Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №175 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-мартындагы № 156
«Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2010-жылга карата кыска мөөнөттүү божомолу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылга карата Иш-аракеттер планы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылы экономикалык өсүштүн төмөндөө коркунучун жоюуга жана дүйнөлүк финансылык кризистин өлкөнүн экономикасына терс таасиринин шартында экономикалык өсүштүн оң темпин сактоого жетишилгенин белгилейт.
Кризистүү жагдайларга каршы чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Өлкөнү жаңылоо курсунда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга карата Иш-аракеттер программасын жапа дүйнөлүк финансылык кризистин Кыргыз Республикасынын экономикасына кесепеттерин минималдаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планын кошкондо башка маанилүү документтерде аныкталган маанилүү артыкчылыктарды ишке ашырууга топтолду.
2009-жылдын жыйынтыгында, алдын ала баалоо боюнча, ИДПнын көлөмү 196423,1 млн.сом суммада, 2,3 процентке реалдуу өсүш менен болду (2008-ж. - 8,4%). «Кумтөр» кенин иштеткен ишканаларды кошпогондо ИДПнын реалдуу өсүшү 2,9 процентти түздү (2008-ж. - 6,5%). Экономикалык абал жыл бою бир калыпта болгон жок, февралдан июнга чейин ИДПнын төмөндөгөнү байкалды. Бирок июлдан баштап кризистен кийин ИДПпын 1,2 2,3 процент деңгээлде реалдуу өсүшү менен өлкөнүн экономикасынын акырындан туруктуу оңолуу тенденциясы белгиленди.
Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар 2008-жылдын декабрына салыштырмалуу өзгөргөн жок. Инфляциянын деңгээли 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 0 процентти түздү. Отчеттук мезгилде инфляциялык процесстерге таасир эткен негизги факторлор биринчи зарыл товарларга (ун, нан, май жана өсүмдүк майлар, сүт продуктулар, жашылчалар жана жемиштер) баанын арзандашы жана Улуттук банк колдонгон инфляцияга каршы чаралар болду.
Инфляциялык процесстерге таасир эткен башка фактор дүйнөлүк рыноктордо азык-түлүк товарларга жана энергия булактарына баалардын турукташып жана андан кийин арзандоо жагына өзгөрүшү болду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, акчалык база 2010-жылдын 1-январына карата 41587,7 млн.сомду түзүп, КРУБ балансы боюнча 2008-жылга салыштырганда 18,3 процентке көбөйдү (2008-жылы акчалык базанын 2007-жылга салыштырмалуу көбөйүшү 11,3%ти түзгөн).
2009-жылы Кыргыз Республикасында экономиканы кредиттөө азайды. Республиканын экономикасына кредит 2009-жылдын аягында 25214,3 млн.сомду түзүп, жылдын башына салыштырганда 1,5 процентке азайды (2008-жылы ал 22,8%ке көбөйгөн).
М2Х акча массасы чет өлкөлүк валютадагы депозиттерди эсепке алганда 2009-жылдагы туруктуу алмаштыруу курсу боюнча 17,9 процентке көбөйдү жана 2010-жылдын 1-январына карата анын көлөмү 57126,4 млн.сомду түздү (2008-жылы М2Х 12,6%ке көбөйгөн).
2009-жылы кеңири М2Х акча массанын көбөйүшү депозиттик базанын 21,9 процентке жана банктардан тышкаркы акчалардын 15,3 процентке көбөйүшүнүн натыйжасында болду (2008-жылы М2Х акча агрегат банктардан тышкаркы акчалардын 10,2%ке жана депозиттердин 16,7%) көбөйүшүнүн эсебинен болгон).
АКШ долларынын кыргыз сомуна карата эсептик курсу 2009-жылдын башынан тартып 11,86 процентке жогорулап АКШнын 1 доллары үчүн январдын башындагы 39,4 сомдон 2009-жылдын декабрынын аягында 44,1 сомго жетти.
2009-жылдын январь-ноябрында тышкы соода жүгүртүү 3856,5 млн. АКШ долларын түздү жана 2008-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 1310,2 млн.долларга же 25,4 процентке азайды, анын ичинде импорт 981,8 млн. АКШ долларына азайды (төмөндөө 26,8%), экспорт 328,4 млн.долларга азайды (төмөндөө 21,9%).
Тышкы сооданын көлөмүнүн орчундуу азайышы дүйнөлүк финансылык кризистин таасири менен гана шартталды. Мисалы, өнөр жай ишканаларынын көбү негизги соодалык өнөктөрдүн (Россия жана Казакстан) төлөөгө жөндөмсүздүгүнө байланыштуу продукция өтпөгөндүктөн токтоп турушту. Ири өнөр жай ишканаларынын токтоп турушу өз кезегинде өндүрүштүк максаттар үчүн керектүү отун-энергетикалык ресурстардын импортуна суроо-талаптын азайышына (36,4%ке), инвестициялык товарларга суроо-талаптын азайышына (14%ке) алып келди.
Соодалык баланстын сальдосу терс болду жана 2008-жылдын январь-ноябрындагы (-)2170,3 млн.доллардын ордуна (-)1516,9 млн.долларды түздү же 30,1 процентке азайды.
Отчеттук жылда соодалык баланстын сальдосунун жакшырышы экспортко караганда импорттун көбүрөөк азайышына байланыштуу болду.
2009-жылы тышкы экономикалык иш Казакстан, Кытай, Азербайжан, Түркия, Иран, Малайзия, АКШ, Өзбекстан, Тажикстан ж.б. сыяктуу өлкөлөр менен, ошондой эле КМШ, ЕврАзЭС, ШКУ сыяктуу экономикалык бирикмелердин алкагында кызматташуунун натыйжалуулугун арттырууга багытталды.
Атап айтканда, заманбап талаптарга ылайык келген эл аралык келишимдик-укуктук базаны түзүү жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялар сыяктуу шаймандарды пайдалануу боюнча олуттуу прогресске жетишилди.
2009-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди, анын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында бизнес жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй кыйла жагымдуу шарттар түзүлдү:
- салыктардын жана жыйымдардын жалпы санын 16дан 8ге чейин кыскартуу;
- төмөнкү деңгээлде белгиленген салыктын негизги ставкаларын азайтуу жана бекитүү: КНС - 20 проценттин ордуна 12 процент; пайдага салык - 10 процент, кирешеге салык - 10 процент, бирдиктүү салыктын ставкалары салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 5-10 проценттин ордуна 4-6 проценттин чектеринде;
- каскаддык рыноктук эмес салыктарды жоюу: юридикалык жактардан алынуучу автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн салык жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга чегерүүлөр;
- кирешенин жана мүлктүн жалпы декларациясын жүргүзүү;
- ак ниеттүү салык төлөөчүгө карата салыктык администрациялоону либералдаштыруу жана салык төлөөдөн качкандарга карата катуу чара көрүү;
- жыл сайын удаа келген текшерүүлөр системасынан салык төлөөдөн качуу тобокелдигин баалоо боюнча талдоо ыкмасынын негизинде ишмердигинде салык төлөөдөн качуу көрүнүштөрү бар салык төлөөчүлөрдү текшерүүгө өтүү үчүн негиздерди түзүү;
- рейддик текшерүүлөрдүн санын чектөө;
- ставкаларды белгилөө боюнча мамлекет менен бизнестин өнөктөштүк механизмин ишке киргизүү.
2009-жылы кабыл алынган фискалдык саясаттын чаралары ишкердиктин активдүүлүгүнүн жайлашына карабастан кризистик шарттарда биринчиден, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоого жана экинчиден, 2008-жылга салыштырмалуу 21,6 процентке өсүш (пландагы көрсөткүчтөн 97,7%) менен 55283,9 млн.сом суммасына мамлекеттик бюджеттин киреше көлөмүн камсыздоого мүмкүнчүлүк түзгөн. Бул көрсөткүчкө таасир эткен дагы бир маанилүү фактор «Кумтөрдөн» түшүүлөрдүн көбөйүшү болду.
Республикалык бюджеттин учурдагы сарптоолору 2009-жыл үчүн 55924,6 млн.сомду же пландын 98,9 процентин түздү. 2008-жылга салыштырмалуу учурдагы сарптоолор 19252,1 млн.сомго же 52,5 процентке көбөйгөн. Республикалык бюджеттин учурдагы сарптоолору ИДПга карата 2008-жылга салыштырмалуу 8,7 проценттик пунктка көбөйүү менен 28,5 процентти түзгөн.
Республикалык бюджеттен эмгек акы төлөө боюнча сарптоолорду каржылоо 2008-жылга салыштырмалуу мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы өлчөмдөрүн көбөйтүүгө байланыштуу 1471,6 млн.сомго же 22,5 процентке көбөйгөн (2008-жылы эмгек акы боюнча сарптоолор 6545,1 млн.сомду түзгөн).
2009-жылы социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен чыгымдалган сарптоолордун салыштырма салмагы 25,2 процентти түзгөн, бардыгы болуп 2008-жылга салыштырмалуу 2427,1 млн.сомго көбүрөөк багытталган (2008-жылы социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен чыгымдалган сарптоолордун салыштырма салмагы 31,8 процентти түзгөн).
2009-жылы карыздарды тейлөө 7122,3 млн.сомду түзгөн. 2009-жылы тышкы карызды тейлөөгө 2283,1 млн.сом, анын ичинде негизги сумма боюнча - 1472,3 млн.сом жана проценттер боюнча - 810,8 млн.сом багытталган. 2009-жылы ички карызды тейлөө 4839,2 млн.сомду, анын ичинде негизги сумма боюнча - 4057,6 млн.сомду жана проценттер боюнча - 781,6 млн.сомду түзгөн.
2009-жылы тарифтик саясат калктын социалдык жактан аялуу топторуна колдоо көрсөтүү менен өлкөнүн энергетикалык системасындагы ишканаларын жана уюмдарын жакшыртууга жана туруктуу иштешин жогорулатууга багытталган.
Электр энергетикалык тармактын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында, ошондой эле инвестицияларды тартууга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн 2010-2012-жылдар мезгилине электр жана жылуулук энергияга карата Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилген, анын башкы максаттары энергетикалык сектордун өзүн өзү актоо принцибин киргизүү, тариф түзүү жаатында кайчылаш субсидиялоону жоюу, ошондой эле энергетикалык сектордун ишинин негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу болуп эсептелет.
2009-жылы өнөр жайда 97,2 млрд. сомго продукция чыгарылган. 2008-жылга салыштырмалуу реалдуу өндүрүштүн азайышы, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда, 51,7 млрд. сомго же 6,5 процентке азаюу менен 6,4 процентти түзгөн.
Агрардык сектор өлкөнүн азык түлүк коопсуздугун жана калкты иш менен камсыздоодо негизги сектор бойдон калууда. Айыл чарбада иштегендер өлкөдөгү иштеген адамдардын жалпы санынан үчтөн бир бөлүгүн же болжол менен 750 миң адамды түзүүдө. Мындан тышкары, экономиканын ушул секторунда ИДПнын кошумча наркы дээрлик төрттөн бир бөлүгүн түзүүдө (2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 22,1%), бул кайра иштетүүчү ишканаларды сырьелук ресурстар, ал эми калкты тамак-аш азыктары менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Кризистик жылдын татаал шарттарында бул сектор экономикалык өсүшкө салым кошуу боюнча башкылардын бири болуп калган - ИДПдагы 2,3 процентинен 1,63 процентти түзгөн.
2009-жылда айыл чарбасынын дүң продукциясы 110 млрд. сом суммасында өндүрүлдү. Өсүш темпи 7,4 процентти түздү, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүктө - 11,4 процент жана мал чарбачылыгында - 2,4 процент.
Талаа жумуштарын ийгиликтүү жүргүзүү жана белгиленген өсүш темптерин аткаруу үчүн 2009-жылы айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 500 млн. сомдон ашуун суммада мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөн.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн бардык түрлөрү боюнча түшүмдүүлүктү жана аянттарды кеңейтүү менен 2008-жылдагыдан көп продукция алынган, пахта жана тамекинин айдоо аянттары тиешелүү түрдө 48,3 процентке жана 16,3 процентке кыскартылган. Айдоо аянттарын мындай кескин кыскартуу эл аралык биржаларда суроо талаптын төмөндөөсү жана сатып алуу баасынын төмөндүгү менен түшүндүрүлөт.
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча өздүк өндүрүштүн эсебинен калктын камсыздыгы физиологиялык керектөө нормалары боюнча нан азыктарына, картошкага жана жашылчага карата керектөөсү зарыл болгон керектөө нормаларынан жогору, сүт боюнча - 74,5 процент, эт, жер-жемиш боюнча камсыздыгы 50 процентке жакынды түзөт, өсүмдүк майы жана жумуртка боюнча үчтөн бири, кант боюнча - болгону 3,7 процент гана канааттандырылат.
2009-жылы кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү реалдуу өсүш 2,6 процентти түздү. Болжолдуу көрсөткүчтөргө (-1,3%) жана 2008-жылдагы деңгээлге (-8,4%) жетишилген эмес, бул кризис шартында керектөө суроо-талаптарынын азайышынын тенденциясын түздөн-түз чагылдырат. Ошол эле учурда ички сооданын өсүшүнүн темпи 2008-жылдагы 9,6 проценттен 2009-жылы 0,6 процентке жайлап, бул кызмат көрсөтүү түзүмүндө 43 процентти түздү. Болжолдуу көрсөткүчтөрдөн жана 2008-жылдагы деңгээлден четтөө - тийиштүүлүгүнө жараша - 7,9 процентти жана - 1,8 процентти түздү.
Ошол эле учурда азык-түлүктүк эмес товарларды сатуунун көлөмү кыскаргандыктан улам (-3-2%) аларды соодада жүгүртүү 2008-жылдын деңгээлинде (0,6%ке өсүш) калды, бул дагы суроо-талаптын төмөндөшүнөн улам мындай товарларды сатуунун кыскарышы менен түшүндүрүлөт, бул өз кезегинде товарлардын азык-түлүктүк эмес тобун импорттоонун төмөндөшүнө алып келди.
Азык-түлүк товарларды сатуунун көлөмүнүн көбөйүшү да солгун тартты.
2009-жылы 2008-жылга салыштырганда инвестицияларды негизги капиталда өздөштүрүү деңгээли 19,7 процентке өсүп, 38,7 млрд. сомду түздү. 2008-жылга салыштырганда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү каржылоонун ички булактарынын эсебинен 1,4 эсеге өстү. Ички инвестициялык каражаттардын суммалык өсүшү 74,2 процентти түздү жана тышкы инвестициялардын суммалык өсүшү өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнүн 25,8 процентин түздү. Мында негизги үлүш жекече каражаттарды пайдаланууга туура келет (негизги капиталга мамлекеттик инвестициялардын үлүшү - 14%, жекече инвестициялардыкы - 86%).
Инвестициялык жагымдуу климатты түзүү жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатындагы башкы артыкчылыктуу жагдай болуп саналат.
Акыркы жылдардагы республиканын жетишкендиги инвестициялык реформалардын кеңири программасын ишке киргизүү менен Дүйнөлүк банктын «Бизнести жүргүзүү» долбоору боюнча индикаторлорду жакшыртуусу болуп саналат. Бизнес ачуу, курулуш чөйрөсүндө уруксат берүүчү документтерди алуу, инвесторлорду коргоо, эл аралык соодада жана кредиттерди алууда реформалар жүргүзүлүп, анын натыйжасында республикада инвестициялык жана ишкердик ишти жөнгө салуунун нормативдик-укуктук системаларында реформалар жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасы реформаторлордун 50 өлкөсүнө кошулуп, анда Кыргызстан 2009-жылы бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча Дүйнөлүк банктын дүйнөлүк рейтингинде 41-орунду ээлеп, 68-орундан 27-баскычка көтөрүлгөн. Жөнгө салуучу реформаларды жүргүзүү боюнча республика дүйнөдө 10 лидер реформатор өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунду ээлеген. Өлкө 2008-жылдын июнунан тартып 2009-жылдын июнуна чейин изилденген отчетто 10 тармактын 8 тармагында реформаларды ишке ашырган.
Мамлекеттик - жекече өнөктөштүк системасын киргизүү боюнча иш активдүү жүргүзүлүүдө, ал инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда коммерциялык компаниялар менен мамлекеттин кызматташтыгынын натыйжалуу механизмин түзүүгө, мамлекеттик маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн бизнести кеңири тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мамлекет менен бизнестин ортосундагы тобокелчиликти адилеттүү бөлүштүрүүгө багытталган. «Мамлекеттик - жекече өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалып, ал 2009-жылдын 11-майында кабыл алынган (№ 154).
2009-жылдын 9 айы ичинде тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын (ТЧИ) келип түшүүсү 450 млн. АКШ долларын жана 2008-жылдын ушундай мезгилиндеги деңгээлге карата 93,5 процентти түзгөн, бул бүткүл дүйнөдөгүдөй эле кризис мезгилинде инвестициялык ресурстарды «токтото туруу менен» байланышкан.
2009-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти алдыга койгон милдеттерди аткаруу үчүн республикада мамлекеттик башкаруунун реформасынын биринчи этабы башталды. Бул биринчи кезекте - мамлекеттик бийликтин жогорку деңгээлинде чечим кабыл алууда коомчулуктун реалдуу жана натыйжалуу катышуусун камсыз кылууга багытталган Президенттин Администрациясын реформалоо.
Жүргүзүлүп жаткан администрациялык реформанын чегинде 14 министрликтен, 7 мамлекеттик агенттиктен, 6 мамлекеттик кызматтан жана 2 фонддон турган Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилген. Бардык мамлекеттик комитеттер жоюлган.
Чечимдерди кабыл алууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Президиуму түзүлүп, ал Өкмөттүн чечимдерин кабыл алууну жана учурдагы кечиктирилгис маселелерди оперативдүү тартипте чечүүгө мүмкүндүк берет.
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү ишти уюштуруунун тармактык принциби боюнча эмес, функциялык принциби боюнча түзүлгөн. Ишти уюштурууга функциялык мамиле жасоо Аппараттын санын 156 адамдан 115 адамга чейин же 26,3 процентке олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берди. Жалпысынан мамлекеттик органдардын штаттык саны 37217 бирдиктен 35009 бирдикке чейин же 2208 штаттык бирдикке кыскартылган, ал эми каражат үнөмдөө 240 млн. сомго жакынды түздү.
Жыл башынан тартып калкты социалдык коргоо саясатынын натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган бир катар чара көрүлдү.
Жеңилдиктер системасын оптималдаштыруу, даректүү кызматтарды көрсөтүүнү күчөтүү максатында 2009-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Энергия булактарына тарифтик саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсация берүү жөнүндө» Жарлыгына кол коюлган. Азыркы учурга чейин айрым категориялар алган жеңилдиктердин орточо наркынын суммалык наркы 133 сомдон 6168 сомго чейинди түзгөн. Бул Жарлыкка ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып жарандардын айрым категорияларына берилген жеңилдиктердин ордуна так өлчөмдөрдө белгиленген, мыйзам түрүндө белгилеген суммалык баадан ашкан жана энергия булактарынын баасынын жогорулашы эске алынган акчалай компенсация төлөп берүү жүргүзүлөт (ай сайын 1000ден 7000 сомго чейинки өлчөмдө акчалай компенсация төлөнүп берилет).
2009-жылдын 13-ноябрындагы «Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып бирдиктүү ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулдун (БТЖ) өлчөмү 25 процентке, ал эми социалдык жөлөкпулдар - дээрлик эки эсеге жогорулайт.
Алдын ала маалыматтар боюнча 2009-жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйымы 10,8 млрд. сомду түзүп, бул 2008-жылдагы деңгээлден 19,4 процентке ашты. Бүгүнкү күндө жеңилдиктер боюнча карыз (20,2 млн. сом) жана эмгек акы боюнча жергиликтүү бюджеттердин карызы (84,6 млн. сом) бар. Социалдык фонддун кирешелеринин бардык жалпы суммасы 2009-жылдын башталышына карата калдыкты эске алганда 17,8 млрд. сомду түздү, бул 2008-жылдагыдан 31,3 процентке көп.
Пенсиялык камсыздоо деңгээлинин негизги көрсөткүчү орточо эмгек акыга карата орточо пенсиянын катышы болуп саналат. 2009-жыл үчүн Кыргызстандагы ордун басуучу коэффициент 33,1 процентти түздү, башкача айтканда 2008-жылдагы 24,9 процентке салыштырганда 8,9 процентке жогору. Салыштыруу үчүн мындай катыш 2008-жылы Россияда - 34,4 процентти жана Казакстанда 26,3 процентти түзгөн.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 «Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 744 токтомуна ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып жеңилдиктер алып салынганына байланыштуу өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн дайындалган пенсияларга проценттик эсептөөлөргө үстөк 20 проценттен 35 процентке чейин көбөйтүлгөн. Андан сырткары өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алууга укугу бар пенсионерлердин учурдагы категориясы жаңы категория баатыр энелер менен толукталган, мында алардын дайындалган пенсияларына 20 процент өлчөмүндө үстөк белгиленген.
ИДП өндүрүшүнө негизги салым салттуу түрдө Чүй облусу жана Бишкек шаары тарабынан жасалды, алардын үлүшү 51,5 процентти түздү. Калган бардык облустар ВРПнын 3 процентке орточо өсүшү менен жайыраак өнүгүштү. Отчеттук мезгил үчүн жан башына карата ВРП республика боюнча орточо 37 миң сомду түздү. Республикалык деңгээлден жогору Бишкек шаары - 2 эсеге, Чүй жана Ысык-Көл облустары тийиштүүлүгүнө жараша 29,1 процентке жана 62,5 процентке жогору. Калктын жан башына ВРП жалпы республикалыкка салыштырганда Баткен облусунда 3 эсеге, Ош облусунда - 2,3 эсеге төмөн.
2009-жылдын 1-октябрына карата жалпы суммасы 255 млн. АКШ доллары болгон 76 инвестициялык долбоорду ишке киргизүү региондордогу экономикалык өсүштүн негизги булактарынын бири болуп калды. Инвестициялык долбоорлордун көпчүлүгү Чүй (жалпы суммасы 35 млн. АКШ доллары болгон 26 долбоор), Ысык-Көл (жалпы суммасы 18,5 млн. АКШ доллары болгон 11 долбоор), Ош (жалпы суммасы 12,3 млн. АКШ доллары болгон 10 долбоор) облустарында жана Ош шаарында (жалпы суммасы 16 млн. АКШ доллары болгон 10 долбоор) ишке ашырылган. Ошол эле учурда Жалал-Абад облусундагы ишке ашырылган эки долбоордун жалпы суммасы башка региондорго караганда абдан көп болуп, 85,5 млн. АКШ долларын түзгөндүгүн белгилей кетүү зарыл.
2008-жылга салыштырганда 2009-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү республиканын 5 регионунда белгиленген. Абдан чоң өсүш Нарын (114,9%) жана Баткен (101,1%) облустарында жетишилген. Нарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн кескин түрдө өсүшү көмүр казуунун, электр энергиясын иштеп чыгуунун жана кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшүнүн эсебинен жетишилди.
Өнөр жай өндүрүшүнүн абдан көп кыскаруусу Бишкек шаарында (-19,9%) байкалды.
Жалпысынан республика боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү төмөндөгөн (93,6%) шарттарда Чүй облусу (106,6%), ошондой эле Нарын (114,9%) жана Баткен (101,1%) облустары өнөр жайдын өсүшүн республикалык деңгээлден жогору камсыз кылышты.
Отчеттук мезгилде 2008-жылга салыштырганда айыл чарбасынын өсүшү республиканын 4 облусунда белгиленди. Эң чоң өсүш Ысык-Көл (113,1%) жана Чүй (110,4%) облустарында жетишилди. Айыл чарба продукциясынын көлөмүнүн төмөндөшү Баткен облусунда, ошондой эле анча чоң эмес көлөмдө Бишкек жана Ош шаарларында байкалды.
Өткөн жылда жаан-чачындын көп болушу жана жаздын узакка созулушу салттуу мөмө жемиштин (шабдалынын) түшүмүн төмөндөттү, мунун өзү Баткен облусунда айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн олуттуу түрдө төмөндөшүнө алып келди. Бишкек жана Ош шаарларында айыл чарба боюнча көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнүн негизги себеби болуп жыл сайын айыл чарба жерлеринин аянтынын кыскаруусу эсептелет, алар турак-жай курууга бөлүнүп берилүүдө.
Жалпысынан алганда айыл чарба продукциясын дүң өндүрүүнүн республикалык деңгээлинен жогорку деңгээли (107,4%) Ысык-Көл (113,1%), Чүй (110,4%) жана Жалал-Абад (109,0%) облустарында камсыз кылынды. Ошол эле учурда Баткен (103,7%), Нарын (104,0%) облустарында, Бишкек (95,0%) жана Ош (99,5%) шаарларында республикалык деңгээлден төмөн болду.
2009-жылдын 9 айы үчүн чет элдик тикелей инвестициялардын жалпы көлөмүнүн эң чоң салыштырма салмагы Бишкек шаарына - 73,7 процент же 331,4 млн. АКШ доллары, Жалал-Абад облусуна - 10,2 процент же 45,9 млн. АКШ доллары, Ош облусуна - 6,3 процент же 28,1 млн. АКШ доллары, Чүй облусуна - 5,0 процент же 22,5 млн. АКШ доллары болуп туура келет.
2011-жылга чейин облустарды жана республикалык маанидеги шаарларды өнүктүрүү стратегиялары бекитилген, мында колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында андан ары өнүктүрүүнүн келечеги жана максаттары аныкталган.
Бир катар ири өнөр жай ишканалары, тактап айтканда Түштүк-Кыргыз цемент заводу ишке киргизилген, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу аяктоодо ж.б.
Өлкөнү 2009-2011-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган негизги документ болуп эсептелет.
Өлкөнү 2009-2011-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясынын иш-чаралар планын аткарууну талдоо 2009-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 195 иш-чара толук жана же жарым-жартылай аткарылгандыгын көрсөттү, бул 2009-жылга пландалган иш-чаралардын жалпы санынын 85,2 процентин түзөт. 14 иш-чара, анын ичинде бирден иш-чара - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан аткарылган эмес жана 3 иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аткарылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга иш-аракеттер планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо 2009-жылдын 31-декабрына карата министрликтер жана ведомстволор тарабынан 186 иш-чара боюнча коюлган милдеттер толук же жарым-жартылай аткарылганын көрсөттү, бул 2009-жылга пландалган иш-чаралардын жалпы санынын 96 процентин түзөт. Мамлекеттик бийликтин беш органы тарабынан 7 иш-чара аткарылган эмес, мунун өзү иш-чаралардын жалпы санынын 4 процентин түзөт. Министрликтерге жана ведомстволорго карата эки иш-чара Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан, бирден иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдер фонду, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аткарылган эмес.
Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык 2010-жылы күтүлгөн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болот.
Ички дүң продукт 235 млрд. сомду түзсө, өсүш темпи 105,5 процент деңгээлин түзөт. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, ИДП 219,6 млрд. сомду түзүп, өсүш темпи 106,0 процентти түзөт, ал эми экономикадагы дефлятор 113,4 процент деңгээлинде күтүлүүдө.
Тармак жактан алганда 2010-жылы орточо жылдык өсүш темпи төмөнкүлөрдү түзөт: айыл чарбасында - 102,0 процент, өнөр жайда - 102,7 процент, курулушта - 117,6 процент, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 106,5 процент.
2010-жылы өнөр жайдагы реалдуу өсүш темпи 2,7 процент деңгээлинде күтүлүүдө. «Кумтөр» ишканаларын кошпогондо, өндүрүштүн реалдуу өсүш темпи 2010-жылы 4,0 процент деңгээлинде күтүлүүдө.
Алсак, 2010-жылы кен казуу тармагында өндүрүштүн өсүш темпи иштетилбеген нефтини жана жаратылыш газын өндүрүүнүн көлөмүнүн күтүлүп жаткан өсүшүнүн эсебинен 3,7 процент деңгээлинде болжолдонууда.
Кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүштүн реалдуу өсүш темпи негизинен айыл чарба продукттарын кайра иштетүүнүн (4,0%), текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн (2,6%), кокс, нефти продукттарын жана ядролук материалдарды өндүрүүнүн (3,0%), химиялык өндүрүштүн (2,2%), металл эмес башка минералдык продуктуларды өндүрүүнүн (7,0%) көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 2,6% деңгээлинде болжолдонууда.
Электр энергиясын, газды жана сууну берүүдө жана бөлүштүрүүдө 2010-жылы реалдуу өсүш темпи 3,7%ти түзөөрү болжолдонууда. Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи турбоагрегатын 2010-жылдын июнь айында ишке киргизүүнүн эсебинен 11,5 млрд.кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуу болжолдонууда.
Төмөнкүлөр электр энергиясын, газды жана сууну берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн темпине олуттуу таасир берүүчү факторлор болуп калмакчы: (1) суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, (2) Кыргызстандын тарифтик жана (3) инвестициялык саясаты.
Айыл чарбасында 2010-жылы реалдуу өсүш темпи 2,0% деңгээлинде күтүлүүдө. 2010-жылы экономиканын ушул секторундагы өсүштүн анча жогору эмес болушу 2009-жылдагы өндүрүштүн өсүш көрсөткүчтөрүнүн жогору болушу менен байланышкан. Себеби өндүрүшкө интенсификациялоо жүргүзбөй туруп эки-үч жыл катары менен айыл чарба өндүрүшүнөн жогору өсүш темптерин күткөн болбойт.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү реалдуу өсүш темпи 2010-жылы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуунун жана аларга болгон сурамдын өсүшүнүн эсебинен 7,0% деңгээлинде болжолдонууда, бул кызмат көрсөтүүлөргө болгон сурам калктын акчалай кирешелеринин туруктуу өсүшү менен шартталат, калктын акчалай кирешелеринин өсүшү 9,7% деңгээлинде болжолдонууда.
Кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүн өнүктүрүү негизинен сооданын, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жекече пайдалануу предметтерин ремонттоонун өсүшү, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшү, байланыш кызматтарынын өсүшү, ошондой эле ири чекене соода ишканаларынын тармактарын андан ары өнүктүрүүнүн жана көрсөтүлүүчү кызматтарды модернизациялоонун эсебинен камсыздалат. Сооданын өсүшү керектөөчүлүк кредиттөөнү акырындап көбөйтүүдө калктын аманаттарынын нормаларын азайтуу менен колдоого алынат.
Курулуштун дүң продукциясы 17,6%ке реалдуу өсүш менен күтүлөт. Курулуштагы артыкчылыктуу багыттар транспорттук магистралдын, кен казуучу жана энергетикалык тармактардын объекттери, ошондой эле турак жай курулушу жана социалдык чөйрөнүн объекттери болот. Улуттук, ошондой эле региондук деңгээлдерде 2010-жылга болжолдонуучу жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке берүү курулуш секторунун жана жалпысынан өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кошумча түрткү берет.
Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар 2010-жылы негизинен жеке инвестициялардын келишинин эсебинен 12,4%ке чейин дүң инвестициялардын реалдуу өсүшүнүн темпин өстүрүүгө мүмкүндүк берет (15,3%ке өсүш). Мында мамлекеттик инвестициялардын өсүү темпи иш жүзүндө 2009-жылдын деңгээлинде калат (0,3%ке өсүш). Инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү үчүн 2009-жылы ишин баштаган Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду кыйла мааниге ээ болот.
ПГИнин инвестициялык долбоорлорун тышкы каржылоо 6,4 млрд. сомду же ИДПга карата 2,7%ти түзөт. Ошондой эле, 2010-жылы АКШнын 1,0-1,1 млрд.доллары өлчөмүндө тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын келиши болжолдонууда. Тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын ушундай көлөмдөрүнүн келиши Казакстан, Улуу Британия, Кытай, Канада жана Россия сыяктуу негизги инвестор өлкөлөрдө экономикалык кырдаалдын болжолдонгон жакшырышы менен шартталган.
2010-жылы импорттун өсүшү менчик сектордун керектөөчүлүк суроо-талабы жайлап калгандыгына жараша кыйла акырындык менен болушу күтүлүүдө (2,6%ке). Ошондой болсо да, экспорттун импорттон өсүп кетүү темпи жогору болот (2,2%).
Экспорттун көлөмү кыйла деңгээлде (алтынды экспорттоонун салыштырма салмагы экспорттун жалпы көлөмүндө 28-30%) өндүрүш көлөмүнө жана алтынга дүйнөлүк бааларга жараша болоорун эске алганда 2010-жылы алтынга баалардын өсүү динамикасы труа унциясы үчүн АКШнын 1000-1200 долларынын чегинде сакталат. Экинчи жагынан Кыргыз Республикасында алтын өндүрүү ушул мезгилде иш жүзүндө өспөйт.
Кризистен кийинки мезгилде республиканын экономикасын турукташтыруу, андан ары экономикалык өсүш жана жалпысынан калктын жашоо-турмушун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2010-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын долбоору иштелип чыккан, аны иштеп чыгууда мурунку жылдардагы жана 2009-жылы түзүлгөн тенденциялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун, борбордук органдарынын, облустук мамлекеттик администрацияларынын жана шаарларынын мэрияларынын сунуштары эске алынган.
2009-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2010-жылга божомол жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2009-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат көңүлгө алынсын.
2. 2010-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү божомолу жактырылсын.
3. 2010-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген Иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) бекитилсин.
4. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө тейлөөчү багыттары боюнча иш-чаралардын пландарын Иш-аракеттер планына ылайык иштеп чыгышсын, белгиленген тартипте бекитишсин жана аларды аткарууга киришсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине отчет берип турушсун.
5. Кыргыз Республикаеынын Экономикалык тескөө министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалымат берип турсун.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 116 «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2008-жылдагы жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга карата Иш-аракеттеринин программасы жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 630 «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2008-жылдагы жыйынтыктары жана 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 116 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-майындагы № 290 «2009-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 477 «2009-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдык үчүн милдеттер жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 693 «2009-жылдын 9 айы үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы № 724 «Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-августундагы № 535 «Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы № 724 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-апрелиндеги № 218 «Кыргыз Республикасын 2009-2011-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 257 «Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 268/7/2 «2009-жылга финансылык жана социалдык-экономикалык саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүсү тууралуу» токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтерине жана администрациялык ведомстволоруна жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 156 токтому менен жактырылган |
2010-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү болжолу
Киришүү
Бул болжолдоо 2010-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн келечектерин жана негизги багыттарын чагылдыруучу документти камтыйт.
Негизги макроэкономикалык параметрлерди болжолдоо дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденцияларын жана 2009-жылга Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын эске алуу менен ишке ашырылды.
Бул документти иштеп чыгуунун негизги милдети 2009-жылга иш жүзүндө түзүлгөн алдын-ала маалыматтарды жана 2008-жыл үчүн түзөтүлгөн статистикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыйла реалдуу сценарийин иштеп чыгуу максатында 2010-жылга болжолдонуучу көрсөткүчтөрдү тактоо болуп саналат.
1. Базалык өбөлгөлөр
2010-жылга күтүлүүчү көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу үчүн негизги өбөлгөлөр төмөнкүдөй факторлор болуп калды:
- 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин өлкөдөгү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу;
- дүйнөлүк өнүгүүдөгү финансылык-экономикалык кризистин терс көрүнүштөрүн азайтуу;
- дүйнөлүк экономиканын өнүгүү болжолдоолорун 2,5%тен 3,5%ке чейин оңдоо;
- 2010-2012-жылдарга Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү болжолдоолору боюнча ДВФнын миссиясы менен өткөрүлгөн консультациялар.
1.1. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк экономиканын жакшыруу жагындагы байкалган тенденцияларынын көрүнүшүндө биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө сезилерлик оң жылыштар байкалды.
2009-жыл Кыргызстан үчүн кризистик көрүнүштөрдүн күчөгөн жылы болгондугуна карабастан жалпысынан туруктуу макроэкономикалык кырдаалды сактоого жетишилди. Экономикалык өсүш 2008-жылга салыштырганда басаңдаса да (8,4%ке), ИДПнын реалдуу өсүшү 2,3% түздү, ал эми алдын-ала баалоолор боюнча ИДПнын көлөмү 196,4 млрд. сом суммасында түзүлдү.
ИДПнын өсүшүндөгү кыйла салым айыл чарбасы (1,6 п.п.) жана кызмат көрсөтүүлөр сектору (1,2 п.п.) тарабынан камсыздалды, алардын ИДПдагы жалпы салыштырма салмагы дээрлик 70% түздү. Өнөр жай сектору тескерисинче өлкөнүн экономикасынын өсүш темпине терс (-0,95 п.п.) салымы менен тер таасир тийгизди. Бул өнөр жайы узак мезгилден бери сакталып келе жаткан көйгөйлөрдөн улам (продукциялардын атаандашууга жөндөмсүздүгү, жүгүртүү каражаттарынын жоктугу, карыздарынын көптүгү ж.б.) кыйла аярлуу жана кризистин таасирине дуушар болгондугу менен түшүндүрүлөт. Мындан тышкары бул сектор өндүрүшү али да болсо өтө туруксуздугунан улам «Кумтөр» кен казуу ишканаларына катуу көз каранды. Алсак, Кумтөр ишканаларынын үлүшү өнөр жайда гана эмес (46,7) ошондой эле ИДПда (6,9%) кыйла жогору болсо, алардын ИДПга карата терс салымы -0,6 п.п. түзгөн. Натыйжада Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсептебегенде ИДПпын реалдуу өсүшү 2,9% түзгөн.
Учурдагы социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер программасынын жана Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистердин кесепеттерин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин планын кошо алганда өлкөнү жаңылоого жаңы багытта Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган 2009-жылга өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча чаралар жана башка документтер, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын турукташуусуна карата тенденциялар менен шартталган.
Бүтүндөй өткөн жылдын аралыгында баалардын жалпы деңгээлинин өсүшүнүн басаңдашы улантылды, экинчи жарым жылдыктан тартып анча чоң эмес дефляция байкалды (2008-жылдын декабрына карата КБИ 100% төмөн түштү) натыйжада 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын көрсөткүчү өткөн жылдын (100%) деңгээлинде калды. Баалардын түзүлгөн динамикасы керектөө суроо-талабынын начарлашынан жана дүйнөлүк азык түлүктөр рыногунда баалардын төмөндөшүнөн болду. Бул өз кезегинде ун (дээрлик 3,1), нан, май жана малдын майы, сүт азыктары, жашылча жемиш сыяктуу өтө зарыл товарларга баалардын төмөндөшүнө алып келди. Өткөн жылы инфляциялык процесстерге таасир эткен башка фактор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан көрүлүүчү инфляцияга каршы чаралар болуп калды.
2009-жылы инфляциянын жоктугунан улам акча агрегаттарынын жогорку өсүш темпине жетишилди. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтары боюнча 2008-жыл менен салыштырганда 2010-жылдын 1-январына карата акча базасы 18,3%ке көбөйгөн жана 41,6 млрд. сомду түзгөн.
М2Х акча массасы 2009-жыл үчүн туруктуу алмашуу курсу боюнча чет өлкөлүк валютадагы депозиттерди эсе алганда 17,9%ке көбөйгөн жана 2010-жылдын 1-январына карата анын көлөмү 57,1 млрд. сомду түздү.
Экономикага кредит берүү 2009-жылдын аягында жыл башына салыштырганда 2,8% кыскарып 25,9 млрд. сомду түздү.
2009-жылы алмашуу курсунун өйдө-төмөн болуу саясаты сакталат. АКШ долларына карата сомдун расмий курсу 10,6%ке (4,7 сомго) төмөндөдү, жыл башындагы 39,4 сомдон жыл аягында 44,1 сомго төмөндөдү.
Тышкы соода жүгүртүү 2009-жылдын январь-ноябрь айларында, 2008-жылдын ушул мезгилине салыштырганда, 1310,2 млн. долларга же 25,4%ке азайып 3856,5 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинде импорт 981,8 млн. долларга (26,8%ке) төмөндөгөн, экспорт негизинен дүйнөлүк финансылык кризистин таасири алдында 328,4 млн. АКШ долларына (21,9%ке) кыскарган. Соода балансынын сальдосу 2008-жылдын январь-ноябрь айларындагы (-) 2181,9 млн. доллардын ордуна терс болуп (-) 1516,9 млн. долларга же 30,5%ке азайган.
2009-жылы өнөр жайында 97,2 млрд. сомго продукция өндүрүлгөн, 2008-жылга салыштырганда төмөндөө - 6,4%, ал эми «Кумтөр» кенин иштетүүчү ишканаларды эске албаганда - 6,5%.
2009-жылы 110 млрд. сом суммасындагы айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. Өсүш темпи 7,4%ти анын ичинде өсүмдүк өстүрүүдө - 11,4% жана мал чарбасында - 2,4% түздү.
2009-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө реалдуу өсүш 2,6%ти түздү. Болжолдогу көрсөткүчтөргө (-1,3%) жана 2008-жылдын (-8,4%) жетишилген жок, бул түздөн-түз кризистин артында керектөө суроо-талаптарынын басаңдаган тенденциясын чагылдырат. Ошол эле учурда ички сооданын өсүш темпи 2008-жылдагы 9,6%тен 2009-жылдагы 1,7%ке сезилерлик басаңдады, мында кызмат көрсөтүүлөрдүн структурасында 43%ти түзөт.
Болжолдогу көрсөткүчтөрдөн жана 2008-жылдагы деңгээлден четтөө тиешесине жараша -7,9 жана -1,8%ти түздү.
Мында азык-түлүк эмес товарларды сатуунун көлөмү (-3,2%ке) кыскаргандыктан аларды сатуунун жүгүртүүсү дээрлик 2008-жылдын деңгээлинде калган (өсүш 0,6%ке), бул дагы суроо-талаптын төмөндөөсүнөн бул товарларды сатуу кыскаргандыгы менен түшүндүрүлөт, бул өз кезегинде товарлардын азык-түлүк эмес топторун импорттоонун кыскаруусуна алып келди.
2008-жылга салыштырганда 2009-жылы негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 19,7%ти жана 38,7 млрд. сомду түздү, мында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү каржылоонун ички булактарынын эсебинен 1,4 эсе өстү. Ички инвестициялык каражаттардын суммардык үлүшү 74,2%ти жана тышкы өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнүн - 25,8%тин түзгөн.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2009-жылдын 9 айы үчүн чет өлкөлүк түз инвестициялардын келип түшүүсү 450,0 млн. АКШ долларын жана 2008-жылдын ушул мезгилдин деңгээлине салыштырганда 93,5% түзгөн, бул дүйнө жүзүндөгү кризис мезгилинде инвестициялык ресурстардын «сенектиги» менен байланыштуу.
2010-жылдын 1-январына карата иш издөөдө ишке орноштуруу мамлекеттик кызматынын органдарында эсепте турган жумушсуз калктын саны, 4,7%ке, ал эми жумушсуздардын саны - 8,6%ке кыскарды. Катталган жумушсуздардын деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,6%тин түзөт.
Ушул убакка чейин белгилүү бир категориялар алып келген жеңилдиктердин суммардык орточо наркы 133төн 6168 сомго чейин түзгөн.
«Мамлекеттик пособиелердин өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы Жарлыгына ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып бирдиктүү ар айлык пособиенин өлчөмү (АПӨ) 25%ке, ал эми социалдык пособиелердин өлчөмү - дээрлик 2 эсеге жогорулады.
Бул Жарлыкка ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып жарандардын айрым категорияларына колдонулган жеңилдиктердин ордуна мыйзамда белгиленген суммардык наркынан ашуучу бекем өлчөмдө белгиленген жана энергия булактарына баалардын жогорулашын эске алган акчалай компенсациялар төлөнөт (ай сайын 1000 сомдон 7000 сомго чейинки өлчөмдө акчалай компенсация төлөнөт).
1.2. Дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн мүнөздүү багыттары
Өткөн жыл, дүйнөлүк экономикалык системанын бекемдигин сыноого дуушар болгон бурулуш жыл болуп калды. Бул жыл бүткүл дүйнөгө глобалдуу экономикалык төмөндөө, дүйнөлүк товар жүгүртүүнүн азайышы жана фондулук жана товардык-сырьелук биржалардагы кескин өзгөрүүлөр менен эсте калды. Дүйнөлүк финансылык система көптөгөн зыян тартты, ал эми көп өлкөлөрдүн өкмөттөрү өздөрүнүн финансылык системаларын сактап калууга багытталган көптөгөн каражаттарын жумшашты.
Маалымат үчүн: ар кандай баалоолор боюнча акыркы жылдан бир аз ашык мезгил ичинде 1 трлн. доллар суммасындагы банктык активдер жок кылынды, турак жай фондунун наркы 5 трлн. ашык долларга кыскарды, ал эми дүйнөлүк фондулук рыноктордо активдердин наркынын жалпы төмөндөөсү 10 трлн. доллардан ашып кетти.
Финансылык системаларды колдоого жалпы алганда 9 трлн. жакын доллар бөлүнгөн, мында айрыкча проблемалуу активдерди сатып алууга жана карыздар боюнча кепилдиктерге чыгымдалды.
Банк системаларын колдоодон тышкары, көптөгөн өлкөлөрдө калктын керектөө активдүүлүгүн колдоо боюнча ар кандай чаралар көрүлдү, бирок буга карабастан жыл бою жеке сектордун керектөө суроо-талабы начар бойдон калды. Бул жумушсуздуктун өсүшү, жана реалдуу секторго багыттоонун ордуна ресурстарды артыкчылыктуу багытта финансылык рынокторго жумшоо менен шартталган.
Ошондой болсо да, көйгөйлөрдүн көптөгөн санына карабастан 2009-жылдын акырында көп өлкөлөрдүн экономикасы темп ала баштады. Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк сыяктуу жана башка дүйнөлүк институттар дүйнөлүк экономиканын калыбына келиши жөнүндө айтып жана жакшыруу жагына өздөрүнүн күтүүлөрүн кайра карай башташты.
Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) глобалдуу финансылык туруктуулук жөнүндөгү жаңы докладына ылайык, дүйнөлүк экономиканын экономикалык өсүш темпи глобалдуу терең рецессиядан кийин дурус деңгээлге чыкты. Көптөгөн өлкөлөрдөгү кеңири масштабдуу мамлекеттик кийлигишүүлөр суроо-талапты колдоону камсыздады жана финансылык рыноктордогу белгисиздикти жана системалуу тобокелдиктерди азайтты.
2009-жылы глобалдуу экономикалык өсүш темпинин 1 процентке төмөндөшүнөн кийин, ЭВФнун оңдолуп түзөтүлгөн болжолдоолорунун маалыматы боюнча дүйнөлүк экономиканын өсүш темпи 2010-жылы 3,5%тин деңгээлинде күтүлүүдө.
Рыноктору түзүлүп жаткан өлкөлөрдө 2009-жылдагы 1,45%ке салыштырганда ИДПнын реалдуу өсүшү 2010-жылы дээрлик 5 процентке болжолдонууда. Дүйнөлүк экономиканын жанданышында алдыңкы ролду Кытай, Индия жана рыногу түзүлүп жаткан Азиянын бир катар өлкөлөрү ойнойт.
2. 2010-жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу
2010-жылы социалдык-экономикалык саясаттын негизги максаты кризис мезгилинде макроэкономикалык туруктуулукту чыңдоо болуп саналат.
Бул жылдагы негизги милдеттер:
- 5,5% кем эмес ИДПнын реалдуу өсүшүнө жетишүү;
- инфляциянын темпин 11,5% жогору эмес деңгээлде кармап туруу;
- ИДПга карата бюджеттин тартыштыгын 5,8%тин чегинде кармап туруу;
- артыкчылыктуу багыттар боюнча структуралык реформаларды жылдыруу;
- жөнгө салуучу саясаттын чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө дем берүү;
- жеке инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;
- расмий эмес экономиканы легалдаштыруу;
- жаңы жумуш орундарын түзүү;
- мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз учурунда аткаруу.
2010-жылга негизги макроэкономикалык параметрлер
5,5%тин деңгээлинде өсүш темпи менен Ички дуң продукт 235 млрд. сомду түзөт, мында дефлятор 13,4%тин деңгээлинде күтүлүүдө. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларсыз ИДП 5,8%тин деңгээлинде өсүш темпи менен Ички дүң продукт 219,6 млрд. сомду түзөт.
ИДПнын дефляторунун өсүшүнүн жогорку темпи төмөнкү менен шартталган, бул жерде электр энергиясына жана жылуулук энергиясына тарифтердин жогорулашынын таасири эске алынган. Тарифтердин жогорулашынын таасирин баалоодо керектөө рыногунда баалардын өзгөрүүсүнүн түздөн-түз таасири 1,9 проценттик пунктту, ал эми кыйыр таасири - 2,3 проценттик пунктту түздү. Ошондуктан экономиканын өнүгүүсүнүн тенденцияларынан жана баалардын динамикасынан дефлятордун мурда болжолдонгон (9,2%ке) өсүшүн эске алуу менен оңдолуп-түзөтүлгөн дефлятор 13,4%ти түздү.
Инфляциянын деңгээли да кайра каралды жана тарифтердин жогорулашын эске алуу менен 2010-жылы бул көрсөткүч 10 проценттик тоскоолдуктан ашышы жана 11,5% деңгээлинде түзүлүшү мүмкүн. Тарифтердин жогорулашынан тышкары инфляциянын деңгээлин болжолдоодо сомдун курсунун начарлашы менен айкалыштырып нефтиге жана нефтепродуктуларына дүйнөлүк баанын өсүү тенденциясы көңүлгө алынган, бул сөзсүз түрдө импорттун кымбатташына алып келет.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы макроэкономикалык турукташууну чыңдоого жана баалардын өсүшүн чектөөгө багытталган салмакталган жана макулдашылган акча-кредиттик жана фискалдык саясатты жүргүзүү боюнча бардык күч-аракеттерди жумшайт.
Макроэкономикалык туруктуулукту колдоо Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фондун ишке киргизүүгө байланыштуу (иш-аракетин 2009-жылдын май айында баштаган) экономиканын жеке секторун кредиттөөнүн өсүшүнүн эсебинен да күтүлүүдө.
2010-жылы сомдун алмашуу курсунун өйдө-төмөн болуу режими сакталат. Зарыл учурларда сомдун алмашуу курсунун өйдө-төмөндүгүн жеңилдетүү максатында валюталык интервенция жүргүзүлөт. Эсепке алууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сомго карата АКШ долларынын эсептик курсун күн сайын котировкалоого өтөт.
Фискалдык саясат 2010-жылы дүйнөлүк кризистин терс таасиринен улам өткөн жылы төмөндөп кеткен ишкер активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталат. Атап айтканда кирешелерди легалдаштырууга багытталган механизм ишке киргизилди, салык төлөөчүлөр үчүн төлөм системасын модернизациялоо, ошондой эле салыктык башкарууну жакшыртуу болжолдонууда.
Финансылык кризис менен гана эмес, ошондой эле коммуналдык кызматтарга айрым тарифтердин жогорулашына байланыштуу, калктын аярлуу катмарын колдоо менен да шартталган, бюджеттик-салык саясаты бюджеттин тартыштыгын ИДПга карата 5,8%тен (13,6 млрд. сом) ашпаган деңгээлде кармоого багытталат. Бюджеттин тартыштыгынын мындай көбөйүшү аны жабууга тышкы ресурстарды тартууга мажбурлайт (2010-жылы бюджеттин тартыштыгы донордук колдоонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерин пайдалануунун эсебинен каржылоо күтүлөт).
Мындай шарттарда мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугунун жогорулашы жана социалдык кепилдиктер боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин өз убагында аткаруу өзгөчө актуалдуулукка айланат.
Тышкы соода жүгүртүү 2010-жылы 7%ке көбөйүү менен 4760 млн. доллардын деңгээлинде болжолдонот. Экспорттук, ошондой эле импорттук операциялардын көлөмдөрүнүн көбөйүшүнө карабастан тышкы соода жүгүртүү көлөмдөрүнүн кризиске чейинки деңгээлине (5 млрд. долл. ашуун) жетишүүгө мүмкүн болбоду. Экспорттун номиналдуу көлөмдөрүнүн өсүшү (4,8%ке) алтынга жогорку баалардын сакталышынан, ошондой эле цементтин (56,5 эсеге), тигилүү кийимдердин (9%ке) жана электр энергиясынын (5,6%ке) экспортунун кыйла көбөйүшүнөн улам болушу күтүлөт. Импортко токтолсок (8%ке) кризиске чейинки мезгилге салыштырмалуу орточо өсүш күтүлөт, ал жеке сектордун керектөө суроо-талабынын акырындап жанданышы (1,7%ке өсүш), ошондой эле энергоресурстарына жана маанилүү азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалардын динамикасы менен аныкталат.
ИДПнын өндүрүү структурасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн үлүшүн 1 п.п. (2009-жылы 46,2%) көбөйүшү күтүлүүдө, бул реалдуу өсүштүн олуттуу көбөйүшү менен (6,5%ке) менен шартталган. Бул сектор болжолдонуучу экономикалык өсүштү (5,5%ке) камсыздоодо аныктоочу роль ойнойт. Ошондой эле өнөр жайдын салыштырма салмагынын 2010-жылы ИДПга карата 2009-жылдагы 14,8%тен 2010-жылы 14,4%ке чейин бир аз төмөндөшү негизинен Кумтөрдүн ишканаларында алтын казып алуунун өсүш темптеринин басаңдашынын эсебинен күтүлөт. ИДПдагы айыл чарбасынын үлүшү да күтүлгөн 2%ке орточо өсүш темпине байланыштуу 1,2 проценттик пунктка кыскарат. Инвестициялык иш-аракеттерди күтүлгөн активдештирүү 2010-жылы курулуштун салыштырма салмагын ИДПга карата 5,7%тен 6,4%ке чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
ИДПны түзүүчү секторлорго карата реалдуу өсүштүн болжолдонгон темптери 1-таблицада келтирилген.
(1) Өнөр жайда 2010-жылы реалдуу өсүш темпи 2,7%тин деңгээлинде күтүлөт. «Кумтөрдүн» ишканаларын эсепке албаганда 2010-жылы өндүрүштүн реалдуу өсүш темпи 4% деңгээлинде күтүлөт.
Өнөр жай өндүрүшүнүн болжолдонгон өсүшүнө иш жүзүндө бардык тармактар боюнча өндүрүш темптерин көбөйтүүнүн эсебинен жетишүү күтүлүүдө. Мындай күтүүлөр баарыдан мурда өлкөнүн экономикасын турукташтырууга карата белгиленген тенденцияларга жана товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын жанданышына байланыштуу.
Алсак, кен казып алуу тармагында 2010-жылга өндүрүштүн өсүш темпи, чийки нефтини жана жаратылыш газын алуунун көлөмүнүн күтүлгөн өсүшүнүн эсебинен 3,7% деңгээлинде болжолдонууда.
Иштетүүчү өнөр жайында өндүрүштүн реалдуу өсүш темпи, негизинен айыл чарба продуктыларын кайра иштетүүдө өндүрүштүн көлөмүн (4,0%), текстиль жана тигүү өндүрүшүндө (2,6%), кокс, нефтепродуктыларын жана ядролук материалдарды (3,0%), химия өндүрүүдө (2,2%), башка металл эмес минералдык продуктыларды өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен 2,6% деңгээлинде болжолдонууда.
2010-жылы электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүүдө реалдуу өсүш темпи 3,7% түзөт деп болжолдонууда. Камбар-Ата ГЭСинин биринчи турбоагрегатын 2010-жылдын июнунда пайдаланууга берген шартта 11,5 млрд. кВт/с иштеп чыгаруу болжолдонууда.
Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн темпине олуттуу таасир этүүчү факторлор: (1) суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, (2) Кыргызстандын тарифтик (3) инвестициялык саясаты болуп саналат.
1-таблица
2010-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
күтүлгөн көрсөткүчтөрү
Көрсөткүчтөр
| Өлчөө бирдиги | 2010-жылга (күтүлгөнү)(1) |
Номиналдуу ИДП | млн. сом | 235011,4 |
ИДПнын реалдуу өсүш темпи | % | 105,5 |
Дефлятор | % | 113,4 |
Өнөр жай(*) | млн. сом | 116567,3 |
өсүш темпи | % | 102,7 |
Айыл чарбасы | млн. сом | 124457,1 |
өсүш темпи | % | 102,0 |
Курулуш | млн. сом | 47217,7 |
өсүш темпи | % | 117,6 |
Кызмат көрсөтүүлөр | млн. сом | 205795,4 |
өсүш темпи | % | 106,5 |
Өткөн жылдын декабрына карата ИПЦ | % | 111,5 |
Өткөн жылга карата ИПЦ | % | 110,5 |
Алмашуу курс (орточо жылдык) | сом | 45 |
(*) - сатып алынган электр энергияны жана газды эсептебегенде чийки сырьену кайра иштетүү наркын эсепке алуу менен.
(2) 2010-жылы айыл чарбасында реалдуу өсүш темп 2,0%тин деңгээлинде күтүлүүдө. Экономиканын бул секторунда анча көп эмес өсүш 2009-жылы өндүрүштүн өсүшүнүн жогорку көрсөткүчтөрү менен байланыштуу. Айыл чарба өндүрүшүнүн жогорку өсүш темпин күтүүлөрдө өндүрүштү интенсификациялоосуз эки-үч жыл катары менен белгилүү бир тобокелдиктер болот.
(3) 2010-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн реалдуу өсүш темпи артыкча рыноктук кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын туруктуу өсүшүнүн жана 10,2% деңгээлинде болжолдонуп жаткан калктын акчалай кирешесинин туруктуу өсүшү менен кармалып туруучу аларга тийиштүү болгон суроо-талаптын өсүшүнүн эсебинен 6,5%тин деңгээлинде болжолдонууда.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өнүгүүсү негизинен сооданын, автомобилдерди оңдоо, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуудагы предметтерди оңдоо (8,2%), транспорт (3,4%), байланыш (18,1%) кызматтарынын өсүшүнүн, ошондой эле ири чекене соода жүргүзүүчү ишканалардын жана тармактарынын андан ары өнүгүүсүнүн жана көрсөтүлүүчү кызматтардын модернизацияланышынын эсебинен камсыздалат. Сооданын өсүшү керектөөчү кредитти орточо көбөйтүүдө калктын аманаттарынын ченемин төмөндөтүү менен кармалып турат.
(4) Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн болжолдонгон көлөмүнө жараша курулуштун дүң продукциясы 17,6%ке реалдуу өсүш менен күтүлүүдө. Курулушта артыкчылыктуу багыттары транспорттук магистралдын, кен казып алуу жана энергетика тармактарынын объекттери, ошондой эле турак жай жана социалдык чөйрөнүн объекттерин куруу болот. 2010-жылга болжолдонгон жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү улуттук деңгээлде кандай болсо региондук деңгээлде ошондой эле өлкөнүн жалпы экономика жана курулуш секторунун өнүгүүсүнө кошумча түрткү берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 562 токтому менен бекитилген 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын турак-жай курулушунун улуттук программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан турак-жай рыногун түзүүнү эске алуу менен жарандардын турак-жай көйгөйлөрүн чечүү үчүн 2010-жылдын аягында республика боюнча жалпысынан турак-жай фондун реалдуу көбөйтүү бир адамга 12,34 кв.м жалпы аянт менен орточо камсыз кылуу аркылуу 68,7 млн. кв.м жалпы аянтка жетет.
2010-жылы пайдалануу боюнча ИДПнын структурасында түпкү керектөөнүн салыштырма салмагынын кыскаруу жана дүң инвестициялардын үлүшү бир аз көбөйүү менен накта экспорттун көрсөткүчүнүн жакшыруу тенденциясы сакталат (таблица 2).
Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын (2009-2011-жылдар) иш чараларын жүзөгө ашыруу негизинен жеке инвестициялардын агылып келишинин (15,3%ке өсүш) 2010-жылы дүң иивестициялардын реалдуу өсүш темпи 12,4%ке чейин өсөт. Мында мамлекеттик инвестициялардын өсүш темпи иш жүзүндө 2009-жылдын (өсүш 3,0%) деңгээлинде калат. Инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунун 2009-жылы башталган иш-аракетинин да кыйла мааниси бар.
2-табл.
Пайдалануу боюнча ИДПнын структурасы
Көрсөткүчтөр
| Өлчөө бирдиги | 2010-ж. (болжол)
|
ВВП рыноктук бааларда | % | 100 |
Керектөө | % | 100,4 |
мамлекеттик | % | 15,9 |
жеке | % | 84,5 |
Дүң инвестициялар | % | 24,9 |
мамлекеттик инвестициялар | % | 4,4 |
Алардан МТИ (тышкы) | % | 2,7 |
жеке инвестициялар | % | 20,5 |
Экспорт (товарлар жана фактордук эмес кызмат көрсөтүүлөр) | %
| 49,3
|
Импорт (товарлар жана фактордук эмес кызмат көрсөтүүлөр) | %
| 74,6
|
Накта экспорт | % | -25,3 |
Мамлекеттик түз инвестицияларынын инвестициялык долбоорлорун тышкы каржылоо 6,4 млрд. сомду же ИДПга карата 2,7% түзөт. Ошондой эле 2010-жылы 1,0-1,1 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө чет өлкөлүк түз инвестициялардын келиши болжолдонот. Мындай көлөмдөгү чет өлкөлүк түз инвестициялардын келиши Казакстан, Улуу Британия, Кытай, Канада жана Россия сыяктуу негизги инвестор-өлкөлөрдөгү экономикалык кырдаалдын болжолдонгон жакшырышы менен шартталган. Мында дүйнөлүк экономиканын жана жогоруда саналган өлкөлөрдүн (Россиядан тышкары) өнүгүү болжолдору салыштырмалуу түрдө ДВФнын кыйла мурдагы болжолдору боюнча жакшырды (3-таблица).
3-табл.
2010-жылга дүйнөнүн жана айрым өлкөлөрдүн экономикалык өсүштүн темптери.
ДВФнын болжолдоолору
| КМШ (Россиядан башкасы) | Улуу Британия
| Кытай
| Канада
| Россия
| Дүйнө
|
ДВФнын мурдагы болжолу (2009-ж. июль) | 3,2%
| 0,2%
| 8,5%
| 1,6%
| 1,5%
| 2,5%
|
ДВФнын жаңы болжолу боюнча ИДПнын өсүш темпи | 3,6%
| 0,9%
| 9,0%
| 2,1%
| 1,5%
| 3,1%
|
(2009-ж.) октябрь |
|
|
|
|
|
|
Түпкү керектөө 2010-жылы 3,9 проценттик пунктка кыскарат жана болжолдуу баалар боюнча ИДПга карата 100,4% түзөт. Мында жеке (3,2 проценттик пунктка) жана мамлекеттик керектөө үлүшүн (0,7 проценттик пунктка) кыскартуу болжолдонот. Жеке керектөөнүн реалдуу өсүш темпи 1,7%ти түзөт, бул орточо эмгек акынын (11,1%ке) өсүшүнун жана пенсиялардын өлчөмүнүн (15%ке) жогорулашынын натыйжасында калктын акчалай кирешелеринин (10,2%ке) көбөйүшү менен колдоого алынат.
4-табл.
2010-жылга түпкү керектөө ыкмасы боюнча ИДПнып болжолу
Көрсөткүчтөр
| Өлчөө бирдиги
| 2010-ж. (божомол) |
Керектөө | млн. сом | 236046 |
анын ичинде, жеке | млн. сом | 198591 |
реалдуу өсүш темптери | % | 101,7 |
мамлекеттик | млн. сом | 37454 |
реалдуу өсүш темптери | % | 101,4 |
Дүң топтоо | млн. сом | 58520 |
реалдуу өсүш темптери | % | 112,4 |
анын ичинде, жеке | млн. сом | 48286 |
мамлекеттик | млн. сом | 10234 |
анын ичинде, МТИ | млн. сом | 6395 |
Экспорт | млн. сом | 115747 |
реалдуу өсүш темптери | % | 102,2 |
Импорт | млн. сом | 175301 |
реалдуу өсүш темптери | % | 102,6 |
Номиналдуу ИДП | млн. сом | 235011 |
ИДПнын реалдуу өсүш темпи | % | 5,5 |
ИДПнын дефлятору | % | 13,4 |
Накта экспорттун көрсөткүчү 3 проценттик пунктка жакшырат жана ИДПга карата - 25,3%ти түзөт.
Мурдагы жылдарга салыштырмалуу орточо импорттун өсүшү (2,6%ке) жеке сектордун керектөө суроо-талабынын басаңдоо тенденциясына жараша болжолдонот. Ошентсе да экспорттун өсүшүнөн (2,2%) импорттун өсүшүнүн алдыга озушу болжолдонот.
Кыйла деңгээлдеги экспорттун көлөмү (алтындын экспортунун салыштырма салмагы экспорттун жалпы көлөмүндө 28-30%) өндүрүү көлөмүнө жана алтынга дүйнөлүк бааларга жараша боло тургандыгын эске алуу менен 2010-жылы алтынга болгон баалардын динамикасы троя-унциясы үчүн 1000-1200 АКШ долларынын чектеринде сакталышы күтүлүүдө. Экинчи жактан Кыргыз Республикасында алтын өндүрүү бул мезгилде иш жүзүндө өспөйт. Ошентип экспорттун көлөмдөрү ар түрдүү вектордук таасир менен аныкталышы болжолдонот: (а) бир эле учурда ички өндүрүштүн чектелиши менен (б) тышкы суроо-талаптын көбөйүшү. Алтынга суроо-талаптын көбөйүшү дүйнөлүк кризиске байланыштуу тобокелдиктердин сакталышын эске алуу менен болжолдонот, мында алтын запасынын дүйнөлүк валюталык резервдеринин бөлүгүн ээлеши мүмкүн.
Социалдык чөйрө
Демографиялык факторду эске алуу менен 2010-жылы иштегендердин саны 2344,5 миң адамга чейин көбөйүшү болжолдонууда, мында жумушсуздардын жалпы деңгээли калктын экономикалык жактан активдүү санынын 7,9%тин түзөт.
Жакырчылык деңгээли 25,5%ке кыскарат, бирок муну менен бирге бул көрсөткүч 2010-жылдын ичинде электр жана жылуулук энергиясына тарифтердин жогорулоо таасиринин болжолунан да кыйла күчтүү болушуна байланыштуу бир кыйла оңдолушу мүмкүн.
Калктын акчалай кирешелери 2010-жылы туруктуу өнүгөт. Калктын акчалай кирешелеринин реалдуу түрдө өсүшү 10,2%ти, ал эми алардын номиналдуу көлөмү 172,2 млрд. сомду түзөт.
5-таблица
2010-жылга болжолдонуучу социалдык көрсөткүчтөр
Көрсөткүчтөр
| Өлчөө бирдиги | 2010-ж. (болжол)
|
Жыл аягындагы туруктуу калктын саны | тыс. чел. | 5450 |
Жакырчылык деңгээли | % | 25,5 |
Жумушсуздук деңгээли, экономикалык жактан активдүү калкка карата % менен | %
| 7,9
|
Айына калктын ар бирине алганда жашоо минимумунун нарктык чоңдугу | сом
| 3750
|
Эмгекке жарамдуу калкка | сом | 4100 |
Иштегендердин бардык категорияларынын орточо эмгек акысы | сом
| 7614
|
- реалдуу өсүш темпи | % | 111,1 |
- эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимумунун наркына карата % менен Калктын номиналдуу акчалай кирешеси | %
млрд. сом | 185,7
172,2 |
- реалдуу өсүш темпи | % | 110,2 |
Түзүлгөн тенденцияларга жараша реалдуу эмгек акы 11,1%ке өсүшү жана 7614 сомду түзүшү күтүлөт.
Калктын кирешелеринин көпчүлүк бөлүгү керектөөгө сарпталат, анын үстүнө 2010-жылы керектөө артыкчылыгы кыйла арзан товарлар жагына өзгөрүшү болжолдонот, бул электр жана жылуулук энергиясына тарифтердин жогорулашы менен да шартталган.
(1) Өсүш темптери кошумча дүң наркка ылайык келтирилген.
|
|