Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-октябры № 627
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте 2000-2007-жылдарда жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө товардык кредит түрүндө алынган 38369 тонна аштык буудай данын мамлекеттик резервге кайтарылышын камсыз кылсын.
Товардык кредитти акчалай каражаттар менен тындырууда эсептешүүлөр товардык кредит берүүгө кредиттик келишимдерде көрсөтүлгөн баалар боюнча жүргүзүлсүн.".
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтому күчүнө кирген күндөн баштап колдонула баштайт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | И.Чудинов |