Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 20-майы № 236
Бишкек шаарынын "Жал" кичи районунда көп кабаттуу 72 квартиралуу турак үйдү куруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 659, 2014-жылдын 19-мартындагы № 163 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлеринин социалдык жана тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында, Бишкек шаарынын "Жал" кичи районунда көп кабаттуу турак үй куруу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 1-октябрындагы № 683 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин турак үйдүн сметалык наркынын жүз пайызы өлчөмүндө, анын ичинен турак үйдүн сметалык наркынын 75 пайызын кайтарып берүү негизинде 2008-2015-жылдарга республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Бишкек шаарынын "Жал" кичи районунда министрликтин кызматкерлери үчүн 72 квартиралуу турак үй (мындан ары - турак үй) куруу жөнүндө сунушуна макулдук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 659, 2014-жылдын 19-мартындагы № 163 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине коммерциялык банктын каражаттарын турак үй курууда үлүштүк катышуу үчүн белгиленген тартипте тартууга уруксат берилсин.
3. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- турак үйдү долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасы болору;
- курулуучу турак үйдөн квартира сатып алууга мамлекеттик кызматта турган жана республикалык бюджеттен ипотекалык субсидия алууга муктаж болгон адамдардын тизмесин түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептелери.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Ипотекалык кредиттөө шарттарында курулган туракжай сатып алууга алгачкы взносту же проценттик ставкаларды төлөө үчүн республикалык бюджеттен субсидия алууга муктаж болгон адамдардын тизмесин түзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-декабрындагы №889 токтомун ипотекалык субсидия алууга муктаж болгон адамдардын аталган тизмесин түзүүдө жетекчиликке алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик турак үй курууда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине техникалык көмөк көрсөтсүн.
«Кыргызгаз» акционердик коомунун Бишкек шаардык газ чарба башкармасына жана "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасына турак жайды долбоорлоонун жана куруунун заказчысына - Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасына жылуулук жана газ менен камсыздоонун инженердик тармактарын кошууга техникалык шарттарды берүү маселесин чечүүдө техникалык жактан жардам көрсөтүү сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |