Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-октябры №633
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында түзүлүүчү социалдык үйдү зарыл мүлк менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы №827 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомго "Райондук маанидеги Шопоков шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объекттердин тизмеси" деген 6-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
Мурдагы балдар консультациясы имараты (Шопоков көчөсү, 8) | 1 | 83,500 |
|
№ 106 кесиптик лицейдин жатаканасынын бошотулган имараты(Совет көчөсү, 3) | 1 | 415,033 |
|
".
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарынын шаар башкармалыгына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |