Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-октябры № 630
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2008-жылдагы жыйынтыктары жана 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 116 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит системаларын өнүктүрүү боюнча иштерди оптимизациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2008-жылдагы жыйынтыктары жана 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 116 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин программасынын 2.7-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин программасына тиркеменин 52-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов
|