өтөлө элек бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу
(1) Өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдардан башка, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп жаткан адамга, сот анын жазаны өтөп жаткан мезгилдеги жүрүм-турумун эске алуу менен жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 42-беренесинде көрсөтүлгөн жазалардын түрлөрүнө жараша каалаган кыйла жеңил жазага алмаштыра алат.
(2) Жазанын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил түрдөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуш жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын сунушу боюнча сот тарабынан каралат.
(3) Тарбия абактарында жаза өтөп жаткан адамдарга карата жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн кыйла жеңил түрдөгү жазага алмаштырууну сот жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын жана жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиянын биргелешкен сунушу боюнча колдонот.
(4) Жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын сунушун сот соттолгон адамдар жазасын өтөгөн жерде карайт.
(5) Жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн кыйла жеңил түрдөгү жазага алмаштыруу жөнүндөгү сунуш соттун заседаниесине прокурордун катышуусу менен каралат. Соттун заседаниесинде жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын, ошондой эле жашы жетпегендерге карата сунушту караган учурда жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиянын өкүлү жана соттолгон адам чакырылат.".
13. 370-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"370-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү
(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча сот тарабынан жүргүзүлөт. Жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү тууралуу сунушун сот соттолгондор жазасын өтөгөн жерде карайт.
(2) Соттолгон адамдарды кармоонун түзөтүү мекемелеринин түрүн өзгөртүү жөнүндө сунуш прокурордун катышуусу менен сот заседаниесинде каралат.
(3) Сот заседаниесине жазанын ишке ашышын тейлеген органдын өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын өкүлү жана соттолгон адам чакырылат.".
14. 372-берененин үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(3) Жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу, жазанын өтөлүп бүтө элек бөлүгүн жазанын жеңилирээк же катуураак түрүнө алмаштыруу, соттолгон адамга түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү тууралуу маселе сотто каралганда, жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын өкүлү чакырылат.".
15. 373-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "бир жыл" деген сөздөр "алты ай" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 386-берененин төртүнчү бөлүгүнүн 1-пунктундагы "1-3" деген цифралар "2-4" деген цифраларга алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 3, 156-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 46-берененин бешинчи бөлүгүндөгү "жана катуу" деген сөздөр ", катуу жана өзгөчө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 50-беренеде:
- 2-бөлүктүн экинчи пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) жалпы, күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарынан жатак-абактарга жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин өтөгөн чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар, анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондор; жазасынын мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин өтөгөн, өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондор; өтө оор кылмыштары үчүн соттолгон же мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана жазасынын өтөлө элек бөлүгүндө жаңы кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор - жаза мөөнөтүнүн кеминде экиден үчүн өтөгөндө; өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасап соттолгондор - жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн өтөгөндө; эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандар - жаза мөөнөтүнүн кеминде бештен төрт бөлүгүн өтөгөндөн кийин;";
- үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери менен белгиленген форма боюнча жатак-абакка которууга жазуу түрүндө макулдук бербеген соттолгондор;
4) туруктуу жашаган жери жок жана чет мамлекеттердин жарандары болгон соттолгондор.".
3. 99-берененин 1-бөлүгүндөгү "өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган эркектер," деген сөздөрдөн кийин "өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 100-1-беренедеги ", ошондой эле эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым берүү тартибинде белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмашылган адамдар" деген сөздөр алып салынсын.
5. 100-2-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "алтынчы" деген сөз "жетинчи" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 102-берененин биринчи бөлүгүндөгү "жеңилдетилген" жана "жана катуу" деген сөздөр алып салынсын.
7. 145-берененин он экинчи жана он үчүнчү бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
288-беренеде:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептик көрсөткүчтүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";
- экинчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
5-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаларды аткаруу";
2. 5-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- жазык-аткаруу инспекциясын;".
3. 35-берененин тогузунчу бөлүгүнүн биринчи абзацы "борбордук органынын каражаттарынан" деген сөздөрдөн кийин "календардык эсептөө менен" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 37-берененин бешинчи бөлүгүндөгү "жазык-аткаруу системалары борбордук органы тарабынан белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., № 6. 526-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Мыйзамдын аталышында "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене.
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-ж., № 12, 501-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 8-беренеде:
- экинчи бөлүгүндөгү "юстиция министри менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "аныкталуучу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда сот жазанын бир бөлүгүн түрмөдө өтөөнү белгилеген өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн эркиндигинен ажыратууга өкүм кылынгандарды, коркунучтуу рецидивисттерди, ошондой эле жазаны өтөөнүн тиешелүү тартибин такай бузгандарды кармоо үчүн түрмө режиминде иштеген жайлар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипте жабдылышы мүмкүн.".
8-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|