Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 15-майындагы № 297 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-октябры № 644
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелеринде 2008-2010-жылдарга көмөкчү чарбаны жана өндүрүштү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Жазык аткаруу тутумунун мекемелерин айыл чарба продуктулары менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелеринде 2008-2010-жылдарга көмөкчү чарбаны жана өндүрүштү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
- 3-пунктунун үчүнчү абзацы "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ачык типтеги акционердик коомунун" деген сөздөрдөн кийин ", Машина сыноочу станция" ачык акционердик коомунун" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |