Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябрындагы № 659
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 236 «Бишкек шаарынын «Жал» кичи районунда көп кабаттуу 72 квартиралуу турак үйдү куруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 236 «Бишкек шаарынын «Жал» кичи районунда көп кабаттуу 72 квартиралуу турак үйдү куруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктундагы «отуз» деген сөз «элүү» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 3-пунктунун экинчи абзацындагы «Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Көп кабаттуу турак үйлөрдү капиталдык куруу жана инвестициялар башкармалыгы» деген сөздөр «Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргызгаз» акционердик коомунун Бишкек шаардык газ чарба башкармасына жана «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасына турак жайды долбоорлоонун жана куруунун заказчысына - Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасына жылуулук жана газ менен камсыздоонун инженердик тармактарын кошууга техникалык шарттарды берүү маселесин чечүүдө техникалык жактан жардам көрсөтүү сунушталсын.».
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |