Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 318
Мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-12, 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, ошондой эле 2011-жылга республикалык бюджетти түзүү жана аткаруу аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "тиркелүүчү Тизме боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2-пункту "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтому күчүнө кирген күндөн баштап колдонула баштайт" деген сөздөр менен толукталсын.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |